Адептүү бол, сергек жашоону танда

Адептүү бол, сергек жашоону танда

    Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” унгу жолу жарлыгына ылайык кыргыз элинин улуттук наркы болгон адеп-ахлагы, боорукердик сапаты жана ден соолугу унгу жолдун башаты.

Азыркы учурда  адамдын тарбиясы жана ден соолугу эң маанилүү баалуулуктардын бири болуп эсептелет. Адептүүлүк – бул адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү болсо ал эми сергек жашоо – анын ден соолугунун негизин тузот. Бул эки түшүнүк бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, адам баласынын толук кандуу жашоосуна шарт түзөт. Ошол себептен ар бир инсан жана осуп келе жаткан жаш муундар адептүү , ыймандуу болуп, сергек жашоону тандашы зарыл.

1. Адептүүлүк – адамдын көркү

Адептүүлүк – бул ар бир инсан коомдук эрежелерди сактоо менен улууларды урматтап, кичүүлөргө ызаат көрсөтүп, сылык сүйлөп, өзүн туура алып жүрүү дегенди билдирет. Кыргыз элинде “Адеп адамдын көркү” деген накыл сөз бар. Чындыгында эле адептүү адам кайсы жерде болбосун өзүнүн жакшы сапаттары менен айырмаланып, элге улгү болуп турат.

Ал эми адептүү бала:  улууларга урмат көрсөтуп сыйлап, колунан келген жардамын берип, калп айтпайт, таза, тыкан жүрүү менен озүнөн кичүү бөбөктөргө үлгү болуп ар кандай коомдук жайларда тартипти сактайт.

Адам баласынын жашоосунда адеп-ахлак жана сергек жашоо эң маанилүү орунду ээлейт. Адептүүлүк тарбиясы үй-бүлөдөн башталат,  үй-бүлөдө ата-энеси балдары менен ачылып-чачылып сүйлөшуп, сырдашып акыл-насааттарын айтып турганы бала учун эн маанилуу. Адамдын бала кездеги кыялы, алган тарбиясы анын инсан катары калыптанышына таасир этет.  Экинчи тарбия албетте мектеп. Жеткинчек жана тестиер балдар ъчън бала бакча менен мектеп тарбиянын маанилүү булагы болуп саналат. Ата-эненин тарбиясы менен мектептеги мугалимдердин тарбиясы, берген билими баланын мүнөзүн, ой жугуртуусун калыптандырат.

2. Сергек жашоо – ден соолуктун булагы.

 Адамдын ден соолугу анын жашоосунда эң чоң байлык болуп саналат. Сергек жашоо адам баласынын  ден соолугуна кам коруу, аны сактоо жана чыңдоо үчүн жасалган аракеттердин жыйындысы. Балдар учун туура тамактануу, күн сайын кыймыл-аракетте болуу ,ойноо, таза абада сейилдөө, уктоо өз убагы менен болууга тийиш.  Сергек жашоо образын калыптандыруу максатында  спорт менен машыгуу, сууда сузуу, чуркоо жана зыяндуу адаттардан алыс болуу болуп саналат, Ден соолугу чың адам гана жакшы окуп, иштеп, максаттарына жетише алат.

Айрыкча жаштар арасында тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу зыяндуу адаттар ден соолукка чоң зыян келтирет. Ошондуктан мындай адаттардан эрте баш тартуу жана башка зыяндуу нерселерден алыс болуу керек.

Азыркы заманда жаштар ар кандай терс көрүнүштөргө бат эле алданып калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир жаш адам өзүнүн келечегин ойлоп, туура жолго багыт алып, адептүү, ыймандуу болуп, сергек жашоону тандаса гана ийгиликтүү, билимдуу, бактылуу жана коомго пайдалуу инсан болуп узак өмүр сүрө алат.  адептүүлүк жана сергек жашоо ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Ар бирибиз балдарга туура тарбия беруу менен, ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек. Анткени бүгүнкү туура тандоо келечектеги ийгиликтин негизин түзөт.

Жыйынтыктап айтканда, адептүүлүк жана сергек жашоо адамдын эң чоң байлыгы. Ар бирибиз өзүбүздү туура жолго тарбиялап, жакшы сапаттарды өнүктүрүп, ден соолугубузга жакшылап кам көрүшүбүз зарыл. Жашоонун ырахаты-ден соолук. Бүгүнкү туура тандоо эртеңки жаркын келечек.

 

 

Даярдаган:         Балдар жана өспүрүмдөрдү тейлөө бөлүмүнүн башкы китепканачысы  А.Акматова

 


Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.