Адегенде өзүңө төлөгөндү үйрөн

    Өткөн баяндамада акчаны  кантип чогултуу керектиги жөнүндө, акчаны бөлүп сактоо боюнча да  маалыматты алганбыз. Азыр сизде белгилүү бир өлчөмдө акча бар, ага өзүңүз иштеп тапкан маянаңызды 4 кутучага бөлүштүрүп салып, накталай  акча сактоо кутусуна кирешеңиздин 10 % ын салып, күнүмдүк  керектөөңүзгө жумшайсыз. Жашоодо кедей адамдар тапкан акчасын төгүп-чачып сарпташат эмеспи, кедей адам гана иштеп тапкан акчасынын баарын  коротуп жок кылат. Байлар мындайга эч качан жол бербейт. Кедей адамдар: ”Канчалык аракет кылсам да баары бир жетпейт”,-деп өзүн-өзү ынандырып алган. Бирок бул туура эмес. Демек, кедейлердин  жаңылыштыгы мына мында, алар: “Аягында бир нерсе артып калса, ошондо бөлүп сактайм”,-дешет. Бирок  алар акчанын  баарын коротушат, аягында эч нерсе калбайт.

            Бай адамдар тескерисинче жасашат. Алар бул сырды билишет. Акча иштеп табаары менен дароо анын тиешелүү бөлүгүн бөлүп коюшат, себеби алар эгерде башында акчасынан бөлүп сактап койбосо, аягында эч нерсе калбай калаарын билишет. Кедейлер сарптай беришет да, эгерде бир аз акчасы артып  калса,ошону бөлүп сактайм жана инвестициялайм деп үмүт кылышат.Бирок аягында акчасын бүт коротушкан болот.  Байлар эң башында бөлүп сакташат жана инвестициялашат, андан калганын гана коротушат.  Демек, ийгиликке жетишкен адамдар адегенде пландаштырылган сумманы бөлүп коюшат да, андан артып калганды гана сарпташат. Башкаларга төлөөдөн мурда адегенде өзүңүзгө төлөңүз.      

            Көп адамдар: “Биз бир жаманчылык болуп калса, ошондо пайдаланабыз деп бөлүп сактайбыз. Бизди ушинтип үйрөткөн. Ата-энелерибиз эң кыйын күндөрдө муктаж болбошуңар үчүн бөлүп сактагыла деп эскертишкен”,- дешет. Ырас, акча кыйын минуталарда жардам берет дегени  биздин аң-сезимибизге  биротоло сиңип  калган. Жок, андай эмес. Биз келечекке ишенишибиз кекрек. Ошо себептен биз акча бөлүп сактоо менен өзүбүз эңсеп жүргөн, өзүбүз кыялданган жашоо образын жаратабыз  .

Акчаны иштетүүнүн эң мыкты жолу- бул өзүң үчүн жумшаганың.  Жакшы жашоо үчүн бир нерсе жасаш керектигин түшүнүшүбүз керек. Эгерде  бир кичине болсо да ишкана ачкыңыз келсе, анда ага билим алуу керек. Бөлүп сактаган акчаңыздан өзүнүздүн окуп үйрөнүүңүзгө, билим алууңузга жумшаңыз. Муну эч нерсе менен салыштыруу мүмкүн эмес, атыгүл өз балаңдын окуусуна акча жумшагандан да артык. Өзүңүздү ойлоп, жакшы кийинип, кенен тамактанып, убагында эс алып, ден соолукка кам көрүп жана жакшы жашоо үчүн алдыга умтулуп, өзүңө инвестиция сал, окуп үйрөн, жашоодо билимиңди пайдалан, акчаны туура колдонуу менен финансылык планды түзүп, киреше табууга үйрөнүңүз. 

Киреше- адамдын өнүгүү деңгээлин жогорулата албайт, бирок адамдын өнүгүү деңгээли - кирешени арттырат.Бул дүйнөдө өзүң үчүн инвестициялаган акча эч нерсеге салыштырылбайт. Дүйнөдө  эки гана маанилүү нерсе бар – бул өзүңүздү  сыйлаганыңыз жана сыйынганыңыз. Аларды аткарганыңыз үчүн эч качан өкүнбөйсүз. Буларды эч ким уурдай албайт жана алар сиздер менен гана болот. Кандай гана карыз болбосун, келечек эсебине ар дайым 10% бөлүп туруңуз. Бул өзүңүздү корголгон жана ишенимдүү сезүүгө жардам берт.      


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!