7-апрель элдик революция күнү иш чара сценарий ыр

«Баатырларга таазим» аттуу кеченин сценарийи.

Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү эскерүү кеченин катышуучулары.

 Сиздер менен 7-апрель Элдик революциянын 12 жылдыгына карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы укуктук-экономикалык окуу залы тарабынан даярдалган «Баатырларга таазим» аттуу эскерүү кечесинде жолугуп олтурабыз. Бүгүнкү иш чарабызга мындан 12 жыл мурда  болгон элдик революциянын баатырлары Эркин Асаналиев, Асыл Жаманова, Бактыгүл Жумабаева, Абдылдаева Жумагул, Усупбекова Салтанат, Абылбек Эсенбеков Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп лицейдин  мугалими Тагаева Айнура, ушул эле лицейдин 9-классынын окуучулары‚ пресса кызматкерлери жана китепкана кызматкерлери катышууда. Мындан 12 жыл мурун 2010-жылдын 7-апрелинде калайык калктын ырыскысын жеген Бакиевдик кландык башкарууга, электр энергиясынын тарифинин жогорулашына каршы туруп, элдин‚ жердин бүтүндүгү үчүн жамгырдай жааган октон кайра тартпай окко учушкан 87 баатырлардын жаркын элестерин эскерип олтурабыз. “Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы” деп элибизде айтылгандай эч нерседен кайра тартпаган‚ тайманбас мекенчил уулдарыбыздын- эл баатырларынын эмгеги менен Бакиевдин бийлиги кулатылып, акыйкаттык орноп, калыстык- өз үнүн ааламга жаңыртты. Бүгүнкү эскерүү кечени ачуу үчүн Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын директору Байгабатова Анар Казакбаевнага сөз узатсам.

7-апрель кыргыз тарыхында, Биз үчүн ыйык күн катары мындан аркы жашообузда алтын тамгалар менен жазылып калат. Анда азыр Сиздерге “Эл баатырлары унутулбайт” аттуу китеп көргөзмөгө окуу залдын китепканачысы Бабаканова Сайраш тааныштырып кетсин. Чоң ырахмат! Апрель революциясынын негиздөөчүсү, Нарындагы Элдик кыймылдын мүчөсү, Эл баатыры- Эркин Асаналиев ушул элдик кыймылдын түзүлүшү, апрель революциясынын тарыхы боюнча слайд- баяндамасына көңүлүңүздөрдү бурсак. Чоң ырахмат! Өз өмүрүнөн Ата-Мекендин азаттыгын артык көрүп, ажалга тике караган 87 эр азаматтарыбыздын арасында, Нарындын 25 эр көкүрөк жигиттери да бар эле. Бүгүнкү күндө курман болгондорду кошкондо 72 баатыры бар. Алар- көкүрөк тосуп тайманбай элинин бактылуу болуусуна,азаттыкта жашоосуна, эркиндикте жүрүүсүнө камылга көрүп, кырчындай өмүрлөрүн мерт кылышты, жарадар болушту.

Бул күнү - улуу тоолорду мекендеген кыраан бүркүтүндөй эркин учкан 87 эр азаматтарыбыз бүгүн биз жашап жаткан күнүбүз үчүн өмүрлөрүн түбөлүккө беришти. Бир жарым миңге чукул реолюцияга катышкан жарандарыбыз бул күнү- ар кандай жаракаттарды алышты. Алган жаракаттарынын кесепеттеринен ден соолуктарынан ажырап жүргөн жарандарыбыз да арабызда аз эмес.

Бул каргашалуу окуяга элибиздин акындары кайып болуп кеткен эр азаматтарыбызга арнап ырлар, кошоктор жазылды. Сиздерге азыр А№2 Чкалов мектеп гимназиясынын окуучуларынын көркөм окуусуна көңүл бурсак. Чоң ырахмат! Ал эми  №1 Токтогул орто мектебинин окуучусу Кутман Каныбек уулу өзү жазган “Төңкөрүш” аттуу ырын окуп берсин. Чоң ырахмат!

Турмушунда тутунган өмүр жолу ар бөлөк болгон менен жашоодогу адилетсиздикке, кара өзгөйлүккө кайдыгер карай албаган жашоосунда акыйкаттыкты, чынчылдыкты туу туткан чыныгы мекенчил жаштарыбыздын жаркын элесине арнап ырлар жазылып, эстеликтер орнотулуп, гүл чамбарлар коюлуп, шейит кеткендерге куран окулуп, алардын эрдиктерин түбөлүккө калтыруу максатында китептер жазылып тарыхыбыз уланууда. Ооба! Алтынказ Ажымүдүнова апабыздын ыр саптарында:

 Калк үчүн күйгөн Барчындар, Качпастан тоскон денесин. Кийинки муундар унутпай, Эл менен жашайт элесиң.-деп ырда айтылгандай кыргыз эли эч качан эр жүрөк уулдарын унутпайт.Элибиздин жүрөгүндө жашай бермекчи. Аларга түбөлүк таазим кылабыз.

Урматтуу жаш муундар! Сиздердин жүрөгүңүздөрдө мекенчилдиктин оту жансын, жерибиз,элибиз, жаркын келечек үчүн деп мерт кеткен эл баатырларыбыздын жаркын элесин эстеп, баа берип, мекенге болгон сүйүүңүздөр ташкындай берсин! Биздин бүгүнкү жаркын жашообузду, мамлекетибиздин туура жолго түшүп осүп өнүгүшү үчүн кошкон эң баалуу эмгегиңиздер үчүн Апрель революциясынын баатырларына, жалпы эле катышуучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдирип таазим кылабыз. Бар болуңуздар, аман болуңуздар! Үй-бүлөңүздөр менен түгөл болуңуздар!

 

“Элдик баатырларга таазим”.

