
Бермет Өмүрова - КРнын Эл артисткасы
«Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Биз самаган, биз жетпеген көптөрдү…» деп сыздап ырдап, залда отурган улуу-кичүүнү бирдей арбап алчу Бермет Өмүрова эжекебиз тууралу азыноолак баян курам, сиздерге жагат деп ойлойм.
Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисткасы Бермет Өмүрова эжекебиз менен бир күн бою маңдайлаш, не бир керемет да, не бир кызыктуу да сөздөрүн, жакшы тилек ойлорун угуп отуруп келдим. Жашы 80 дин кырынан эчак ооп бара жатса да, ажарлуу жүзүнө, укмуштуудай бажырайган сулуу көздөрүнө , анча-мынча келиндерден тың жүрүшүнө, акылынын тунуктугуна, тээ качанкы бала кезиндеги окуяларды кадимкидей тизмектеп, адашпай айтып отурганына тан бердим.
Мен Нарын театрында иштеген жана иштеп кеткен мыктыларды, залкарларды көзү барын да, көзү жогун да жазып, алардын ийгиликтерин коомчулукка даңазалап, элге алып чыгуу иш планымда бар эле. Бир күнү Бермет эжеме жолугуп, «Эжеке, сиз жөнүндө жазайын»- дедим. Десем, «Ой карангүн, сен мени жазып эмне кыласың, тиги өтүп кеткендердин арбагы ыраазы болсун, ошолорду жаз. Залкарларды жаз» -деди. Бир кызыктай болуп кетип калдым. Үйгө барып ойлонуп отурдум. Биз кыргыздар ушундай калк болот экенбиз.
Эмне үчүн өлгөндөн кийин жазыш керек, сиз бар кезекте өз оозуңуздан угайын. Аларга деле кезек жетет эжеке. Анын үстүнө алардын жакындары бул жерде жок болуп атышпайбы. Шаарга барсам кенен кесири жакындарына жолугам сөзсүз. Сиз деле залкар адам экениңизди унутпаңыз».-деп кайра чалдым да бардым. Эч кандай интернет булактарынан эмес, башка маалымат булактарынан эмес, өз оозунан уккандарымды баяндап бермекчимин.
Бермет Өмүрова 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Темировка айылында (мурдагы Карагай Булак айылы) төрөлгөн. Туулган күнү негизи 13-сентябрь экен. Атасы 16-сентябрь деп жаздырып койгон экен. Атасы айылдын бир чети молдосу, бир чети ошол айылдан чыккан олуя адам болуптур. Айтканы айткандай келип, дегени дегендей болуп турган. Анча-мынча сыркоолоп келгендерди дем салып деле, башка касиеттерин колдонуп деле, сакайтып койгон жайы болгон экен. Жаман кабар болоордо да, «чуу чыгып атат» деп алдын ала болчу жамандыкты да айтып койгон. Алдын ала үйгө мейман келээрин да билип, дасторкон жайдырып койгон жагы да болгон экен. Атасынын иниси, «Эл душманы» деп, жалаа менен атылып кетип, айыл аксакалдары чогулуп туруп, анын жесири инисинин аялына атасын үйлөнтүп коюшкан. Ошондо 30 жаш кичүү келинине үйлөнүп, андан эки кыз, бир эркек калып, ал эркеги да чарчап калган. Эки үйдөн балдарын бирдей багып чоңойтуп, ал эсеп боюнча 7-8 бир тууган болуп жүргөн, а эженин өзүнүн кара чечекей сиңдиси азыр ушул тапта Караколдогу театрда эмгектенген Гүлайым Осмонова Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисткасы.
