Нооруз, Новруз, майрамы, иш чара, сценарий, ценарий, этностор, аралык,  жолугушуу, иш чара, жүрүшү, аластоо, алас, саламдашуу

83.38 КБ -

21-март - Нооруз майрамына иш чарага сценарий

Алып баруучу: Саламдашуу ...

Кымбаттуу окурмандар, кадырлуу коноктор!  КРнын Президенти тарабынан жарыяланган  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгы жана  Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук програмсынын алкагында 21- март Нооруз майрамына карата «Кең ааламга тараган керемет майрам - Нооруз»  аттуу Нарын шаарындагы этностор аралык  жолугушуу кечебизе кош келиңиздер!  

Кеченин максаты  байыркы мамлекетибиздин башатындагы майрам-улустун улуу күнү Нооруздун тарыхынан  маалымат берип, анын адамдарга болгон ниет тилектерин ачып көрсөтүү, жана жаш муундарды эл жерди урматтоого, жаратылышка айлана чөйрөгө  аяр мамиле жасоо менен аны көздүн карегиндей сактоого үндөп мекенчилдикке, ыймандуулукка жана улут аралык биримдикке, ынтымакка, адамгерчиликке тарбиялоо.

  Нооруз майрамыныздар куттуу болсун, 

  Үйүңөргө бакыт консун.

  Башыңарга баш кошулуп,

  Даныңарга дан кошулсун.

Урматтуу биздин меймандар! Жаз алдынан кылтыйып чыккан байчечекей, кайкып учкан чабалекей, балдыр тили балдай татыган бала, бетинен нур тѳгүлгѳн мээрман эне, кажыбаган кайратман ата, деги бүт жаратылыш, жан жаныбар да, жаз келгенде жанданып, ажарланып кѳркүнѳ чыгат. Мына ушундай күндѳ, күн менен түң теңелгенде жакшылыкты, токчулукту койнуна кысып, кут менен шат кылып Нооруз келет.

Борбордук Азия элдери байыртадан эле аздектеп келген, эң бир сүймөнчүктүү майрам. Нооруз майрамы элдик эсеп боюнча жаңы жылдын келиши. Бул мезгил күн менен түндүн теңелишине тура келип, ошондуктан майрам 21-мартта белгиленет.

Нооруз – жаңы күн дегенди билдирет  себеби, ушул күн узарып, кышы менен жаткан жердин тоңу кетип, бозоргон жер бетине жан кире баштайт, жер жарылып көк чыгат.

 Ошондуктан, Нооруз жаркыраган жаздын, жашарган көктөмдүн, жакшы үмүт тилек менен биримдүүлүктүн, кайрымдуулук менен боорукерликтин майрамы катары эсептелип, ушул күнү дасторкон кенен жайылып, Үй ичин, короону, бак-шактарды арча күйгүзүп аласташкан. Анда кечебизди ата бабабыздын салты  боюнча Умай эненин  аластоосу менен баштайлы.

Аластоодо:

Алас, алас, алас,

Ар балээден калас!

Жакшылыкты Теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди..

сыяктуу каалоолор, ой-тилектер айтылган.

А.Б.: Ушул күнү Баба Дыйкандан мол түшүм сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишет. Ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бирин сыйлашып, таарынычтарын жазып, кечирим сурашкан, көкүрөгүндө кир калбагыдай дилин тазартышкан. Мына ушунусу менен Нооруз барктуу жана нарктуу. Нооруз жыл башы болгондуктан улуттук майрамдардын эң улусу жана эң эле салттанаттуусу. Анда бүгүнкү кечеге келген меймандар менен тааныштыра кетели_____________________________________________________________________________

Анда азыр кечени ачып берүү үчүн сөздү___________________________ берели.

Кыргыз эли эзелтеден белгилеп келген бул улуттук майрам бир кездерде дин майрамы катары берилип келсе, кийинки жылдары демократиянын шарданы менен кайрадан жанданып, өз деңгээлинде майрамдалып келе жатат.

Тарыхта Бакай Манас бабаларың,

Кел Нооруз кыргыз жерин аралагын.

Калың журттун каймактуу бир күнүсүң,

Касиетин кетпес жүрөк көңүлдөн.

Анда  Манас эпосунан үзүндү Ж.Чолпонбаев атындагы Орто мектебинин окуучусу: Жекшенбеков Нурмат.

Эмесе азыр сиздердин астыңыздарда улуттук салтты унутпай улоо, үйрѳнүү, ата-салтын кадырлоо максатындагы кыргыз элинин улуттук каада салттары:  кол өнөрчүлүк, чач өрүү салты улуттук тамак ашы жана улуттук оюндары жөнүндө маалыматка кезек берсек:

1.Чач өрүү:  Курманалиева Б.

2 Кол өнөрчүлүк боюнча: Такырбашова Ж.

3. Улуттук тамак аш (Куурма чай): Бексултанова Ж.

4. Улуттук оюндар (Упай, беш таш): Кулжанова Ж.

 

Жаңы жылга жаз мезгили жарашкан,

Жашыруун сыйкыр нурун тараткан.

Ушул күнү күн менен түн теңелип,

Күн узарат жан жаныбар самашкан.

 

Нооруз жөнүндө ырларды көркөм окуу №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин окуучулары: Көркөм окуу.

Нооруз майрамын негизинен башка элдерде бир аз гана өзгөчөлүктөрү болбосо бирдей эле майрамдалып келет.

Ар бир элдин каада салты ыры бар Башка элдерге байкалбаган сыры бар демекчи анда азыр кыргыз элинин өкүлү УЦадан келген кыргызга, казак, ооган, пакистан, уйгур элинин өкүлдөрүнө берсек_____________________________________________ 

А.Б.: Жыл жаңырып бүчүр бүрдөп дарактан,

Куштар сайрайт көчө бойлоп баратсаң.

Нооруз майрам жаңылануу майрамы,

Жан дүйнөдө үмүттөрдү жараткан.

Анда кезекти Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин окуучулары  _________________ күүсүн аткарып берсин.

 А.Б.:  Нооруз майрам жаңы жылы элимдин,

Берекесин арттырып кел жеримдин.

Жакшы тилек үмүттөргө жарашкан,

Жаратылыш майрамындай сезилдиң.

Көктөм майрамы жергебизде көөнөрбөгөн түбөлүктүү дөөлөттөрдүн урагыс кенчине айланып, түбөлүккө жарыгын чача берсин, Жаз жыттанган Ноорузубуз дүйнө элин тааныган тамшанган улуу майрам катары атак даңкы ай ааламды аралай берсин Арыба, Нооруз ак жолуң ачылсын.

Келе бер баарыбызга бакыт каалай дегендей жакшы ниет, жакшы үмүт менен бүгүнкү салтанатыбызды жыйынтыктоо алдында Айтылган каалоо тилектер кабыл болсун дейлида сиздер үчүн жагымдуу музыкалык ыр десте суналы.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!