Ошол күнү журт башына түн түшүп,

Кыргыз жерин кара булут каптаган.

Түндук тушүп,коломтодон от өчүп,

Калбай адам аза, кайгы таратпаган.

 

Далай уулдар намыска бек, арга бек

Дал ошол күн жолбун иттей атылган.

Канкор хандын буйругунан сокку жеп,

Канча эрдин каны жерге чачылган.

 

Бирок өлбөйт чындык үчүн чыркырап,

Өлкө үчүн өз өмүрүн бергендер.

Түбөлүккө таазим кылып урпактар,

Эл унутпайт эсил кайран эрендер.

Н. Мүсүралиева

 

2010-жылдын апрель айында ал учурдагы  президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына элдин  нааразычылыгынан болгон бийлик алмашуусу  мындан 14 жыл мурда башкалаабыздын “Ала-Тоо”аянтында Кыргызстандын жаны тарыхында окуя ишке ашкан. Мурдагы коррупцияланган үй-бүлөлү к бийликке каршы элдин каары жер-жерлерден тутанып келип өлкөбүздүн башкы аянтында эч ким кайтара алгыс күчкө айланган.

7-апрелде окко учкан данктуу Тенир-Тоолук жигиттердин өмүр жолун чагылдырган “Эр төрөгөн эл өлбөйт” аттуу китеп 2011-жылы жарык көрүп, окурман журтуна тартууланып келет. Ооба гүл курак кезинде, күлгүн жашын аманат кылып, эрдиктин, бийик үмүт тилектин туусун көтөрүп, адеп-ахлагы, акылы, намысы жана карандай эмгеги менен жигитчиликтин бийик сапатын көргөзүп, мекендин чыныгы акыйкатчыл уулдары болду. Жыл сайын Нарын шаарынын Тянь- Шань паркында 7-апрель окуясында курман болгон Баатырларга тургузулган мемориалдык эстеликтин алдында баатырларды эскерүү митинги болуп келет. Алардын кээ бирөөлөрүнүн артында эч нерседен капары жок кичинекей уул-кыздары калышты. Бул,адам баласынын башындагы орду толгус эң чон кайгы. Эч убакта алардын төгүлгөн канын унутпай, мамлекеттүүлүгүбүздүн бүтүндүгүн сактап, анын туусун желбиретип жүрөлү. Мындай жоопкерчиликти ар бирибиз жон терибиз менен сезип, жүрөк толтосунда, акыл эсибизде сактап жүрөлү. 2010-жылдын 7-апрели биз үчун ыйык күн катары м ындан аркы жашоо турмушубузда , кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен түбөлуккө жазылып калды.            87 эр жүрөк баатырларыбыз дайыма биздин журөктөрдө терең сакталат.Аларга тубөлүккө таазим.

 

Төнкөрүш

Адам каны асфальт жолго чыланып,

Аянттагы элдин заары чыңалып.

Арстандай атырылды ан сайын,

Айгай салган элдик жүрүш уланып.

 

2010 кара канды кайнаткан,

Элим толкуп падышага алдаткан.

Тоо бөксөрүп, көл да соолуп турду эле,

Токсон уулун ач ажалга жалматкан.

 

Ажоолордун алкымы да бузулган,

Асман боздоп, айдын көзү тутулган.

Кыргын көрдү Ала-Тообуз кызылдай,

Кырчын намыс, кызыл желек кызыл кан.

 

Ач көзүңдү айкөл элдин баласы,

 Азыр сенсиң Ата-Журттун канаты.

Аталарга, айкөлдөргө жай болгон,

Ата-Бейит жакты көрчү, карачы?

 

Ал тарапта арстан шерлер жатышат,

Аябай зор улуу сырды катышат.

Ташка чеккен элестерди көргөндө,

Тарыхты эстеп, эт жүрөгүм ачышат.

 

Алтын күндүү нурусуңар желектин,

Алгач ачкан гүлүсүнөр теректин.

Күндө жаңы, күндө күчтүү деп болуп,

Күлкүсүндө жашайсыңар бөбөктүн!

 

1 Токтогул мектеби

Кутман Каныбек уулу

4-апрель 2022-жыл саат 19:07

 

 

7 апрель

Барсыңарбы, мекенчил азаматтар,

Эреңдер, элин багып, элин сактаар.

 Барсыңарбы, эр Манастын тукумдары,

 Жылдызын көкөлөтүп көккө тагаар.

 

Барсыңарбы, мекенчил азаматтар,

Асырап Ата-Журттун тузун актаар.

Чыгарып алгачкы мекениңди,

Тушаган жегичтерден буттан тартар.

 

Үмүт артып турабыз өзүңөргө,

Мекенди жеп салуудан сактап калар,

Көргөздү 7-апрель онунчу жыл,

Бар экенин мекенчил азаматтар.

Гүлсайра Момунова КР эл акыны

 

Жетинчи апрелде курман болгондорду эскерүү

Асманды каптап түнөрүп,

Ак булут жашка жуунат.

Ак үйдүн алды жагынан,

Сыздаган үндөр угулат.

 

Атылган октун айынан,

Сыздады байкуш энелер.

Ак жерден кеткен балдарга

Бейиштен орун бере көр.

 

Ала-Тоо башы түнөрүп,

Сур булут жашка жуунат.

Көк үйдүн астын жаңыртып,

Күйүттү үндөр угулат.

 

Боз үйдүн ичи муң болуп.

Муңканып кошок жаңырат.

Күнөөсүз кеткен жаш балдар,

Эми издесек кайдан табылат.

 

Кыйындык башка түшкөндө,

Кыргыздан чыккан эрендер,

Кыйшайбай туруп эл үчүн,

 

Даярдаган:                           Жунусалиева Ж.О


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.