5-МАРТ - АК КАЛПАК КҮНҮ | ТАРЫХЫ | ЖАЗАЛЫШЫ | СИМВОЛИКА

Жыл сайын 5-мартта Кыргыз Республикасында улуттук баш кийим ак калпактын урматына “Ак калпак күнү”  белгиленип турат. Бул күн  Жогорку Кеңештин 2016- жылдын 29- июнундагы №825/6 - токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан кыргыздын улуттук баш кийими. Калпак аркылуу кыргыз элиңди, ак -мөңгүлүү Ала-Тоо жериңди, ак пейилдүү адамгерчилигиңди таанууга болот деп айтып келишкен. Мындай баш кийимибиз менен башка улуттан өзгөчөлөнүп турабыз. ”Бабабыз кийген ак калпак, баркына жетип жүрөлү” деген ыр саптары баш кийимдин баркын арттырат.

Калпак баш кийимин илгертеде ата-бабалар өтө урматтап, баалашчу. Ак калпак кыргыз элинин эң көрүнүктүү, салттуу баш кийими катарында байыртадан тартып, ушул күнгө чейин сакталып кийилип келет. Эзелтеден эл ичинде ак калпактын баа баркын даңазалаган нечендеген акындардын ырлары, улуулардын насаат сөздөрү жана элдик макал-лакаптар айтылып келет. ”Калпакты жерге койбо”, ”Калпагыңды жоготсоң башыңды жоготосуң”, ”Калпагыңды сатсаң акылыңды сатасың” ж.б. накыл сөздөрдү айтсак болот. Ак кийизден жасалган кыргыз калпактын касиетин айта берсе абдан көп. Кыргыз ак калпагы күз, жазда жылуу, ысыкта салкын баш кийим. Кыргыз уз аялдардын колунан жаралган ак калпак жаратылыштын ыңгайына, турмуштук шартка жана адамдардын даражасына,жашына,салабатына жараша ар көлөмдө, түстө жаралган.

 

КАЛПАКТЫН ЖАЗАЛЫШЫ

Калпак ак кийизден жазалат. Койдун уяң жүнүн жууп тазалап, кийиз жазап, даяр болгондон кийин көркөмдөп бычып тигишкен. Оюлуп алган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл кездемелерден кыюу коюп тигип чыгышкан. Калпактын түзүлүшү,  калпактагы ар бир түз, ар бир оюу өзүнчө маанини билдирет.

Калпактын кырына коюлган түстүү кырлар адамдын жаш өзгөчөлүгүн билдирет. Бойго  жете элек жаш балдар жашыл калпак кийишкен. Бойго жеткенде кыюусу кызыл калпак кийишкен.  Эр жигит ак-караны ажыратып, үйлүү-жайлуу болгондо кыюусу кара калпак кийишкен. Эр жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башына күчү жетсе ак калпак кийишкен. Манаптар, айыл башчылары,  бийлик адамдары төбөсү бийик калпактарды кийишкен.Кийин “Бакай калпак” деп аталып калган.

       

 КАЛПАКТАРДЫН ОЮМДАРДЫН МААНИСИ

Жаш балдарды колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, карганын тырмагы,  булак сыяктуу оюмдар менен көркөмдөшкөн. Эр жигит аң улоо менен алек болсо калпагына тоо, теке, бүркүт, аркар оюмдары түшүрүлгөн. Калк тынчтыгын сактаган баатыр, балбандар - карышкыр, илбирс, жолборс сыяктуу оюму бар калпак кийишкен.

        

КАЛПАКТЫН СИМВОЛИКАСЫ

Ак калпак тоолордун тазалыктын символу. Анын формасы-кыргыздын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. Төбөсүндөгү топ чачы тукумунун тамыры терең жайылуунун белгиси. Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызыгы күндүн аян белгиси, өмүрдүн тиричиликтин символу.

          Баалап, барктап, бардыгыбыз азыр да,

          Кийеличи күздө,жайда,жазында.

          Комуз түшпөй кыргызымдын колунан,

          Ак калпагы дайым болсун башында.

 

5-март Ак калпак күнү майрамыңыздар менен!

 

Макаланы даярдаган:         Тагаева Бейшегүл


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.