21-Март - Нооруз майрамынын тарыхы

Кыргызстандыктар Ноорузду 32 жылдан бери салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келсек дагы, анын мааниси жана келип чыгышы тууралу маалыматтарыбыз бир аз бүдөмүк боюнча калууда. Ошол себептен Кыргыздар китебинин 6-томдугунда Амантур Абдырасул  уулунун кытай китебинен которгон Нооруз майрамынын келип чыгыш тарыхы тууралуу маалыматты бермекчибиз.

Ар жылы 21-мартта кыргыздардын жөрөлгөлүү майрамы болот. Бул майрам тууралуу газета журналдарга көп эле жазылды. Тек кээ бир байланыштуу тарыхый материалдарга негизденип, Нооруз майрамынын келип чыгышы, өнүгүшү жана азыркы абалга жетиши жөнүндө гана азыноолак айтып кетели. Нооруз майрамын өткөрүү жалан гана кыргыздарга таандык эмес, мамлекетибиздеги түрк улуттарынын бардыгы бул майрамды өткөрөт.  Ал гана эмес Иранда да Нооруз майрамы майрамдалат. Ал эми биздин бул майрамды кыргыздын жөрөлгөлүү майрамы деп аташыбыздын да бир себеби – кыргызды бул майрамды өткөрүү тарыхы башкалардыкынан бир кыйла узун. Нооруз майрамы шамсия жыл эсеби боюнча ар жылы жыл башында өткөзүлүп, ал жаны жыл деген маанини берет. Демек жыл болгон сон анын жыл эсеби болот. Кыргыздар түрк улуттарынын ичинде күн, ай, мезгил жылдарды жана он эки мүчөлдү эн алгач, ары эн кемелдүү колдонуп келген байыркы улут болуп эсептелет. Кыргыз илимпозу Анвар Байтур сыяктуулар да муну изилөө аркылуу далилдеген.

Кыргыздын жыл эсеби жөнүндө таң доорунда жазылган кытайча китеп «Тынч аалам-кыргыздар» да, Кыргыздардын жыл эсебинде жыл башы Нооруз деп аталат; алар айды ай дейт. Үч ай бир мезгил болуп, мезгилде жаз, жай, күз, кыш деп төрткө бөлүнөт. Кыргыздар жылды 12 мүчөл менен эсептешет, мисалы: «з» жылын чычкан жылы, «шин» жылын түлкү жылы дешет…..

Мындай жыл эсебинин пайда болушу жөнүндө мамлекетибиздин сун доорундагы караханидде каганатынын атактуу илимпозу Махмуд Кашкаринин «Дивани логатит түрк» аттуу чыгармасында мындай бир кызыктуу болумуш келтирилет: «Байыркы замандын түрк кагандарынын бири өз эмгегин кийинкилерге калтырып кетмекчи болот.Бирок ал кезде жыл эсептөө болбогондуктан, ай-күндү (убакытты)  жазууга амалсыз калат. Ошону менен ал вазирлерин баштап дайранын жээгине ууга чыгып, андагы айбанаттарды дайранын аркы өйүзүнө карай айдайт. Айбанаттардын жээкке чыгуу тартиби боюнча он эки жаныбардын аты жылдын аты болуп калат».

Бул жыл эсебинин жаралышы тек ошол кездеги каганат үчүн зор иш болуп кана калбастан, адамзат маданиятына кошкон эбегейсиз салым, жадырап ачылган маданият гүлү болуп эсептелет. Айтмакчы байыркы кыргыздар жогоркудай жыл эсептөө башталгандан тартып ар жылы ошол күнү куттуктоо кыймылдарын өткөзүп, бул чоң мааракени майрамдап келишкен.

Ушул жыл эсептөөнүн башка улуттарга таралышына ээрчий мамлекетибиздеги байыркы түрк улуттары аны колдоно баштаган.

Демек, ушуга карап олтуруп Нооруз майрамынын келип чыгышы кыргыздардын жыл эсеби менен байланыштуу. Мындайча айтканда, Нооруз майрамынын пайда болушу алды менен кыргыздардын жыл эсебинен келип чыккан деп карайбыз. Ошондой эле Нооруз майрамы кыргыздардын эмгек өндүрүшү менен байланыштуу деп да карайбыз. Мен өзүмдүн бул көз карашымды кыргыздар Нооруз майрамында жечү «көжө» тамагы аркылуу ырастагым келет. Кыргыздар Нооруз майрамында жети түрдүү данды кошуп, көжө жасашат. Ары айыл-апасына чакырып көжөнү чогу ичишип жаны жылда мал-жандын амандыгы үчүн тилек тиленет.

Нооруз майрамында эмне үчүн кыргыздар көжө ичишет? Бул тууралуу кыргыздарда мындай уламыш бар.  

         - Бир жылы кышкысын аябай суук болуп, суу тоңуп калгандыктан тегирмен жүгүртүүгө мүмкүн болбой калат. Ошону менен кыргыздар данды бүкүлү кайнатып жеп күн өткөрүшөт. Кийинки жылы муз эрип, жер жумшап, жайлоонун жери жашылданып, малы семиз болуп, ак төөнүн карды жарылган берекелүү жыл болот. Ошону менен калын кыргыз жылдын мындай келишин көжө ичкендиктен болду деп эсептеп, ар жылы Нооруз майрамында айыл боюнча ак тилегин айтышып көжө ичип, Жаңы жылды куттукташат.

