2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүнө карата "Талант ээлерине таазим" аталышындагы онлайн баяндама

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм тармагында  11 500дөн ашык  кызматкерлер  эмгектенет. Алар филармония, цирк, консерватория, китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары, кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.Маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери 2-ноябрда белгиленип келүүдө. Бул күндүн тарыхына кайрылсак ,  1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу пьесасы сахналаштырып  коюлушуна байланыштуу тандалып алынган."Кыргыз маданиятынын тамыры терең, тарыхы кенен, уңгусу бекем. Бул бабалар мурасы азыр да опол тоодой  кубаттуу жүк көтөрүп, коомубузду өнүктүрүүнүн факторлорунун бири, жаш муундарды тарбиялоонун негизи болуп саналат. Улуттук маданиятыбыздын унутта калтырбай, аны андан ары өнүктүрүп, заман агымына жараша улам жаңы-жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан искусствонун бардык тармактарынын – музыкалык искусство, аспаптык аткаруучулук, вокалдык искусство, театр искусствосу, балет, көркөм сүрөт искусствосу, кол өнөрчүлүк жана башка маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет", — деп айтылат – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  куттуктоосунда..

Садыр Нуркожоевич  Жапаров элди эзелтен берки кыргыз элинин салттуу бай мурасы менен сугарып, мекендештердин дүйнөлүк жаңыланууга умтулуусун, Ата мекенине, кылымдарды карыткан улуу элине, баа жеткис мурас  улуу “Манас” эпосуна болгон сый-урматын арттырган дал ушул маданият жана искусство кызматкерлери экенин баса  белгиледи.

"Кыргыз эли искусствонун беш салаасы: музыка, сүрөт-скульптура, театр-кино, көркөм бий, адабият тармагынан дүйнөгө не бир чыгаандарды берди. Мына ошондой жалпы элдин жарпын жазып келген кыргыз маданият тармагынын дөө-шааларынын жолун улап, искусствонун ар кандай багыты боюнча эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып, Ата мекенибизди бүткүл ааламга даңазалап келаткан уул-кыздарыбыз бар экени кубандырат", — деген өзүнүн куттуктоосунда.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан маданият кызматкерлерине  колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанда маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100 пайызга чейин көтөрүлгөнүн эске салабыз.

"Сиздер ар күнү, ар бир көз ирмемде элдин жакшылыгын, кайгы-кубанычын бөлүшүп, жан дүйнөсүнө майрам тартуулап келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын деп тилек кылам. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди, түгөнбөс эргүү каалайм!" — деп мамлекетибиздин президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров айткандай  маданият кызматкерлери майрам  күндөрү   да эс албастан  калайык калкка жагымдуу маанай тартуулоо үчүн эмгектенип келесиздер. Ошол эмгектин үзүрүн көрүп  убагында мамлекеттик сыйлыктарды, наамдарды  алуу –Сиздер үчүн чоң колдоо жана да- эргүү  тартуулайт.

“Табийгат талант берген адам акылдуу эмес, ошол талант тартуулаган мүмкүнчүлүктү толук жана туура пайдалана билген адам акылдуу” –деп  Рахель айткандай  талантына талыкпаган эмгегин сиңирген  маданият кызматкерлери – Сиздерге  чоң- чоң  чыгармачылык ийгиликтерди, эргүүлөрдү, ден соолукту, уй-бүлөлүк бакытты каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун! Аман болуңуздар! Эмгегиңиздер дайыма калайык калк, мамлекетибиз  тарабынан  баалана берсин!

 

Даярдаган:                            Жунусалиева Ж.О


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.