Финансылык сабаттуулук - акчанын түрлөрү

 Акча- бул жалпы мүлк. Ар ким канча кааласа, ошончо ала алат, бирок ал аны кантип алууну билиши керек!    В. Швебель .

            Көбүнчө, адамдар акча жөнүндө сүйлөшкөндө алардын көбү баарына белгилүү болгон  кагаз акчаны ойлошот. Кагаз акча-купюрага этияттанып да, тыкан да, үнөмчүл да мамиле кылабыз, бирок калган бардык эле нерсе-буюмдарга мынчалык көңүл бурбайбыз. Себеби башка нерселер акча берген сезимди бере албайт.

            Акчанын төмөнкүдөй түрлөрү болот: накталай акча, активдер, товар, баалуу кагаздар, кызмат көрсөтүү, техника, жабдуулар, патент, ойлоп табуулар жана интеллектуалдык менчик.

            Накталай акча менен биз дүкөндөргө барып сатып алган буюмдарга , тамак ашка төлөйбүз. Эс алууларга коротобуз, тойлорго, көңүл ачууларга төлөйбүз, накталай акчаны чогултабыз, жаныбызда алып жүрөбүз. Акчасыз күнүмдүк жашообузду элестете албайбыз, жол киреге төлөйбүз, кафеден тамактанабыз, балдарыбызга белек-бечкек алабыз,кийим кече алабыз. Эгер накталай акча жок болсо алып койгон баалуу буюмду өз баасынан төмөн сатууга же банктан насыя алууга туура келет.

            Актив- бул жашап жаткан үйүбүздүн баасы бар, машинабызды, үйдөгү эмеректерди,буюм-тайымдарды акчага сатып алганбыз.Демек, булардын бардыгы акча болуп саналат, болгону алар- башка формадагы акча.Ошондуктан аларды активдер деп аташат, алардын баасы жогорулап, ошол эле учурда төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк жыл өткөн сайын баасы жогорулайт, ал эми машина болсо жыл өткөн сайын эскирип баасы төмөндөшү мүмкүн.

            Товар-бул да акчанын бир түрү. Ал кийим-кече, бут кийим, оюнчуктар,тамак-аш, китеп,турмуш-тиричилик  техникалык каражаттар, кездемелер, шейшептерди айтсак болот.Биз акчаны кандай тыкан, сарамжалдуу  колдонсок, бул товарларды да  тыкан, сарамжалдуу колдонушубуз керек, себеби товар да акчанын бир түрү болуп эсептелет.

            Баалуу кагаздар – купюралар сыяктуу эле касиеттерге ээ, алар бизди белгилүү укуктарга ээ кылат, мисалы жеке менчикке ээ боло алабыз, башкача айтканда баалуу кагаздарды сатып алуу менен сиз ошол баалуу кагазды чыгарган ишкананын бөлүгүн сатып ала аласыз. Эгер сиз кайсы бир белгилүү компаниянын акциясын сатып алсаңыз, анда сиз дагы ошол компанияга ээлик кыла аласыз. Ал эми эгер  сиз обюлигация сатып алсаңыз, анда ошол облигацияны чыгарган компанияга белгилүү бир  мөөнөткө акчаңызды карызга берген болосуз. Албетте, ал акчалар сизге үстөгү менен кайтып келет.

            Кызмат көрсөтүүлөр- бул да акчанын бир түрүнө кирет. Эгер мен мугалим болсом, анда мен өзүмдүн кызматымды сатам, башкача айтканда белгилүү сабактарды окутам да, ай сайын маяна алам. Көрдүңүзбү менин билимиме жана жөндөмдүүлүгүмө акча төлөнөт. Эгерде чач тарачта иштесең  кардарларды тейлеп, чачын кооздоп прическа жасап бергениң үчүн кардар акча төлөйт. Демек, кызмат көрсөтүү да, жөндөмдүүлүк да акча болуп саналат, бирок башкача формадагы, тагыраак айтканда, маалымат, идея жана жөндөмүүлүк, профессионалдуулук түрүндөгү акчалар.

            Техника-турмуш тиричилик техникалары-булар кир жуугуч машина,муздаткыч, телевизор, телефон, пылесос, айдоочу машинабыз, компьютер да акча экендигин эсибизге салышыбыз керек, себеби алар да көп акчага сатып алганыбызды ойлоп, аларга бизге көп кызмат кылышы үчүн аяр мамиле жасашыбыз керек.

            Жабдуулар-Фабрикаларда, заводдордо , цехтерде түрдүү жабдуулар бар, аларды колдонуу менен тамак-аш азыктары, кийим-кече, парфюмерия, оюнчуктар, идиш-аяктар жана башка көптөгөн нерселер өндүрүлөт. Бул жабдуулардын өз баасы бар, булар да акча болгону башкача формада. Адамдар бул жабдууларды колдонуу менен чоң кирешеге ээ болушат.

            Патент,ойлоп табуу,интеллектуалдык менчик- эгер адам бир нерсе ойлоп тапса, эгер ал ойлоп табылган нерсе пайдалуу болсо, ал үчүн патент алат. Демек бул дагы акча. Бул учурда ал адам бул нерсени биринчи ойлоп тапкан деп эсептелет. Анын идеясы иштейт, аны башкалар колдоно баштайт, ал эми ээсинде патент болот. Патент дагы ага көп киреше алып келет. Бардык патенттелген ойлоп табуулар интеллектуалдык менчик болуп саналат, патент да акча, болгону башкача формада экендигин айткыбыз келди.

            Урматтуу жаштар! “Жумуш издөө үчүн эмес, өзүңө жумуш ордун түзүү үчүн, өзүңдү жумуш менен камсыз кылуу үчүн, коомго пайда келтирүү үчүн жана ата-энеге, адамдарга жардам берүү үчүн билим ал, көбүрөөк оку, өзүңдү тынымсыз өнүктүр”-деп айтаар элем.

 

Даярдаган:  Укуктук-экономикалык окуу залынынын  башкы китепканачысы: -  Жунусалиева Ж.О.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!