Ошол өзү төрөлүп өскөн айылында бир эле орус мугалим болуптур, Иван Иванович Силимко деген. Ошол мугалимдин арты менен ошол айылдын балдары орусча тилди мыкты өздөштүргөн. Мектепте окуп жүргөндө Жамал Сейдакматова экөө бир мектепте окуп, бирге ыр сабагынан ырдап да жүрүшчү экен. Жамал эже «Балыр болуп түбүңдө, жаткым келет Ысык-Көл..» деп ырдачу тура. Аны көргөн Бермет эже, апасына барып, «Мен эмнени ырдайм»? –дейт. Энеси бир ырды үйрөтөт. Ошону кадимкидей ырдап берсе, эженин эске тутуусуна таң калдым. Эми андан бери канча жыл өттү…энеси жакшы ырдачу экен. Бир күнү энеси балдардын акчасын алганы сельсоветке, жаан куюп куюп атканынан, башына кыргыздын сокмо кабын кийип алып бараткан тура. Аңгыча эле, бир арабада бир киши жаандын төгүп атканына карабай, ырдап кетип баратат дейт. Куюп аткан жаанга карабай, Темировкадан Григоревкага чейин арабанын артынан калбай ээрчип барып, жаттап алган ыры бар экен. Бермет Өмүрова эжебиздин энеси да аябай жакшы ырдачу экен. Көрсө ал азыркыга чейин ырдалып келе жаткан, Атай Огомбаевдин «Эсимдеси» тура.
Мектептен окуп 7-классты бүтүрүп, Ананьево айылында медициналык окуу жайынан 8 ай окуйт. «Эң мыкты» деген окутуучу -врачтардан сабак алып, «Ким бүгүн дежурный»- десе эле, «Мен» -деп эле догурунуп барып , практикадан өтүп жүрүп, көп нерсени үйрөнгөн экен. Атасынан элди кандай эмчи-домчулук менен айыктырганын көрүп, ошол ыкма менен да ооруп жаткандарды дарылаганды үйрөнгөн. Ырчылык, сөзмөрлүк апасынан өткөн. Ал кезде мектепте деле, андай окуу жайда деле жашына карабай улуу-кичүү баары чогуу окуй берчү тура. Окууну бүтүп,эми документ колуна тийээр кезде, апасы келип , эл катары муну да ала качып кетеби деп, алып кетип калып, окууну бүткөнү жөнүндө эч бир тастыктаган кагаз албай калган тура. Анын үстүнө согуш учурунда көп догдурларды, эмчи айымдарды согушка алып кетип, ал жактан кайтпай калганын билген жарыктыктар, коркуп калып, бир чети документ алып бербей коюшкандай, эженин айтуусунда. «Мектепте жүргөндү спортсменка элем, узундуктан 190 го чейин, бийиктиктен 130 га чейин секиреээр элем» дегенин угуп, чын эле ишенип турдум , себеби азыр деле шайдоот мүнөзү, ошол кезинен кабар берип тургансыйт. Ата-энеси берчү күйөөнү жактырбай, Чолпон-Ата шаарындагы кыздардын ат үстүндө машыгуучу жайына тандоо келгенде жарап калып, ал жакка барып, Конезаводдо иштеп, кыздардын ат чабышына катышып машыгып турган. Андан бүткүл союздук ат чабыш оюндарына жолдомо алып, Россиянын көп жерлерин кыдырып, Харьковдо, Железноводскиде, Пятигорскиде, Ростов на Донуда, Льбовдо болуп, жыйырма жашка келгенде Кыргызстанга кайтып келген.
Андан келген соң жумуш издеп жүрүп, азыркы Ош базарындагы «Суусамыр» ресторанына идиш жуугуч болуп иштеп калат. Насыр Давлесовдун Шекер деген эжеси ошол жерде иштечү экен. Ал жерде чоң -чоң мискейлерди жуугандан коркуп кетип калгысы келет. Аны байкаган кыргыздын түшүн жоруган, кыргызча сүйлөгөн караколдук орус шеф повар эт бөлгөнгө коюп, ал жерде иштеп калат. Бир жумага жетип-жетпей бардык жумушту өздөштүрүп, иштеп, иштин көзүн бат эле өздөштүрүп, Казакстанга чейин, Москвага чейин тамак- аш көргөзмөсүнө барып келген. Мыкты иштеп жатканы боюнча өкмөттүк сыйлыкка көрсөтүү үчүн бир орус абышкага, «баягы кыз ушул» деп айтып атса, «мени эми ушул орус абышкага күйөөгө бергени жаткан турбайбы»-деп ал жерден колунун оорусун шылтоолоп чыгып кетет. Көчө бойлоп келе жатса, бир жерден ырдаган үндөр чыгып, ал жака кирсе, ал жерде бир сары аял отурат дейт.
