Ак-Калпак - кыргыз символу
5-март - Ак калпак күнү
Ак калпак - кыргыз символу
5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.
Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.
Кыргыз калпагы – ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, жайлуу, жеңил баш кийим. Бирок калпактын түзүлүшү, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнчө маанини туюндуруп турат.
Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Калпактын ыйыктыгы да ушунда.
Калпактын түрлөрү
«Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.
Калпактын түстөрүнүн маанилери.
Кыргыздын уулу балагатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан.
Уул бала балагат жашына жеткенде кыюусун кызыл түскө алмаштырышкан. Мындай калпак кийген бала кыз жандап жүрүүгө, өзүнө жар издөөгө акылуу болгон. Илгери айылга кыюусу кызыл калпак кийип, башка жактан келген жаш жигитти көргөндөр “и-и, кыз издеп келген тура” деп түшүнүшкөн. Жеңелер андай уланды сынай карап, бой жеткен кайын сиңдисине ылайык келерин же келбесин байкашкан. Эгер ылайык көрсө, жигитти кепке тартып, аты-жөнүн, тегин сурап, кайын сиңдиси менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Ошентип, калпактагы кыюунун арты менен жигит өзүнө жар табууга жетишкен.
Жигит үйлөнүп, өзүнчө үй-жай күткөндө кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпакты илгери кыз тарап даярдап келип, күйөө балага тартуулашкан. Кара кыюу жигиттин үй-жайы бар экендигин, жигит ак-карасы аралаш турмуш шарына кошулганын баяндаган.
Кокус жары көз жумуп кетсе, анда эркек кырлары кара менен бастырылган калпак же кара кийизден жасалган калпак кийген. Кайра нике жаңыртканда кыюусу ак болгон калпак кийүүгө өтчү.
Эгер адам өз айылдаштарынын же өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда андай адамга аппак түстөгү калпак кийгизишкен. Мындай калпакты калыс, акылман, көсөм адамдар да кийүүгө акылуу болушкан.
Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк “Бакай калпак” аталып кетти.
Калпакка салынган оюунун маанилери.
Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да “Умай эне”, “карга тырмак”, “булак” оюмдары деп аталат.
Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, “тоо теке”, “бүркүт”, “аркар” оюмдары. Эл баатырларына "илбирстей", "бөрүдөй", "жолборстой" деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан, калпактарына “илбирс”, “жолборс” жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.
Калпакты кантип кийген оң
Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. «Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом», — дегенди түшүндүрөт. Калпактын оң кыргагын басып кийсе аялынан (эгер эркек үй-бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек. «Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алар каруу күч калбады», -дегенди билдирет.
Ак калпак тууралуу макал-лакаптар
«Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт» , «Калпакты жерге койбо», «Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң», «Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун».
Байыркы кыргыздар кара калпак кийишкен, “Манас” эпосунда калпактын жасалуусу боюнча “тармал ирик жыктырдым, таза жерге кырктырдым, кыздарга кылын тердирдим” деп сүрөттөлөт. Мындан улам Жусуп Мамай калпактын кара эмес, ак болуп калуусуна Каныкей энебиздин салымы зор деп айтып кеткен.
• Калпактар “тилик калпак”, “айры калпак”, “сайма калпак”, “туюк калпак” болуп бөлүнөт.
Калпактын негизги өзөгүн сактап кийинки муунга мурас катары калтырып өткөрүү – маанилүү милдет. Анткени азыркыларга да улуулар, уздар мурас кылып, анын жасалышын, бычып-тигүүсүн, кийип жүрүү маданиятын дал ошондой кылып өзгөртпөй калтырып келген. Чыгаан уздар, усталар шакирттерине үйрөтүп жатканда мурасты кийинки муунга бүлдүрбөй өткөрүп берүү талабы болгон.. Калпак — улуттук баш кийим, ага кошумча, ЮНЕСКОнун коргоосунда болгондуктан ар бир чебердин кылдат мамилеси өтө зарыл. Кийинки урпактарга бул баалуу баш кийим туура жеткенде гана у луттун өзөктүк нерсеси сакталып каларууа милдеттүүбүз.
Даярдаган: Манас таануу жана маалымат берүү окуу залынын
башкы китепканачысы: Алымкулова Жазгул
Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





