Акын, драматург Кадырбай Мамбетакунов

Жансызга - жан бер

Чаңкаганга - суусун,  супсакка - бал бер

Кайгылууга - кайрат, азалууга-үмүт,

Күчсүзгө ал бер, ЫРЛАРЫМ!

- деген ыр саптарынын автору  Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги. А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, кыргыз совет акыны жана драматургу  Кадырбай  Мамбетакунов.

Кадырбай Мамбетакунов Тянь-Шань районундагы Алыш айылында 1939-жылы 15-июнда туулган. К.Мамбетакунов 1956-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепти, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1955-жылы Нарын облустук радиосунда диктор болуудан баштаган.

1961-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепке кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдикке жолдомо алат.

1965-жылы Нарын шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына, 1967-жылы Нарын педагогикалык окуу жайынын директорлугуна дайындалган.

1971–1980-жж. Кыргызстан Компартиясынын Нарын обкомунда инструктор, саясий агартуу башчысы, үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орунбасары.

1980-жылдан Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм адабият редакциясынын башчысы, 1986-жылдан ошол эле басманын башкы редактору болгон.

Чыгармалары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Алгачкы «Шоола» аттуу ырлар жыйнагы 1971-жылы жарык көргөн. Дүйнөлүк маданияттын кыл чокусунда турган өзүнчө керемет дүйнө, адамзатты таңгалткан улуу мурас болгон Манас эпосунун сюжетинин негизин камтып, мектеп окуучуларына ылайыкташтырып, кара сөз менен кайра жазып чыккан.

Манастын төрөлүшүнөн тартып, өмүрүнүн акырына чейинки окуяларды бул чакан китепке батыргандыгы өзү да баатырдык. Океан сымал бул эпосту ар бир эле кыргыз баласы окусам, билсем дейт, бирок андагы милиондогон ыр саптарын окуп чыгууга баарынын эле батылдыгы жете бербейт. Мына ушуларды туюп сезүү менен Кадырбай Мамбетакунов өз доорунун жаш окурмандары үчүн өз салымын кошуп кеткен.

«Омар Хайямдын махабаты» (1980), «Үкөй» (1978), «Акын жана ажал» (1987), «Боз бойдок» (1989), «Соңку жомок» (1989) драмалары көрүүчүлөргө кеңири маалым. Кыргыз тилине А.Мудриктин «Жогорку класстын окуучуларын тарбиялоо жөнүндө» деген китебин, Карел-Финн элинин атактуу «Калевала» эпосун которгон. Драматургдун «Нарын козголоңу», тарыхый пьесасы, «Соңку жомок» фантастикалык драма-новелласы орус тилине которулган.

Арзуу аталыштагы ырлар жана поэмалар жыйнагы тематикасы боюнча ар түрдүү. Анда адам турмушунда тээ байыртадан эриш аркак өмүр сүрүп келе жаткан  ак менен каранын, кайгы менен шаттыктын тымызын тирешүүсү адилеттикке болгон умтулуу айкын туюлат. Жыйнакка кирген поэмаларында инсандын азаттыка болгон күрөшү өтө ынанымдуу ары көркөм тил менен берилген.

Акындын Омар Хаямдын махабаты,  Акын жана ажал (1987). пьесасы (Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1980). Укей,  Боз бойдок, Соңку жомок   пьесалары  Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында, (1989) коюлган

 

СЫЙЛЫКТАРЫ, НААМДАРЫ

1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган. СССР басма сөзүнүн, Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги. А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты. Эл депутаттарынын Нарын шаардык Советинин депутаттыгына, Кыргызстан Компартиясынын Нарын шаардык жана облустук комитеттеринин мүчөлүгүнө, агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын шаардык комитетинин төрагалыгына шайланган. Кыргызстан жазуучулар Союзунун Башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Таланттуу акын  жана драматург К.Мамбетакуновдун өмүрү жана чыгармачылыгы келечекте изилдөөгө, сый урматка, үйрөнүүгө окууга, устат болууга, чоң сөз кылууга татыктуу десек жаңылбайбыз.

 

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде Шоола: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1971. – 51 б.

Hyp көпүрө: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 39 б.

Жубар берметтер: Ырлар жана поэмалар. – Ф. Кыргызстан 1980 – 72 б.

Омор Хайамдын махабаты: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан 1986. – 280 б.

Айкөл Манас – Б.: Кыргызстан, 1995. – 184 б.

Арзуу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989. – 215 б.

Жазгүл: Тырнактай пьеса. – Ф.: Адабият, 1990. – 28 б.

 

КОТОРМОЛОРУ

Мудрик А.В. Жогорку класстын окуучуларын тарбиялоо жөнүндө – Ф.: Мектеп, 1984. – 236 б.

 

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

Жаныш Кулмамбетов. Слово Кыргызстана (5 июля 2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары, Бишкек, 2008.

Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Жаныш Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!