“Билим – байлыкка жол ачат” аттуу онлайн баяндама

 Урматтуу окурмандар! Жакында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залына  китепкананын меценаты, өнөктөшү Кыргыз Республикасынын   эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты,  кардиолог-врач Кайыпбек Кадыралиев тарабынан белекке берилген адабияттар боюнча маалымат берип,  сиздерди тааныштырып кетмекчимин.

 Китептерибиздин 1-бөлүгүн укуктук адабияттар түзөт. Алар :  “КРнын Конституциясы”, “КРнын Салык кодекси”,”Уголовный кодекс КР”, “Уголовно-процессуальный кодекс КР” аттуу китептери келди. Бул адабияттар жаңы кошумчалары менен толукталып чыгарылган .  Жапарованын “Мамлекеттик тилде иш кагаздары жана иш каттары” аттуу китепте мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүүгө арналып, айрым иш кагаздарынын үлгүлөрү берилген. Мамлекеттик тилде иш алып барууну турмушка ашыруу максатында китеп жалпы коомчулукка, ишкана, уюмдарга, мекеме кызматкерлерине арналган.

Китептерибиздин 2-бөлүгүн  Окурмандарыбызды ийгиликке карай багыттоочу, жашоосун өзгөрткүсү келген келген ,ийгиликтин сырын билгиси келген окурманыбыз үчүн Жуманазаровдун “Ийгилик- бул сен!” аттуу китеби, адам өзүн өзү гана ийгиликке багыттай алаарын, болгону адамда эң чоң каалоо жана аракет болушу керек экендигин тастыктайт. Ар бир жасап жаткан ишиңди талдай билүү бул – ийгиликтин жарымы деп айтылат.

Ийгиликке жетүү үчүн сатуу жөндөмүн тандооңузду, киреше 10 тараптан келсе, тогузу соодадан келээрин Атабек Каныбек уулу “Сатуунун техникасы” аттуу китебинде баяндайт. Эгерде Кудай сага бир эле жөндөм берем десе, анда сатуу жөндөмүн танда! - деп айтылат китепте. Сатуунун бизнестеги орду кандай?, Акча жок болсо, кантип сатууну баштоо керек?, Сатпаган жалгыз сиз калганыңызды билесизби?, Товарыңыз сатылбай жатабы? Компанияны гүлдөткөн да, банкрот кылган да сатуучулар экенин билесизби?, Бизнести эмнеден баштоо керек? Деген сыяктуу көптөгөн суроолорго жооп аласыздар.

 “Ар бир кыйынчылыкта мүмкүнчүлүк катылып турат, болгону аны көрө бил!” деп акылмандарыбыз айткандай  “САМО” эл аралык адамды өнүктүрүү борборунун президенти,экономикалык өнүгүүнүн , психология  илиминин  доктору, бизнес жана маркетингдин профессору, бизнес тренер жана ийгиликтүү бизнесмен  Саидмурод Давлатовдун  “Менин гениалдуу балам” аттуу китебин окуңуздар! “Жашоо- турмушубуздагы бардык жаңылыштыктар жана ийгиликсиздиктер билимдин жетишпегендигинен улам келип чыгат. Бул китепте баяндалган менин катачылыктарым, өз кезегинде бир нече миллиондогон доллардын сарпталышына себеп болду. Өмүрүмдүн кайтарылгыс ондогон жылдарын жоготууга алып келди. Башкалардын жаңылыштыктарын кайталабастан, алардан сабак алып үйрөнүү керек. Китептеги билимдерди туура колдонсо, сиздин балаңызга  25-27-жашында  финансылык жактан эркин болууга жардам берет же финансылык туруктуулукка жетишүүгө көмөктөшөт” – деп айтат автор. Ата-эне баласына төмөнкүлөрдү калтыруусу керек: - өз алдынча ойлоно билүүнү, акылга салып түшүнүүнү жана эмгектенүүнү, ойлогон оюн жүзөгө ашыра алууну.

Ушул эле автордун “Мен жана акча”  аттуу китебинде финансылык эркиндиктин 10 сыры камтылган. Ал сырды таап колдонсоңуз, сөзсүз бардарчылыкка жетишээриңизди баяндайт.

Жубайлар Роберт Кийосаки жана Шэрон Лестердин  “Акча агымынын квадранты” аттуу китеби Робер Кийосакинин “Бай атам, кедей атам” аттуу китебинин уландысы. Бул китепте каржы эркиндигине жетүүдөгү бай атанын жетекчилиги, көнүгүүлөрү,  сиз акчага эмес, акча сизге иштеп берүусүнө үйрөнөсүз.

Китептерибиздин 3-бөлүгү- психология жаатында  Ронда Берндин “Купуя сыр “ деген китеби сиздерди ийгиликке жетелөөчү, ошону менен катар ден-соолукка, байлыкка жана бакытка  багыт берүүчү  эң керектүү сырдуу адабият!  Бул Сыр кыдымдан кылым карытып өтүп келген, ага ээ болууну самашкан, аны кызганыч менен коргошкон, бирде жоготуп, бирде уурдап алып, ири суммадагы акчага сатып да алышкан. Бул көп кылымдык Сырды бир аз гана улуу адамдар билген: Платон, Галилей, Бетховен, Эдисон, Карнеги, Эйнштейн жана айрым ойлоп табуучулар, теологдор, окумуштуулар жана ойчулдар. Мурда  ал тандалган адамдарга гана таандык болсо, эми бул Сыр бүткүл дүйнөгө ачылып жатат.

