Акча топтогуч 4 кутуну пайдалан

 

“Киреше айлык акыга караганда ар дайым артык. Айлык акы ач калуудан сактап эптеп жан багууга мүмкүндүк берет. Ал эми киреше  байлык алып келет- деп  америкалык көрүнүктүү бизнес-тренер жана мотиватор Джим Рон айткан.

 Акча топтогуч биринчи куту. Бул кутуга  кыялдагыны орундатуу үчүн акча топтоо керек.  Жашоодо кыялдарыбызды  орундатуу үчүн  акча топтогуч куту , накталай акча сактоо үчүн куту, инвестициялар үчүн куту, кайрымдуулук үчүн акча топтоо куту да болууга тийиш.   Демек, кыялдарды орундатуу акча топтоо керек. Кыялдагыны жүзөгө ашыруу үчүн акчанын 20% ын бөлүп сактоо керек.

            Ар кандай сатып алууларга байланышкан азгырыктар акча топтоого тоскоолдук кылышы ыктымал. Балага да,өзүңүз да ошондой азгырыктардан алыс болуп, ага туруштук берүүнү үйрөтүү жана үйрөнүү эң маанилүү нерсе болуп саналат. Балага жаш кезинен эле пландаштыруу ыкмасынын жардамы менен өз кыялдарын орундатууну жана стратег болууну үйрөтүү зарыл.

            Биз кыялдарыбызды тезирээк орундатууга умтулуп, тезирээк акча иштеп табууга жана карыз алууга шашылабыз. Мындай азгыруулар кыйынчылыктарды жаратат. Мисалы, эгер биз автоунаа сатып алууну кааласак, аны тез аранын ичинде, тактап айтканда ушул жылдын ичинде алууга шашылабыз. Бирок, тилекке каршы, көп учурда мындай тилегибиз бир нече жыл өтсө да орундалбайт. Себеби каалоолорубуз сөз менен чектелип, толук кандуу аракет көрбөсөк, анда кыялдарыбыз каалоо жана ой бойдон кала берет.

            Кыялдарды турмушка ашыруучу конкреттүү иш-аракеттер ошол кыялдардын чындыкка канчалык жакын экенин билдирүүчү көрсөткүчтөр болуп саналат. Кыялдагылар чындыкка жакын болуш үчүн акчаны пландаштыруу жана аны бөлүп сактоо керек.   Акчаны керектүү суммага жеткиче топтоо жана бөлүп сактоо ыкмасынын өзү абдан чоң мааниге ээ. Жыйналган акча керектүү суммага жеткенде ойлогон нерсебизди сатып алсак болот. Балдарыбызга да алар өз акчаларынын (кирешелеринин) 20% ын  кыялдары үчүн  чогултуусу керек экенин сөзсүз айтып түшүндүрүүбүз  зарыл. Ушул эрежелерди сактасаңыз, кыялдарыңызды орундата аласыз. 

            Экинчи акча топтоо кутусу – бул кайрымдуулук.     Ислам дининдегилер өз кирешесинин 2,5% ын, христиан дининдегилер болсо 10% ын  кайрымдуулук үчүн бөлүп сакташы керек.Эмне үчүн биз акчабыздын бир бөлүгүн кайрымдуулукка бөлүп сакташыбыз керек.Кайрымдуулук жасаган адамдар  коомдун өнүгүүсүнө түрткү беришет жана ошентип  адамдарга кызмат кылышат. Эгерде сиз узак мөөнөттүү ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, баардык нерсеге  адилеттүү  мамиле   кылышыңыз керек, анткени акчаңыздын бир бөлүгү бул дүйнөгө, муктаж адамдарга таандык.  Жергебизде тубаса оорулуу балдар, табигый кырсыктан жапа чеккен адамдар, өзүнө кам көрө албаган кары-картаңдар, таланты бар, бирок окууга мүмкүнчүлүгү жок жаштар жана  ата энесинен ажыраган балдарды атасак болот. Татыктуу адам өзүн жана үй-бүлөсүн гана баккан адам эмес, башкаларга-муктаждарга, ата-энесине, туугандарына  жардам берген адам экенин балаңызга  да айтып түшүндүрүңүз. Биздин милдетибиз – баланын жүрөгүндөгү кыялданууга ,  жардам берүүгө болгон каалоону ойготуу, кайрымдуулук менен алектенген адам чоң кубанычта болоорун, ал адам өсөөрүн жана кайрымдуулук – адамдын жеке мүлкүн , ден-соолугун сактоого, терс көрүнүштөрдөн , кырсыктардан алдын алууга жардам берээрин айтышыбыз керек.

            Үчүнчү  куту- бул  накталай акча сактоо кутусу. Бул кутуга  накталай акчаларды бөлүп сактоо керек. Биз кирешебиздин  20% ын кыялдарыбызды орундатууга, 2,5% ын кайрымдуулукка жумшадык. Эми калган кирешенин 10% ын накталай акча катары топтошубуз керек. Накталай топтолгон акча өзүңдү дайыма тың, ишенимдүү сезүүгө мүмкүндүк берет.Эң негизгиси – накталай акча өзүңдү финансылык жактан корголгон адам катары сезүүгө мүмкүндүк берет, эркиндигиңди сактайт,күч-кубат берет жана ийгиликти тартып келет. Бул акчалар жашоо-турмушуңда туш болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө, карызга батпоого, көңүлүңдү чөктүрбөөгө  жана убактылуу  ийгиликсиздиктерден оңой өтүүгө жардам берет. Акча акчаны  тартат. Накталай акча топтоо- бул финансылык ийгиликтин ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет.

            Төртүнчү куту- инвестициялар үчүн акча топтоо кутусу.Топтолгон бул акчаларды сага киреше алып келүүгө мажбурлашың керек. Акча өзүнө башка акчаларды тартат, акча өзүнө ийгиликти тартат, ийгилик болсо ийгиликтүү адамдарды тартат. Ийгиликтүү адамдар менен сүйлөшүп, кеңеш алып, акчаны  кирешелүү тармакка инвестиция салып, киреше алып турса болот. Же болбосо өзүнүн жеке ишканасын, айыл чарба багытында ферма уюштуруп, асыл тукум малдарды багып, тоок  багып киреше тапса болот. Өзүңүз улуу инвестор болууга аракет кылыңыз. Акчалар биз ойлогондон да тезирээк  көбөйөт.  Адам 24 саат бою иштей албайт, ал эми акча болсо тынымсыз 24 саат бою иштей берет, улам көбөйө берет.Акча – бул эң мыкты жумушчу деп атасак болот. Эгер сиз туура инвестициялоону үйрөнсөңүз, финансылык жактан эркиндикке жетишесиз. Сиздин  жашоо турмушуңуздун сапаты, үй-бүлөңүздүн жашоосунун сапаты сиздин инвестициялар үчүн топтолгон акчаларга жана ал инвестицияларды кандай башкарууңузга байланыштуу болот. Эгер Сиз капиталды көбөйтүүнү жана тобокел нерселерди эсептеп, алдын алууну үйрөнсөңүз, сөзсүз ийгиликке жетип, кыялдарыңызды орундатасыз.

            Акылдуу жана бай болуу пайдалуу экенин, эгер капиталыңды коргоп-сактасаң, ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү көбөйөрүн баса белгилеп, балдарыбызга батабызды берели.

 

Баяндаманы  даярдаган:           Жунусалиева Ж.О.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                            


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!