Ал эми биз Нооруз майрамын кыргыздардын эмгек жана өнүрүршү менен байланыштуу дедик. Биз мунун Нооруз майрамынын убактысы менен далилдейбиз. Нооруз майрамы менен эле жаз жарышы башталып, төл алуу мезгили болот. Ошондуктан майрам мезгилинде кыргыздар өздөрүнүн өндүрүш тажрыйбаларын алмаштырып, жаны жылда жакшы ой-пикирлерин ортого салат. Нооруз майрамы байыркы кыргыздардын диний ишеними менен да байланыштуу. Байыркы кыргыздар бир түрдүү башталгыч динге ишенишип, суу, тоо пирлерине айрыкча от пирине сыйынып келишкен. Жаны жылды тосуп алчу Нооруз майрамында ак тилегин айтышып, баардыгы кечиндеси «алас-булас» айтышып, оттон секиришкен. Эртеси тан атаары менен  үй ээлери ысырык салып, үй-бүлөсүнүн, мал-жандыктын башынан үч жолу тегеретип, короону үч айланып, жин шайтандан сактанган, ошого биз Нооруз майрамын кыргыздардын жыл эсеби, өндүрүштүк эмгеги жана диний ишеними менен тыгыз байланыштуу деп карайбыз.

 Нооруз майрамы кыргыздын салттык майрамы болуу менен катар байыркы замандан тартып, азыркы заманга чейин болгон аралыкта өзүнүн өнүгүү, өзгөрүү жана көтөрүлүү, басаңдоо тарыхын басып өттү. Нооруз майрамы алгач кыргыздардын жыл эсебинин пайда болгонун гана куттуктоо кыймылы болуп эсептелсе, кийин тарыхтын өнүгүшүнө ээрчий ал акырындап отуруп, кыргыздардын өндүрүш, диний ишеними менен тыгыз байланышып, ага кыргыздын ак тилеги сиңди.

 Кыргыздардын Нооруз майрамы кайсы доордон бери өткөрүлүп келгендиги тууралуу азырынча так маалымат болбосо да, кыргыздардын кем дегенде сүй сулаласы (581-618-жылдар) доорунан тартып Нооруз майрамын өткөрүп келгендиги, таң сулаласында Нооруз майрамын өткөрүү кыргыздарда абдан өрчүп, кийин  бул майрамды кыргыздар гана эмес, башка түрк улуттары өткөргөндүгү маалым. Таң доорунда кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат деп эсептечү. Нооруз салтанатында кең кеткен Энесай жайлоолорунда арстан ойнотуп, төө чаап, ат үстүндө түрдүү чеберчиликтерди көрсөтүшчү. Нооруз салтанатынын көлөмү абдан чоң болгондуктан ага бир эки эле айыл катышпастан, бүткүл кыргыз уруулары катышып, майрам аябай кызыктуу өтчү. Кийин турмуш жагдайдын өзгөрүшүнө карата майрамдын мазмуну, формасы жана көлөмү жагынан өзгөрүш боло баштады.

 Кыргыздар Энесайдан Памирге көчүп келишкенден кийин да Нооруз майрамын өткөрүп жүрүшкөн болсо да, бирок майрамдын көлөмү Энесайдагыдай чон болбоду. Кыргыздардын Нооруз майрамы Ирандыктардын жаңы жылына, Кытайлардын чуңяң майрамдарына окшоп кетет. Кыргыздар Нооруз майрамын үзбөй өткөрүп келишкен.

  Нооруз  Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алгандан бери гана майрамдап келет.

  Жаз майрамынын лирикасын образдуу туюнткан «Жер-Эненин тоң көөдөнү жибип, эмчеги ийиген күн», «Көк-кут көзүн ачкан күн», «Жер бетин жакшылык уялаган күн» сыяктуу  учкул сөздөр кыргыз элинин эсинде дагы эле элестүү сакталууда.

  Кыргыздар баардык Борбордук Азия калктарындай эле Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы теңелген күнү белгилешкен.  Бул майрам үчүн адатта күн мурунтан даярданышып, бири-бирине бакыт-таалай, ырыс, тынччылык менен жыргалчылыкты каалашып, элдешишип, таарынычтарды кечиришип, күнөөлөрдөн тазалануу, өмүр менен кош айтышкан тууган жана жакын адамдарды эскерүү менен бирге өзгөчө  маанайда салтанаттуу өткөрүшкөн.

 

Албетте, мурда элибиз Нооруз майрамдын кандайча өткөргөндүгүн бүгүн толук калыбында сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес, ошентсе да бул учурда уюштуруучулар менен катышуучулардын чыгармачылык өнөрү  (импровизациясы) ашып-ташкындаганы шексиз. Бирок, жаңы жылдык таттуу тамак катары таанылган – сүмөлөк жана улуттук тамак – чоң көжө менен тууган-досторду түн бир оокумда сыйлоо - майрамдын милдеттүү атрибуту болуп саналган. Анан жаңы жылдын келиши менен табакка салынган кургак арчанын талын чатырата күйгүзүп, аңкыган анын жыты менен боз үйдүн ичин аласташкан. Мындай учурда келме сөздөр айтылган:

Нооруз майрамы Совет доорунда да өксүй түшкөнү менен 1986-жылы кайра куруу мезгилинде  кайрадан жанданып, 1991-жылы 1-февралда  Жогорку Кеңеште кабыл алынып,  Президенттин чечими  менен расмий түрдө  элдик майрам катары белгиленип келет.

2009-жылы Нооруз UNESKO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

 

Даярдаган:  А.Акматова

 

Колдонулган адабияттар:  

Кыргыздар 6-том. Мезгилдүү басылмалар.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!