Арстанбек, Буйлаш уулу, сүрөтү, портертти, тарткан, сүрөтчү, Кыргыз, кыргыз, кыргызстандын, герби, автор, Асейин, Абдраев

59.17 КБ -

Арстанбек Буйлаш уулунун сүрөтүн таланттуу сүрөтчү, Гербдин автору А. Абдраев тарткан

Кыргызстандагы тынымсейит уруусунун башчысы, коомдук ишмер Муканбай Курманкожоев Жунушалиевичтин 2014-жылдагы Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына карата Ысмайыл Бапаевге берген маегинен.

1994-жылы А.Буйлаш уулунун 170 жылдык мааракесин өткөрөбүз деген кеңеште улуу ойчул, төкмө ырчы, олуялык касети бар, даанышман, чебер комузчу, эл арасында, коншу казак, өзбек, кытайда да атагы алыска угулган жана “Булбул” наамын алган зор таланттын ээсинин элеси, сүрөтү жөнүндө кең-кесири сөз болгон. Ошондо Батма Кебекованын адабий мүнөздөмөсүндөгү кебете-кешпирин, өң-түспөлүн, сын-сыпатын аяр талкуулап, кагелесин, мүсүрөгүн болжоп, мелжеп олтуруп, бир пикирге келгенбиз, сүрөтүн колго тарттыралы деп.  Ошол кезде биз, бир аз убакыттын тардыгынан шашып калдык. Сүрөтүн деле издетсек болмок, бий атагын алган кебете-келбетин орустар сүрөткө тартып калышы мүмкүн эле. Балким Алматы, Москва ж.б. шаарларындагы илгерки тарыхый документтерди, сүрөттөрдү сактаган архивине кайрылсак, оңчулуктуу бирдеме табылат беле, ким билет?

            Китебин басмага даярдап, 170 жылдык мааракесине кызуу камылга көрүп жатканда, бейнесине, портретине болгон муктаждыктан, Кыргыз республикасынын эн-белгиси- гербдин автору Асейин Абдраевге атайын тапшырма берип, элесин кагазга түшүрткөнбүз. Буга учурунда Арстанбек атабызды көрүп, учурашып, бет келишип сүйлөшүп калган замандаштарынын айтуусундагы мүнөздөмөлөрдүн, сыпаттоолордун чоң пайдасы тийди. Башкача айтканда, бул элес, сүрөт чогултулган курамалуу жыйынтык. Ал жеке кишинин ойдон чыгарып, ойлоп тапканы эмес, сезим чабытында акыл калчап, “жети  өлчөп” жатып, ушул вариантын көпчүлүк менен жактырганбыз.  Ошол сүрөт кийин Ысык-Көл энциклопедиясына ж.б. жактарга пайдаланылып жатат. Буюрса бул бейне-сүрөттү эл жакшы кабыл алды. Азыр Арстанбек Буйлаш уулуна тийиштүү иш чаралар өтүп калса, Асейин Абдраевдин кол эмгеги эң биринчилерден болуп, көрүнө жерлерге илинип жүрөт.

            Ал эми комузу боюнча ар түркүн кептер, аңыздар айтылат. Бирок, бизге так маалымат жок.  Мындай жасалгалуу комуздун даңазасы далайга чейин даңкталат окшойт. Керек кезде кыскарып же узарып, добушу жанга жагым, уксаң мукам, кол ойнотсо бир укмуш үндү коштогон, жүрөктү тургай  жүлүндү козгогон,  башкача дубанда жок аспап экенин кесипкөй адистер,өнөрпоздор айкындашат. Атүгүл  Арстанбектин өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдеген ар бир аалым же илимпоз комузу жөнүндө атайын кеп козгоп, анын жасалгасына токтолбой койбойт.демек Дөөтү колдогон далил уста Айтмамбеттин белеги, Кыдыр даарыган Арстанбек акындын жөлөгү болгону акыйкат чындык.

            Көзү өткөн соң комузун сөөгү менен кошо көмдү дегенден алысмын, адатта кыргыз баласы ата-эненин кармаган буюм-тайымы менен ийим-кечесин барктап, кийинкилерге таберик кылып сактамай адатынан азырынча тая элек.

            Атактуу акын, көсөм философ, улуу ойчул, төкмө ырчы жана чебер комузчу, олуядай көзү ачык даанышман Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча  коомдук комиссиянын төрагасы, Кыргызстандагы тынымсейит уруусунун башчысы, коомдук ишмер Муканбай Курманкожоев Жунушалиевичтин  демилгеси менен Жети-Өгүз өрөөнүндөгү Жууку капчыгайындагы бейитине мармардан чакан таш белги коюлган.

            2022-жылы Нарын шаарындагы №8- орто мектепке Арстанбек Буйлаш уулунун ысымы ыйгарылган.

 

Маалыматты даярдаган: А.Акматова

Колдонулган адабият:   Эл менен сен бийиксин. 377-378 бет.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.