Ата-эненин жүрүм-туруму балага кандай таасирин тийгизет?

“Аш берсең – аш аласың, таш ыргытсаң – таш аласың, тарбияңа жараша, уулуң болот замана”.-деп кыргыз элинин агартуучусу Нурмолдо айткан экен. “Ата-эненин балага берген эң чоң белеги, жакшы тарбия” деп элибизде айтылгандай, баланын жүрүм-турумуна карап анын кандай үй-бүлөдөн экенин билүү кыйын деле эмес. Себеби, баланын акыл-эси калыптанып баштагандан – “уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”-дегендей, көргөнүн жасаары бышык. Үй-бүлөдө балага кандай мамиле кылынса, баланын аң сезиминде да ошол нерсе калыптанат.

         “Ата-эне – бала тарбиясындагы негизги  түркүк.Ошондуктан ата да, эне да баланын жан дүйнөсүнө үңүлүп, кулк  мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү билгени  жакшы. Балдар менен сүйлөшкөндө алардын да пикирин угуу керек. Өзүнүн баласы менен ачык сүйлөшүп, сырдаша албаган ата-энелер: “Экөөбүз тең жумуштабыз, кечкисин үй тиричилигинен  кол бошобойт, бала менен сүйлөшүүгө убакыт жок”-деп айтышат. Бул жакшы эмес. Бала менен сүйлөшүү  үчүн  атайын убакыт бөлүүнүн деле кереги жок. Ата-эне уул кыздары менен үй тиричилигин кылып  жатып  деле  ой бөлүшүүгө неге болбосун ?  Үй-бүлөдөгү  жаңжал, чоңдордун оозуна келген сөздү сүйлөөсү, баланын көзүнчө башка бирөөнү сөгүү, бирөөнүн артынан сөз кылуу, ушактоо да балага терс таасирин тийгизет. Баланын көзүнчө улуулар менен ата-эне адептүү болгону жакшы. Мисалы, арак менен тамекинин көптөгөн зыяндарын билип туруп, балдардын көзүнчө арак ичип, үстөкө-босток тамеки тарткандар бар. “Көрүнгөн тоонун алысы жок” дейт, эртең эле уул өсүп эр жетет, кыз өсүп бой жетет. Ошондо арак менен тамекинин зыяндуулугун кантип айтат?

         Негизинен үй-бүлөсүнүн   ынтымагы кетип, ата-энеси ичкиликке  берилген же болбосо аз камсыздалган өспүрүм көпкө чейин жадатма көрүнүштөргө, уруш-талаштарга, ызы-чууга чыдап жүрө албайт. Ошондуктан андай үй-бүлөдө өскөн балдар үйүнөн башка жакка качуунун аракетин көрөт же тескери жаман жолго түшүүгө аргасыз болот. Албетте, ар бир эле адам турмуштук көйгөйлөрүн унутуп,  көңүлүн көтөргүсү келет. Эгер ошол балдар терс жолго азгырылып кетсе, анда теректин бир бутагы кыйшык өстү дей бериңиз. Бактысы кыз, бузулган  уул  ушундан улам келип чыгат. Ошол кезде негизги күнөөнү кимден издейбиз? Ооба,  ошол кезде өзүбүздүн  терс журум-турумубуз менен балдарыбызга тескери  тарбия берилип жаткандыгын убагында аңдай албадык. Бала уядан эмнени көрсө , ошону алат дегендей , ата-эне  балага  өзгөчө коргоочу болсо да, анда балаңыз өзүмчүл, дайыма артынан бирөөнүн жүгүрүп жүргөнүн  каалаган, өзүнө ишенимсиз, оз оюн ачык айта албаган, жашоого олуттуу карабаган, тартипсиз, туура эмес иштерине башкалар күнөөлүү деп эсептеген балдардан болуп тарбияланат.

         Ал эми кысым көрсөткөн үй-бүлөдө тарбияланган балдар : ачуусу чукул, таш боор, өзүнөн алсыздарга зомбулук көрсөткөн, өз күнөөсүн мойнуна албаган, тил албас орой же тескерисинче түнт, ыйлаак,өтө сезимтал, ичинен сызган,жоош,өзүнө ишенбеген,өзгөлөрдү кубантуу үчүн жашаган,өзүн эске албаган, оюн айтууга батынбаган, уялчаак, коркок болуп тарбияланат.

         Демократиячыл үй-бүлөдө тарбияланган  балдар: көпчүлүк менен тил табыша алган, жамааттык ишке даяр, өзүн түшүнгөн,достору менен ынтымактуу, сезимталдыгы бир калыпта, бактылуу жана өзүнө ишенимдүү болуп өсөт. Демек ата-эне тарабынан балага  көп көңүл  бөлүнбөгөн учурда, балага берилчү тарбиянын жа жетиштуу болбосу анык.

Баяндаманы даярдаган :      Жунусалиева Ж.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!