Эмгеги менен элдин эсинде калган Жумамүдүн Кадырмамбетов
Эгемен кыргызстандагы коомдук ишмери педагог Жумамүдүн Кадырмамбетов 1946-жылы 15-февралда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагындагы Эчки- Башы кыштагынды колхозчунун үй- бүлөөсүндө туулган. Биринчи Эчки-Башы жана Нарын шаарынды окуп андан соң, 1963- жылы Ак-Талаа районундагы Ломоносов атындагы орто мектепти аяктаган. 1965-жылдын 10-сентябрынан тартып азыркы Ж.Баласагын атындагы жогорку окуу жайдын тарых факультетине кирип окуп баштайт.
1966-жылы ушул факультеттин сырттан окуу бөлүмүнө которулат да 4- курста окуп жаткан мезгилде ден соолугуна байланыштуу окуусун уланта албай калган. Ал эмгек жолун Коммунизм орто мектебинде тарых мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
Ошентип айылдык мугалим иши жагынан бат эле көрүнүп 1970- жылы Тянь-Шань райкомунда мектептер боюнча бөлүм башчы болсо,бир жылдан кийин секретары болуп кызматы жогорулаган. Ишке илберинки Жумамүдүн Кадырмамтов комсомолдон тарбияланды , такшалды жана 1975- жылы Билим коомунун Тянь-Шань райондук уюмунун башкармачылыгынын жооптуу катчысы,1983- жылы Билим коомунун Нарын облустук башкармасынын референти болуп эмгектенген.
Кандай жумуш болбосун камчы салдырбай иштеп кеткен Жумамүдүн агай 1983-1994- жылдарда калкты социалдык жактан коргогон мекемелерде,облсобесте пенсия боюнча ага инспектор, Профсоюздардын облустук Кеңешинде, айыл- чарба кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунда нускоочу, Нарын облутук «Колхозчу» спорт коомунда төраганын орун басары, ал эми Нарын облусу жоюлуп , Ыссык- Көл облусуна кошулган учурда Нарын шаардын спорт коомунда нускоочу болуп иштеген.
Каарманыбыздын ар кыл жумушту аркалагандыгы анын ар кесипке кызыккандыгы, адистигин арттырууга умтулгандыгы , улуулардын билгенин улайын дегендиги жасаган иштеринен билинип турат.1990-жылдары СССРдин социалдык ,экономикалык, чарбалык абалы начарлап калгандыктан Союздун курамындагы республикалардагы элдердин толкундоолору күчөп, кан төгүлгөн учурлар да катталган. Мындай Кыргызстанды да кысып калктын көпчүлүгү бийлике нааразы боло баштаган. Ошол мезгилде Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК) аталган жаштардын тобу уюшулган. Ал топту Казат Акматов,Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Кадыралы Матказиевдер жетектеген ал эми Нарын облусунан да беттегенин бербеген Жумамүдүн Кадырмамбетов,Орозбек Бектуров,Жумабек Мүсүралиев сыяктуу жигиттер топтолушкан.
Кыргызстан Демократиялык Кыймылы КДКнын уставы программасы кабыл алынып Республика кантип демократиялык өнүгүү жолуна бурулуш керек,бийликке койгон талаптар элге кандай жакшылыктарды алып келет, калктын жашоосу качан жакшырат – деген сыяктуу маселелерди көтөрүшүп, ишти илгерилетүүгө өбөлгө болушкан. Жумамүдүн Кадырмамбетов Нарын облусун Ыссык-Көл облусунан бөлүү боюнча жана климаттык шарттары катаал Нарын өрөөнүндө жашап жана иштегендердин айлыгын , кары- картаңдардын пенсия, пособиясын,студенттердин стипендиясын көбөйтүү,калкка сатылуучу электр энергиясын, көмүрдүн баасын төмөндөтүү, Нарын шаарына троллейбус жүргүзүү, сыяктуу көптөгөн маселелерди ишке ашырууда зор эмгек кылган.1996- жылы ардактуу эл алууга чыккан.«Бир жылды ойлосоң- дан өстүр,он жылды ойлосоң- бак өстүр, элүү жылды ойлосоң- бала өстүр» дегендей бир туугандарынын улуусу Жумамүдүн Кадырмамбетов атасы каза богондон кийин өз ини-карындаштарына жогорку окуу жайлардан окутуп кеп-кеңешин берген жана алардын баары турмуштан өз ордун таап, агасы сыймыктангандай адамдардан болушкан.
Өмүрлүк жолдошу Нарын облусунун ардактуу айымы наамынын ээси Чүйтүкеева Макен эже экөө 3 кыз, 4 уулду татыктуу тарбиялап эрезеге жеткиришкен. Өлкөбүз демократиялык өнүгүп- өссө экен деп эңсеген биздин каарманыбыз «Эмгек вереаны» медалы, «КДКнын 25-жылдыгы» медалы, Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамы жана көптөгөн грамоталар менен сыйланган.
2024-жылы 31- августа78 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Жумамүдүн Кадырмамбетовдун элине калтырыа кеткен мурасы катары «Санжыра жана азыркы доорубуз тууралуу учкай кеп» аттуу китеби жарык көргөн. Бул китебинде тарыхый окуялар жана тарыхый окуяларга байланыштуу ар кыл макалалары, өзү жөнүндө жана Кыргызстан Демократиялык Кыймыл тууралуу макалалар камтылган ошондой эле совет доорунун соңку мезгилин жана Кыргызтандын эгемендигинин турмушун ошол доорлордун өкүлү катары чагылдырып, өз тажрыйбасын жазган инсандардын баяндардын үйрөнүүгө кызыккан окурмандарга, тарыхчыларга жана кыргыз таануучуларга арналат.
«Баатырдын даңкын алыстан ук , жанына келсең бир киши»,- дегендей калкынын урмат-сыйына арзып, көзү өтсө да артында жасаган иштери, адамдык жакшы сапаттары үлгү болгон каарманыбыздын ысымы замандаштарынын жүрөгүндө түбүлүк жашай бермекчи.
Мезгил сынынан өткөн өрнөктүү өмүр. Элге арналган ак эмгек.
Коомдук ишмердиги: Кыргызстан Демократиялык Кыймылдын мүчөсү. КДКнын Нарын облустук кеңешинин тең-төрагасы КДКнын Нарын облустук кеңешинин төрагасы
Сыйлыктары: «Эмгек вереаны» медалы (1991-жыл) «КДКнын 52-жылдыгы» медалы (2015-жыл) Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамы (2016-жыл)
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман