Ардагер акын – Ашымаалы Сыдыков
Адамдын жан дүйнөсүндө таланттын угуту болсо ал эртедир-кечтир өнүп чыгаары айныгыс чындык болуп калды. Ага мисал Ашымаалы Сыдыковдун чыгармачылыгын алсак болот. А. Сыдыков ыр дүйнөсүнө кеч келсе да, анын ырларынын мааниси жүрөк түпкүрүнөн орун алат.
Биздин китепканага Ашымаалы Сыдыков өз эмгектерин элим таанысын, окусун деген максатта “Кызыл жар”, “Бос-Тектир”, “Пародия”, “ Ашымаалы” аттуу китептерин белек кылды. Өз кезинде агайга терең ыраазычылык билдирүү менен бардык поэзия сүйүүчүлөрдү биздин китепканадан ушул эмгектер менен таанышууга чакырабыз!
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман