Элдин улуулугу анын тили менен маданиятында.
Тил-бул элдин тарыхы, Тил-цивилизациянын жана маданияттын жолу.
А.И. Куприн
Элдин улуулугу анын тили менен маданиятында.
Ч.Айматов
Эне тили ар бир улуттун материалдык жана мүдөөлүк мурастарын сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» жыл сайын. Жылдын дал ушул куну «Эне тил күнү» деп белгиленишинин өз себеби бар.
1952-жылы Бангладеш өлкөсүнүн борборунда жаштар эне тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынсын деген талап менен демонстрацияга чыгышып, күч органдарынын огунан көптөгөн студенттер курман болушкан. Ошол күндү эскерүү максатында, эне тил ар улуттун байлыгы экенин унутпоо үчүн 21- февраль «Эне тилдин эл аралык күнү» деп белгиленип калган.
ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, дуйно жузундо 6700дөн ашуун тил катталган. Тилчи окумуштуулардын маалыматына таянсак ар бир 14 күндө дүйнөдө бир тил жоголуп кетүүдо. Жоголуп кетүү коркунучуна туш келген тилдер Сибирдин Суломай кыштагындагы Кет тили, Ооганстандагы Тирахи тили, Армениядан Ловмарен тили.
Эне тил адамдарды байланыштырып туруучу негизги курал жана каражат гана болуп саналбастан, ал ошол элдин улуттук баалуулугун тастыктаган жүрөгү. Бул күн ар бир улуттун өз эне тилин сактоосу, өнүктүрүүсү жана коргоосу үчүн ото маанилүү.
Кыргыз коомчулугунда буга чейин кыргыз тили да ушундай жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин тизмесинде экен деген тынчсыздануулар айтылып келген. Бирок тиешелүү адистер муну четке кагып, бул маселе Кытайдагы Фу-ю кыргыздарынын тилине байланыштуу чыкканын айтышкан. Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Адамзат ошол кайсы бир тилден ажыраган сайын ошондой мурастарынан ажырап калышы толук мүмкүн. Гениалдуу жазуучу Чыңгыз атабыз, «Элдин өмүрү-анын тилинде” деп бекеринен айтпаса керек.
Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар, тилдин көп түрдүүлүгън жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышып өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү менен тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт.
Кыргыз Республикасы көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкө катары бул күнгө маани берилип, өлкөдө жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылуу максатында Эне тил күнү жарыяланып, майрамдалып келет.
“Мамлекеттик тил болгон кыргыз тилибиз — бул биздин эгемендүүлүктүн символу, улуттун маданиятынын негизги бөлүгү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын калкынын, кыргыз улутунун тили.
Кыргыз тили ата-бабабыздын мурасы, муундан муунга отуп келе жаткан ыйык байлыгыбыз. Биз Кыргыз тили аркылуу ата-бабабыздын баалуулуктарын урпакка жеткиребиз, дүйнөгө таанытабыз.”
Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил - адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эт менен тең, эч нерсе алмаштыргыс ыйык дөөлөтү. Кыргыз элибиздин улуттук сыймыгы болгон Кыргыз тили байыркы бай тилдердин бири. Эне тилибиз, кыргыз тилибиз кылымдарды карытып өркүндөп өсө берсин.
Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