-Эмне ырдаганы келдиңби- дейт.
-Ооба-дедим.
- Кир –деди, кирдим.
Ысмайыл Борончиев, Асек Жумабаев отурган экен. Аларды шак эле тааныдым. Дагы бир купкуу болгон киши нары жакта турат.
-И ырдап көрчү, кайсыны ырдайсың?- деди Борончиев.
Бектемир Эгинчиевдин «Айнагүл» деген ырын ырдап берсем, Ысмайыл Борончиев алаканын таптап чаап туруп,
-Баракелде кызым, таптап алыска чаба турган бала экен –деди.
Ал жерден дагы текстерди туура эмес ырдаганымды бирөө эскертип, андан ары эшикке чыктым. Эшикке чыксам кулак түрүп тыңшап тургандар бар экен. Көрсө, ал Тууганбай Абдиев жана башкалар экен. Суусамыр ресторанында иштээримди айтып кеттим эле, иштеген жериме келип, мени филармонияга чакыртып кетишти. Ал жерден Жумакматовдун кароосунан өтүп, кайра келгенден кийин оркестрдин солисткасы болуп иштээрим эскертилип, Мамбет Таранчиевдин бригадасы менен бир айга, Гүлжан Сейиткулова, Сүйдүм Төлөкова,Төлөш Турдалиев, Газиза Өмүрбаева,Нурила Касымова, Зуура Сатаева, Тельман Сыдыков, Бабажанов, мен, Мамбет Таранчиев болуп бир айлык гастролго чыгып кеттик…
Бир айлык гастроль алты-жети айга созулуп, кайра келгенден кийин, тагдыр буюруп, Мамбет Таранчиевге баш кошот. А киши менен жашап, экөө филармонияда иштеп, эже сатирада ойноп, ырдап, гастролдоп көп жерлерди кыдырып, Москвага чейин барып келишет. Мамбет Таранчиев өзү төкмө акын болгон. Ал кезде азыркыдай төкмө акындардын айтышында, А.Айталиев, Т.Тыныбеков жана башкалар айтышып, чымчып сүйлөшчү тура. Ошондой кездердин биринде, Мамбет Таранчиевдин айтышта бирөөнө айткан,
«Жаттап алган экенсиң,
Көп кишинин кептерин.
Кийип алган экенсиң,
Көрүнгөндүн чепкенин.
Төш чөнтөктөн түшө элек,
Райкандын дептери…» - деген чымчыкей сөзү үчүн, филармонядан чыгып калган тура. Андан кийин төкмө айтышка руксат бербей, жазма айтыш болуп калган экен. Алдын ала текшерип туруп, сахнага чыгышкан. Атактуу төкмө Замирбек Үсөнбаевдин устаты болгон экен кезинде. Замирбек Үсөнбаевдин айткандарында бар, ал жөнүндө. Лениндин 100 жылдыгына карата алган медалы, Москвага декадага барганда алган лауреаттык төш белгиси гана болгон. Башка Ардак грамоталарынан бөлөк, өкмөттүк сыйлыгы болгон эмес. Ошол филармониядагы окуядан кийин, 1978-жылы жаңы ачылган Нарын театрына келип эмгектенип калышкан.
Бермет Өмүрованын айрыкча атактуу куудул Асанкул Шаршенов менен сатирада ойногон учурлары көп болгон. «Сырдашуу», «Шүүдүрүм»,«Эмне кылдым», «Биздин айыл», «Ош», «Кайрылсаң боло мен үчүн », «Кечирип кой», жана башка репертуарында көптөгөн ырлары бар.
