Асанкан Жумакматов - “Атактуу дирижёрдун даңктуу жолу”аттуу онлайн-баяндама

Дүйнөлүк музыканын сыйкырдуу кайрыктары менен жашап, өмүрүн өткөргөн кыргыздын профессоналдык музыкасынын негиз салуучуларынын бири, айтылуу дирижер  Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин мурдагы көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Асанкан Жумакматов 1923-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата айылында болуштун үй бүлөсүндө туулган. Кыргыздын тунгуч дирижерлорунан болгон Асакем өзүнүн 85 жаш өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнады. Ал алты жашынан ата-энеси менен байдын тукуму катары Украинага сүргүнгө айдалат. 1938-жылы Асанкан Фрунзеге (Бишкекке) кайтып келет. Ордо калаадагы педагогикалык окуу жайында окуйт. Бир эле мезгилде кыргыз музыкалык-драмалык театрынын оркестринде иштейт. Урма аспапта барабанда ойнойт.
1941-жылдын ноябрында Асакем “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деп өз каалосу менен мекенди, элди коргоо үчүн Улуу Ата-Мекендик согушка аттанат. Ал Сталинград шаарында душмандар менен баатырларча салгылашып жүрүп, оор жарадар болот. Ал сакайып мекенине кайтып келери менен Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлук бөлүмүндө окуйт.Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрлештирип радиого жаздырган.Асакем окуу жайын бүтөөрү менен Кыргыз опера жана балет театырында коюлган “Айчүрөк”, “Көкүл”, “Кармен”, “Көл боюнда” операларынын “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” музыкалуу драмаларынын, “Ким кантти” музыкалык комедиясынын жана башка операларды, балеттерди дирижерлойт.
Жогорку музыкалык билимден чаңкаган Жумакматов 1952-57-жылдары Москва Консерваториясынын дирижерлук факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижер болуп иштейт. Ондогон дүйнөлүк ысымдагы жана кыргыз композиторлорунун операларын, балеттерин, концерттерди дирижерлойт. Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрлештирип радиого жаздырган. 1962-жыл. Декабрь айы. Дүйнөлүк классикалык операларды, балеттерди, симфониялык чыгармаларды дирижерлоп келген Асанкан Жумакматовдун чыгармачылыгынын жаңы баракчасы ачылат. Кыргыз филармониясында К. Орозовдун “Ибарат”, “Сынган-Бугу”, А.Огонбаевдин “Ой булбул”, “Күйдүм чок” аттуу өзгөчө ыргактардагы элдик салттуу музыканын баш аттарынан аталган классикалык күүлөргө, оборндорго жаңы өмүр жаратууда Асанкан ар бирине өзүнчө чыгармачылык ыкма таап талбай, талыкпай изденген. Айрыкча ал Карамолдонун “Ибаратын” оркестрге не бир укмуштай уккулуктуу, мукамдуу, комузда кандай чертилсе, ошондой түшүрүүгө аракетенген. Жумакматовдун демилгеси менен 1969-жылы өлкөдө алгачкы симфониялык оркестр иштейт баштаган. Азыр ал оркестр Асанкан Жумакматовдун ысымын алып жүрөт.

Залкар талант Азербайжан Мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижеру болуп да иштеп калган жайы бар. СССРдин эл артисти Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрининин башкы дирижеру, көркөм жетекчиси. Мезгил алга канат сермеген сайын Жумакматов оркестрдин өздүк репертуарын байытуу менен анын жамаатын таланттуу жаш ырчылар менен да толуктайт. Алардын арасында Кыргызстанда туулуп өскөн Анатолий Зайцев менен Сабира Суранчиева да бар эле.

“Маэстро кулдай иштеп, хандай жашачу...” - деп эл артисти Дарика Жалгасынова эскергендей,
Асанкан Жумакматов агайыбыз жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Агайыбыз Кыргыз Эл Баатыры деген чоң сыймыктуу наамды алууда бүт өмүрүн жумшап келди. Сыртынан караганда элге оңой эле жете тургандай дирижерлук кесипте агайыбыз күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө эмгектенди. Ал өзүнүн профессионалдык көз карашын эч кимге бербей, айыгышып, өчөшүп, эрегишип, өжөрлөнүп отуруп көрө албаган каршылаштарын жеңип келген.

1972-жылдан театрга келген жаңы агымдагы жаш таланттар Болот Миңжылкыев, Хусейин Мухтаров, Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова, Токтонаалы Сейталиев, Эркин Касымов, Аманбек Нуртазин жана башкалар келишти. Бул кезде театрда өзүнчө бир толкун пайда болду. Мына ушул кезде маэстронун таланты ашып, ташып турган кези эле.

Он беш союздук республиканын атактуу артисттери менен карым-катыштар, өз ара байланыштар күчөп, “Ала-Тоо жазы” фестивалы өтүп, биздин артисттердин Москва жана Ленинграддын атактуу театрларында ырдашыбызга агайдын эмгеги ат көтөргүс болгон эле. Эгерде ошол кезде маэстродой адам болбосо, биздин жаш ырчылардын тагдырлары кандай болот эле, бир кудайдын өзү билет эле. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты далай жаштарга жол көрсөтүп, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Дирижерлук менен гана чектелбестен, жаш улан кыздарга билим берген Профессор Жумакматов Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берген


Болот Миңжылкыев Америкада, Кайыргүл Сартбаева Японияда ырдап, элибизди, жерибизди таанытты. Эгерде, маэстронун даанышмандык саясаты болбосо жаштарыбыз өспөйт эле. Ал кыргыздын-кыргызчылыгына, досчулугуна, жердешчилигине берилбестен, талантты гана сыйлаган, бетке айткан, тартынбаган адам эле.

Маэстро жашап өттү, көпбү азбы,
Доор менен тең тайлашып жолду басты,
Кыргызымды таанытып дүйнө элине.
Маэстро Европага эшик ачты.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.