Ушуга эле улай Дейл Карнегинин “Адамдарды кантип өзүңө моюн сундурса болот?” деген китебинде адамдар өнүгүү жолундагы максатына туруктуу умтулуусу, акылын ишке салып, туура диалог жүргүзүү чеберчилигине маани беришет жана маектешинин ишенимине ээ болуу аркылуу маселени пайдалуу жакка чечишет, демек  ийгиликке эртерээк жетүү үчүн ким менен качан, кантип сүйлөшүүнү  сунуштайт.

Санаа кишини оорутат, мите курттай жейт. Сарсанаа боло берген киши бара-бара айыкпас ооруга чалдыгат. Канткенде жакындарыбыз менен мамилебизди чыңдап, эл менен тил табыша алабыз?”, “Эмне кылсак тынчсызданбай, жайбаракат жашай алабыз?”, “Мындай заманда канткенде адам бойдон кала алабыз?” деген сыяктуу татаал  маселелердин түйүнүн чечкиңиз келсе, көйгөйлөргө көмөк издесеңиз, анда атактуу психолог Дел Карнегинин даанышман пикирлерге карк толгон  “Санаасыз жашоо өнөрү” аттуу китебин окуңуз.

Дейл Карнегинин 3-китебинен  “Чыр чатактуу баардык кырдаалдан кантип чыгып кетсе болот” деген китеби сиздерди түшүнбөстүктөрдү, чыр-чатактарды, келише албастык жана конфликттерди чечүү жолдору,адамдар ортосундагы мамилени сактап калуу, нерселерге башкалардын көз карашы менен кароону үйрөнүү, бир пикирге келүү жөнүндө маалыматтарды аласыз. Бул китепти окуу менен жумуштагы жана  жеке жашоодогу чыр чатактуу же талаш кырдаалды жөнгө салууну билүү менен Сиз, баалуу кызматкер гана эмес, жашоодо көп нерсеге жетишкен бактылуу адам дагы боло аласыз.

Джен Синсеронун “Наалыба” аттуу китеби кылымдар бою айтылып келген даанышмандык: наалыганды токтот, бай болууга убакыт келди дегендей татыктуу киреше табуу жолундагы тоскоолдуктарды гана алып тим болбостон, олуттуу максаттарга жетүүгө бел байлаткан энергия менен күч кубат берүүчү адабият болуп эсептелет. “Тагдырына таарынганды токтоткон адам гана бай боло алат”-деп айткан шык берүүчү китептин автору Джен Синсеро.

Джен Синсеронун “Айныба” аттуу китеби күн сайын өзүнүн үстүнөн иштеген адам гана өзү кыялданган жашоодо жашаарын тастыктайт жана ар бир күнүңүздү позитивдүү сезимдердин жетекчилиги алдында өткөрүүңүздү, канчалык чечкиндүү болгонуңуз, натыйжада канчалык ийгиликтүү боло турганыңызды аныктаарыңызды сунуштайт.

Хэл Элрод “Таңкы убактын сыйкыры” (Магия утра) китеби адамдардын жашоосун өзгөртөт,адамдарга тагдырдын соккуларына кантип туруштук берүүнү,  уйкудан ойгонгондон кийинки биринчи саат бир күндүн бүткүл ийгилигин аныктаарын, ошондой эле таңкы убак адамдын потенциалын ачууга кантип жардам берээрин баяндайт.

Брайан Трейси “Убакыттын чебери” аттуу китебинде “Сиз жашоону баалайсызбы? Анда убакытты жөнү жок коротпоңуз, анткени жашоо так ошондон турат”-деп Бенджамин Франклин айткандай убакытты баалоо, туура пайдалануу, ар нерсени өз убагында аткарууну, ийгиликке, бакытка жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу боюнча убакытты башкаруу стратегиялары менен таанышасыз.

Брайан Трейсинин 2-китеби “Комфорт зонасынан чык” деп аталат. Дүйнөдөгү эң көп сатылган, 40 тилге которулган жана 1 200 000 нускада басылган  китепте жеке жашооңду өзгөртүү, жеке натыйжалуулукту көтөрүүнүн 21 ыкмасын окуп, жеке жашооңузду түп тамырынан бери өзгөртүүңүзгө жардам берет. Жашооңуздарды  пландоо аркылуу, талыкпаган эмгек, башкалардын тажрыйбасынан  маалымат алуу  менен, эң башкысы уккан нерселериңди өүңдүн жашооңдо колдонуу – бул Сиздин  келечегиңизди ,жашооңузду өзгөртө алаарыңызды ар дайым эсиңизге сактаңыз!. Китепти окуңуз дагы, аз убакытта көп ишти бүткөрүү мүмкүнчүлүгүн алыңыз.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.