Дүйнөлүк адабияттын чолпон жылдызы - Чыңгыз Айтматов

Чынгыз Айтматов “Адамга кун сайын адам болуу кыйын” деген улуу сөз залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго таандык. Айтматовдун адамдык сапаттары-анын чынчылдыгы, терең акылмандыгы, жалпы адамзаттын тагдырына күйүмдүүлүгү жана элине болгон сүйүүсү унтулгус мурас болуп калды.

Дүйнөгө белгилүү,кыргыз элин, жерин ааламга тааныткан улуу залкар Кыргыз эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 1928-жылы 12-декабрда Талас областындагы Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган.

Тогуз жашка чыкканда атасы Төрөкул күнөөсүз жерден репрессияланып, пантуркис катары атылып кеткен. Жазуучунун балалык чагы бир топ оор кыйынчылыктар менен өткөн.   Ал орус жана кыргыз мектептеринен билим алган. Улуу Ата Мекендик согуш убагында убактылуу окуусун таштап, Шекер айылдык кеңешинде секретарь, райондук финансы бөлүмүнүн салык агенти, трактор бригадасынын эсепчиси болуп иштеген. 1948-жылы Жамбыл шаарындагы зооветтехникумун бүтүрүп, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргызстан айыл-чарба институтту аяктаган. 1956-1958-жылдары СССР Жазуучулар Союзунун Москвадагы жогорку адабият курсунда окуйт. Ал эми 1959-1960-жылдары “Литаратурный Киргизстан”журналынын редактору, андан кийин беш жыл бою”Правда”газетасынын Кыргыз ССР индеги кабарчысы, кийин Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган.

Жазуучунун япондук бала жөнүндөгү “Гезитчи Дзюйо”деген биринчи аңгемеси 1952-жылы жарык көргөн. 1958-жылы басмадан чыккан “Бетме -бет”повестинде жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун, Сейде сыяктуу карапайым кыргыз аялынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү өз жанын Мекенден жогору койгон Ысмайылдын тагдырын баяндайт. Ал эми махабат темасын козгогон” Жамийла” повести жазуучунун атын алыска тааныткан чыгарма.  Француз жазуучусу Луи Арагон повести француз тилине которуп, ”Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деген баш сөз менен чыгарган. Улуу Ата Мекендик согуштун каармандыгы да, трагедиясы да “Бетме-бет”, ”Жамийла”, ”Саманчынын жолу” “Эрте жаздагы турналар”повестеринде чагылдырылып турат.

Жазуучу өзүнүн балалыгына туш келген согуштун катаал күндөрүн элесин алып ”Эрте жаздагы турналар”аттуу автобиографиялык лирикалык-романтикалык повесттин жараткан. Жаштарга арналган дагы бир лироромантикалык чыгармасы “Ботокөз булак”повести. Жазуучунун чыгармачылыгында легендалар, уламыштар, жомоктор, мифтер кеңири пайдаланылат. Жаштардын коомдогу орду, нравалык,үй- бүлөлүк мамилеси жөнүндө жазылган “Кызыл жоолук Жалжалым”, “Кызыл алма”, ”Гүлсарат”  айрыкча “Ак кеме,”Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”повесттериде,”Кылым карытаар бир күн”,”Кыямат”,” Кассандра тамгасы”романдарында адам жашоосун Мезгил - мейкиндик жактан: балалык менен карылыктын, байыркы доор менен келечектин, табият мейкинин, жеке мүнөздөгү, ой-туюму, көз карашы, элестүү дүйнө таанымы, адамдын жан дүнөсүн козгоп, өмүр жана өлүм, кубаныч жана кайгы, адамгерчилик жана карөзгөйлүк, абийир жана абийирсиздик, бийлик жана ынсап, бакыт жана бактысыздык, ар намыстуулук жана арсыздык сыяктуу татаал суроолорго жооп табууда.

Жазуучу маңкуртизм темасын көтөрүп чыгып,”Кылым карытаар бир күн “ романында адамдардын турмушуна тийгизген терс таасири жөнүндө кызыктуу баян жараткан. Ч.Айтматовдун ”Фудзиямада кадыр түн” адабий биографиясындагы алгачкы драмалык чыгармасы , казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен биргеликте жазылган. “Тоолор кулаганда” романы Ч.Айтматовдун калеминен жаралган акыркы чыгарма.Чыгармада баш каарман Жаабарс аттуу ак илбирс менен Арсен Саманчиндин каргашалуу тагдырын сүрөттөө менен көптөгөн социалдык экологиялык ж.б.көйгөйлөрдү баяндайт. Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлге көтөрүп, дээрлик бардык чыгармалары дүйнөнүн 180 ден ашуун тилдеринде которулуп ,100 миллион нускадан  ашык басылып чыккан.

Дүйнөлүк тилдерге которулушу жана жарыкка чыгарылышы жагынан Ч.Айтматов эң алдыңкы орунда тургандыгы ЮНЕСКО тарабынан такталып чыккан. Францияда бир эле “Жамийла” повести 40 жолу басылып чыкса,ал эми Кытайда чыгармалары 50 жолу, Индияда 10 дон ашык тилде басылып чыккан. Африка өлкөлөрүнүн окурмандары Айтматовдун чыгармаларын сыймыктануу менен окуп келишет. Жазуучунун чыгармаларынын баардыгы кино-тасмаларына тартылып, театрлаштырылып, драма жана опера театрынын сахналарында, дүйнөнүн төрт бурчунда,  бүгүнкү күнгө чейин коюлуп жатат.

Анын чыгармалары боюнча тартылган кинофильимдер эл аралык кинофестивалдардын мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болгон. Ч.Айтматов 1963-жылы “Тоолор жана талаалар баяны” жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыктын лауреаты  болгон. “Гүлсарат” повести, “Ак-кеме”кинофильминин сценарийи, “Кылым карытар бир күн” романы  үчүн  СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, ал эми “Эрте келген турналар”аттуу повестине Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Ч.Айтматов “Эмгек  Кызыл Туу “ордени,”“Социалисттик Эмгектин Баатыры” Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл  Баатыры, Биринчи даражадагы “Манас”ордени, Эл аралык” Алтын бүркүт”ордени ж.б. эл аралык көптөгөн  сыйлыктар менен  сыйланган. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов  2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Улуттук банк “Тарыхый окуялар” сериясынан Ч.Айтматов-90 жыл аттуу коллекциялык 20 сомдук монетасын жүгүртүүгө чыгарган.

Монетанын алдыңкы бетине Ч.Айтматовдун портрети жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Улуу кеменгер жазуучу Чынгыз Айтматовго жана анын чыгармаларына арналган күмүш монеталардын сериясы Санк -Петербург шаарында өткөн.  2011-жылы 30-августа Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында Чынгыз Айтматовдун айкели тургузулган. Ч.Айтматов улуу гуманист,ойчул, жазуучу катары биздин тарыхыбызда -улуттун гана эмес ,бүткүл адамзаттын жүрөгүнөн орун алган руханий жарык. Ошондуктан ал адамзаттын Айтматову болуп түбөлүк эсте кала бермекчи.

 

Макаланы даярдаган:                                 Тагаева Бейшегүл


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.