21-февраль Эл аралык эне тил күнү - Эне тил жана руханий маданият

Эне тил жана руханий маданият

    Тилдер жалпы адамзат коомунун материалдык, маданий мурастарын сактап калуунун, өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы болуп саналат. ЮНЕСКОнун берген иликтөөсү боюнча дүйнөдөгү 6000ден ашуун тилдердин жарымынан көбү жакын арадагы жылдарда өздөрүнүн алып жүрүүчүлөр тарабынан жоголуп кетүү коркунучунда. Дүйнөдөгү ар бир улуттардын эне тилдерин өнүктүрүүнүн , сактап калуунун рычагдарын өркүндөтүү, бекемдөө улуттардын тилдеринин көп түрдүүлүгү билим-тарбия берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Дүйнө боюнча тилдерди таанып-билүү жана элдердин маданият багытындагы традицияларын бекемдөө-адамзат жашоосундагы эң негизги милдет. Анткени ар бир тилдин өзүнчө дүйнөсү бар.

Алардын баары тең ар бир улуттун каада-салтын, маданиятын, үрп-адаттарын аныктай турган касиети болот. Мына ошондуктан ар бирибиз кайсы улуттан болбойлу, эне тилибизди балалыктын алгачкы күндөрүнөн баштап, жан дүйнөбүзгө сиңиришибиз керек. Ал биздин ой-сезимибизди тереңдетип, өстүрүп отуруп, маданий-руханий деңгээлибизди калыптандырат. Атуулдук жоопкерчилигибизди тереңдетет.

Тилдер адамзаттын руханий жан дүйнөсүнүн борборунда. Алар жаралат, өнүгөт ж-а кээде өлүмгө дуушар болушат. Аларды коргоо ж-а адамзаттын баа жеткис маданий ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. БУУнун дискавери ж-а ЮНЕСКО менен өнөктөштүгү бүткүл дүйнөдөгү адамдарга адамзаттын өтө бай маданий мурасынын бөлүгү катары жок болуп кетүүчү тилдердин сакталып калышынын маанилүүлүгү жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берет.

Дүнөдөгү бардык улуттардын эне тилдери- ошол улуттардын эне тилин, маданий мурастарын сактоонун ж-а өнүктүрүүнүн  негизги каражаты болгондуктан, дүйнөдөгү бардык тилдерди сактоонун маанилүүлүгү ж-ө дүйнөлүк коомчулукка маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ар бир улут өз мүмкүнчүлүктөрүн сарптоосу башкы маселе экендигин бүгүнкү кырдаал белгилеп отурат. Анткени, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк улуттар өздөрүнүн эне тилин маданий мурастарын жылдан-жылга жоготуп жаткандыгы  ачуу чындык. Кайсы бир учурда тилдердин туу чокусунда турган 7-8 миңге чукул ар кандай тилдер бар экени аныкталган. Бүгүн алардын тең жарымы жоголуп кетүү алдында турушат, окумуштуулар аларды документтештирүүгө үлгүрө алышпай , азыркы муун болсо маани беришпей келишүүдө. Акыркы аныктоолор жана эсептөөлөр боюнча дүйнөгө белгилүү болгон 6000тилде аз эле адам сүйлөп калды.Бул тилдердин жарымын 10000ден азыраак адамдар колдонушат. Ал эми ошол 6000тилдердин төрттөн бир бөлүгү бар болгону 1000дей гана адамдар колдонушат.

Эгерде ушул өңүттөн алып караганыбызда биздин өзүбүздүн кыргыз улутундагы жарандарыбыз эл аралык ишенимдүү эксперттердин эсептөөлөрү боюнча бүгүнкү күндө 1млн 300миңден ашуун кыргыз тилин, эне тилин билишпейт, башка тилдерде сүйлөп калышкан. Албетте, бул жагдай өтө кооптуу,өтө опурталдуу болуп калды. Кыргыз элинин,кыргыз улутунун 5тен бир бөлүгүнөн ашууну бүгүн эне тилин жоготуп алышты.Бул өкүнүчтүү көрүнүш жылдан жылга өсүп бара жатат. Демек, биз кайда бара жатабыз?Бул орчундуу маселеден ар бир кыргыз ачуу чындыкты ачык айтуудан тайсалдабашыбыз керек!

Албетте, өз эне тилине өгөй мамиле жасагандар, эч качан кыргыз элинин нарктуу, насилдүү инсаны боло алышпайт! Бул кашкайган чындык! Ошондуктан ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген, эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил, татыктуу инсанды калыптандыруу баардыгыбыздын милдетибиз.

«Улуттун келечеги  тилинде» демекчи эртеңки келечек үчүн Кыргызстандын ар бир жарааны мамлекетти сыйлап, анын тилин, маданиятын, тарыхын сактоого мекенчил болууга аракет кылып, кийинки муунга үлгү болушубуз керек.  Эне тил  майрамыңыздар кут болсун!

ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан.

Чыңгыз Айтматов: Ар бир тил – өз элине улуу

Улуттун тили дайыма элдин улуттук руху менен тыгыз байланышта. (А. Н. Толстой)

Чет тилдерди үйрөнүү – эне тилди байытат, аны ачык, даана, ийкемдүү, көркөм кылат. (Н. К. Крупская)

Жусуп Баласагындын айткандары

Илим менен билимге көпүрө – тил,

Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

Тил адамды бакытка бөлөп салат,

Тил адамды шорлотот башын алат.

Тил арстан босогоңдо комдогон

Бошоп кетсе, өзүңдү да жеп койгон.

Миң сан калкты Теңир өзү жаратты,

Тилдүү сүйлөп, тилсиз үнсүз карашты.

Тирүү жанга эки нерсе керектир,

Бири – тили, бири – дили ак көңүл.

 

Даярдаган:         Өмүр кызы Зуура


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.