Финансылык сабаттуулук - акчаны пайдалануунун туура жолдору

Финансылык сабаттуулук — бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, финансылык билимин  практикада  колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды  алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү болуп эсептелет. •

Адам жашоосунда көптөгөн чечимдерди кабыл алат жана ошол чечимдер адамдын жашоосуна таасирин  тийгизет. Чечимдер ар дайым туура болбой калышы мүмкүн. Көп учурда туура чечим кабыл алыш үчүн адамдарга туура маалымат керек. Изилдөөлөргө  ылайык  финансылык  чечимдер  эң эле оор болот экен.  Буга кошумча, бул чөйрөдө көптөгөн алдамчылар бар, ошол эле финансылык пирамидалар элдин акчасын уурдап жатышат. Карызга акча алуучу инсандарыбыз  да  өз укуктарын жана жоопкерчиликтерин толук түшүнбөстүгүнөн  үстү-үстүнө  кредит  алуу  көйгөйүнө  алып  келет. Ошондуктан, Финансылык сабаттуулук- туура финансылык чечимдерди  кабыл алуу  жана  акыры  жеке  финансылык бакубаттуулукка жетүү үчүн керек.

Финансылык сабаттуулук:

- Адам карыз албай жашоосу үчүн;

- Мээнет менен тапкан акчасын алдамчыларга (финансылык пирамидаларга) тарттырып жибербөөсү үчүн; 

- Финансылык кызматтарды/продукттарды колдонууда өзүнө көбүрөөк пайда боло тургандай колдонуусу үчүн керек.

Эң негизгиси, финансылык сабаттуулук адамдын финансылык бакубаттуулугуна жол ачып, ал болсо өз кезегинде бактылуулукка шарт түзөт. Бактылуулуктун бир бөлүгү финансылык ресурстардын жетиштүү болуусунда экендиги талашсыз.

Финансылык сабаттуулукка жетишүү жеке адамдарга өзүн- өзү каржылоого жана каржылык туруктуулукка жетүүгө жардам берүү үчүн,  туура эмес финансылык чечимдерди кабыл албоого жардам берет. Финансылык сабаттуулукка жетүүнүн негизги кадамдарына үй-бүлөлүк  бюджетти түзүүнү, чыгымдарды көзөмөлдөөнү, карызды төлөөнү жана пенсияга чыгууну пландаштырууну үйрөнүү болуп саналат.

Кантип бюджет түзүү керек?

Бюджет түзүү - бул чыгымдарды үнөмдөөнү жана инвестицияларды контролдоонун жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмаларынын бири. Акчаңыз кайда кетип жаткандыгын билбесеңиз, каржылык ден соолугуңузду баштай албайсыз же жакшырта албайсыз, андыктан чыгымдарды   кирешеңизге көз салып, андан соң так максаттарды коюуга  болот.

Үй-бүлө финансылык сабаттуулук боюнча эмнелерди билүү керек?

Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү финансылык сабаттулук 21-кылымдагы критикалык жашоо көндүмү катары белгиленгенин билүү керек. Ошондуктан, ата-энелер өзүлөрү да үйрөнүп балдарына эртерээк үйрөткөнү жакшы болот.

Ар бир үй-бүлө  акчанын  эсебин жүргүзүп, чыгашалары кирешеден ашып кетпөөсүн көзөмөлдөй алат. Ал үчүн бардык киреше жана чыгашаларды жазып туруш керек, б.а. үй-бүлөлүк бюджетти жүргүзүш керек. Акчаны рационалдуу колдонууга алып келет. Рационалдуу дегенибиз-  бул жакшылап ойлонуу, бардык терс жана оң жагын карап, керектүү  нерселерди сатып алып, керексиз нерселерден баш тартуу. Ай сайын кирешенин аз дегенде 10% келечекке топтоого калтырылыш керек. Топтоо үчүн  банктан  атайын депозиттик счет ачып ошол жака акчаны салып турсаңыздар  болот. Ошонун негизинде  келечектеги максаттарга насыя же карыз албай деле жетсе болот.

Финансылык жактан сабаттуу болуунун көптөгөн артыкчылыктары бар:

Финансылык сабаттуулук адамдын финансылык жактан жакшы жашоосуна өбөлгө түзөт  жана  сизден үлгү алган балдарыңыз дагы сөзсүз түрдө акчаны туура башкарууну өздөштүрө алат.

Акча бөлүштүрүүнүн системасы бизге кандай жол көрсөтөт?

  1. Башталгыч капиталды түзүүгө жардам берет.
  2. Так диагноз коюуга жана финансылык көйгөйлөрдү аныктоого шарт түзөт.
  3. Каалоолорду башкарууга жардам берет.(машина,үй,мебель,шуба ж.б.)
  4. Үй-бүлөлүк бюджетти калыптандырат.
  5. Үй-бүлөлүк финансылык корголгондук суммасын түзөт.
  6. Чыгаша менен кирешенин ортосундагы балансты түзөт.(кирешеден чыгашанын аз болуусун көзөмөлдөйт)
  7. Чогулган акчаны сарптоого мажбурлаган шашылыш көйгөйлөрдү жоёт.
  8. Акчаны башкаруу системасын калыптандырат.
  9. Финансылык план түзүүгө жардам берет.
  10. Үй-бүлөлүк бюджеттин эң төмөнкү чегин аныктайбыз.
  11. Чыгашалардын киреше менен бирге өсүүсүн токтотот.
  12. Акча чогулганга чейин ишкердик ой-жүгүртүүнү калыптандырууга жардам берет.
  13. Карызга батып калуудан сактайт. Сизди карыздан чыгууга жардам берет.
  14. Системаны калыптандырганда гана  адамдын мээси муктаждыктан бошоп, чыгармачыл ой көндүмдөрүнө жардам берет. Демек, акча – байлык, муктаждыктарды чечүүчү каражат. Акча эң мыкты кызматкер. Акча мындан ары ар бирибиз үчүн мыкты кызматкерибиз  жана мыкты ишчибиз болсун. Сиздерге байлыкты, бакубатчылыкты каалайм!

 

Макаланы даярдаган: Жунусалиева Жумабүбү


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.