Нарын театрында иштеп жүргөн кезинде, «Аксаткын менен Кулмырза», «Гүл кармаган бала», «Айылымдын апендилери», «Эрте жаздагы турналар», «Сибирь челноктору», «Өлтүрчү менин кымбатым», «Баян», «Доор аяны», «Дарыянын шоокуму», «Ханума», «Масканада таржымакал», «Трибунал», «Сапарлашым», «Нарын жээгинде», «Күйөө бала» жана башка 50 дөн ашык спектаклдерде каармандардын образын жарата алган. «Үркүндөгү окуялар», «Жалбыз жыты» жана башка кинотасмаларда ойногон. Нарын театрынын ар бир концерти укмуш өтөөр эле. Ошол концерттердин биринде эже ырдап атат, «Кечирип кой» деп созгон жерине келгенде бир ата отурду эле, тура калып эле, «Э атаңдын көрү дүнүйө ай» деп эле калпагын булгалып кыйкырып атат. Жанында отурган байбичеси не бир тыя алсачы. Күлбөгөн адам жок. Муну айтканымдын себеби, эже жүрөккө жеткире, жүлүндү аралатып ырдайт эле да…
Жолдошу Мамбет Таранчиев 1983-жылы август айында өмүрдөн өтүп кеткен. Ал кезде Бермет эжебиз болгону 42 жашта эле.
Экинчи никеси болгон КР нын Эмгек сиңирген артисти Эсенгелди Сатаровго 46 жашында турмушка чыккан. 2007-жылы а киши да дүйнөдөн өтүп кеткен.
«Эмгектин ветераны»-1984-жыл
1965-жылдан баштап, театр ишмерлер союзуна мүчө
КР нын Эмгек сиңирген артисти- 1995-жыл
КР нын Эл артисти-2021-жыл
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Саякбай Манас» медалы-
Нарын шаарынын, Нарын облусунун Ардактуу атуулу
Жумамүдүн Шералиев «Улут жүзү» медалы жана башка көптөгөн сыйлыктары бар.
Эки кыздын энеси. Улуу кызы Айдай Дубайда иштеп жүрөт.
Кичүү кызы Диана МУК та кадрлар бөлүмүндө иштейт.
Дагы да болсо, ажарлуу артистка кинолорго тартылуунун үстүндө иштеп жатат. Дагы да болсо шүгүр, алдуу-күчтүү. Экинчи үйү болгон театрдан дагы да болсо кеткиси келбейт. Кээде жаштарга орун берип кетип калгысы келсе да, театрдын жетекчилиги, жамааты кирип-чыгып иштеп туруусун каалайт. Театрдан кыздар келип акыбалын сурап турушат. Кем карчын алып келип беришет. Башында өзү айткандай, көзү өткөн залкарларды да жазууга убакыт келет дечи, анткен менен өз көзү менен маңдайлаш отуруп, бардык өткөн өмүрү жөнүндө, балалыгы жөнүндө, жеке турмушу жөнүндө, башынан өткөн жашоонун оош-кыйышы жөнүндө угуп жазуу жакшы турбайбы. Кечээги күн тарых, бүгүнкү күн жомок болуп калаарын этибарга албайт экенбиз.
Нарын театры Бермет Өмүрованын 80 жылдык мааракесин эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Узун элдин учунан, кыска элдин кыйырынан бери театр үлкөндөрү келишти. Эжеге ушул 80 жылдыгына карата «Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын» беришти. Көзү бар кезинде сыйлыгын берип, урматын көргөзсө сонун болот турбайбы. Эже да сый тамагын берип, артындагы жаштарга ак батасын берип, көптөгөн асыл сөздөргө өзү да арзып баарыбыз көңүл куунак кайттык. Нарын театрында азыркы күндө да, татыктуу сыйлыгын ала албай жүргөн көп жакшылыр, мыктылар бар…атаганат ошолордун да көңүлүн учурунда көтөрүп, тиешелүү көңүл бөлүнсө сонун болчудай.
Эми өзүңүз айтмакчы ылайым эле, тойдон колуңуз бошобой турсун. Акылы зирек, сиздей орду менен карыган байбичелер көп болсун. Адамга өмүр бирдей эле берилет, а карылык баарына бирдей берилбейт турбайбы атаганат…көп жашаңыз эжеке!
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялуу музыкалык драма театры
Басма сөз кызматы. Гүлбүбү Байбугуева
13.09.2022-жыл.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман