Алымбек датка - Асан бий уулу (1799-1862)
Кокон хандыгынын мезгилинде эл башкарган кыргыздын чыгаан инсандарынын мамлекеттик ишмердиги, тарыхтагы даңазалуу таржымалы так жазылбай келген. Андай инсандардын бири хандыктын мезгилинде эң жогорку бийлик сересине көтөрүлүп кыргыз, өзбек, кыпчактардын арасында зор сый- урматка ээ болгон - Алымбек датка. Алымбек Асан бий уулу- кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Алымбек датканын жаш мезгили, жигиттик курагы тууралуу жазма маалыматтардан алсак, Алымбек датка 1799 - жылы жарык дүйнөгө келген. Алымбек датканын басып өткөн жолун иликтегенде 27 жашында 19 жаштагы Алай периси Курманжанга үйлөнгөнү белгилүү жана 27 жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. 1830-жылы ал чоң мансапка жетип, 31 жашында ага датка наамын ыйгарган. Ал Алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы (азыркыча генералга тете) наамын эң биринчи алган адам. Алымбек 1831- жылы Мадали хандан «Алайдын даткасы» наамын алган. 32 жашында Анжиян өрөөнүнүн беги болуп дайындалып, Ош ордосуна таасирдүү роль ойногон. 1842- жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян өрөөнүн борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845 - жылдагы Ош көтөрүлүшүн жетектеген. Хандыктагы саясий жана мамлекеттик 30 жылдык (1831-1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон, 1862 - жылы Мала ханды өлтүрүү үчүн кутумга катышкан. Тактыга Шераалы хандын 12 жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган.
Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө аракет жазаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган. 30 жылдык ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 19-кылымдын ортосунда кыргыз элинин башын бириктирүүгө, ынтымагын артырууга өз салымын кошкон, өз доорунун алдыңкы инсаны болгон.
Алымбек датка Кокондун төрт ханын көргөн (Мадалы, Шераалы, Мала, Шах Мурад).
Мындан сырткары Алымбек датканын өрнөктүү өмүрү, мамлекеттик ишмердиги ошол доордогу саясий окуялары, тарыхта маалым. Алымбек датканын мамлекеттик ишмердиги хандыктын гүлдөп, өнүккөн мезгилинде башталган. Ал өзү менен бийлик сересине өмүрлүк жары Курманжан датканы кошо чыгарып, аялзатына тиешелүү зор касиетинин ачылышына, эл башкарышына шарт түзүп берген. Бири- бирин толуктаган бул эки зор инсанды өзүнчө бөлүп кароо, бирин экинчисинен бийик коюу мүмкүн эмес. Тарыхты ал экөөнүн ысымы дайыма ажырагыс бир бүтүндүктө. Алымбек датканын өмүрү мезгилсиз эрте кыйылганына карабай, ал узак эл башкарып, ордо кызматында болуп келген.
Легендарлуу Алымбек датканын өмүрү 1862 - жылдын жаз айларында ордодогу бийлик үчүн күрөшкөн экинчи топтун колунан кыйылган. Анын узак убакыт бою Кокон хандыгында, андагы тынымсыз жүрүп турган күрөшкө арналган өмүрү кайгылуу аяктаган. Алымбек датканын ишин өмүрлүк жары Курманжан жана балдары уланткан. Датка даражасы 1862 - жылы Курманжанга ыйгарылып, балдары атасындай хандыктагы кызмат орундарын ээлешкени белгилүү.
Элдин улуу көчүн баштап, ак ниеттен кызмат кылган көсөмдөр тарых барактарынанан эч качан унутулбайт. Ошол улуу инсандардын бири, өз доорунун саясий ишмери - Алымбек датка. Алымбек датканын өмүр жолу, саясий ишмердиги кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сактала бермекчи.
Алымбек датканын эстелиги Ошто тургузулган.
Макаланы даярдаган:
Тагаева Бейшегүл
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман