Үй-бүлөдө балдарды китепкөйлүккө тарбиялоо
“Мен өзүмдөгү бардык жакшы сапаттар үчүн китепке милдеттүүмүн”- деп орус элинин улуу жазуучусу Максим Горький айткан экен.
Балдарыбызды адамкерчиликтүү, ыймандуу, акыл-эстүү, боорукер жана чынчыл кылып тарбиялоонун бир чоң каражаты – бул адабий китеп. Ал биз, ата-энелер, акылыбыз, тажрыйбабыз жетишип айталбагандын көбүн көркөмдөп, кызыктуу кылып айтып берет, түшүндүрөт.
Адабий китептерди окуу менен балдар жашоонун терең мазмунун, бийик максаттарды, ага жетүүдөгү карама-каршылыктарды, кыйынчылыктарды жана башка тоскоолдуктарды түшүнүп билет,ошого ак ниеттүүлүк менен жетүүгө аракет кылат.
Бирок өкүнүчтүүсү азыркы учурда биздин балдарыбыз телевизор, радио,сотка деп дээрлик адабий китеп окубай коюуда. Буга маани берип, балдарыбыздын келечегин ойлоп аларды китеп окууга багытташыбыз керек .Бул жерде көп маселе үй-бүлөдө ата-эненин, мектепте мугалимдин жана китепканачылардын аракетинен көз каранды.
Эң биринчи китептин маанисин ата-энелер өздөрү туура жана терең түшүнүүсү зарыл. Адабий китеп бул жөн эле бош убакта эрмек кылуу үчүн жазылган эмес, ал жаштарды мыкты сапаттарга ар тараптан тарбиялоо, жашоого багыт берүү жана ар тараптан өнүгүү үчүн автор тарабынан 5-10 жыл ичинде чоң эмгектин натыйжасында жазылып чыккан.Ата-энелер мына ушуларды түшүнүп, китепти сүйүүнүн, ага кызыгуунун жана этият мамиле кылуунун үлгүсүн балдарына көрсөтүшү зарыл. Окуган китептериңиздин кызыктуу жерлеринен балдарыңызга айтып берип, ой бөлүшсөңүз да өтө маанилүү.
Экинчиден, үй-бүлөдө атайын китепкана түзсөңүз жакшы болот. Ал үй-бүлөлүк китепкана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата түстүү,сүрөттүү жомок,аңгеме-повесттерди,фантастика , роман, энциклопедияларды атайлап чогултуп, көркөмдөп жайгаштыруу керек.Бул кооздук үчун эмес, өзүңүз жана балдарыңыз үчүн рухий-моралдык өсүп өнүгүүсү үчүн күлазык болуусу керек.
Үчүнчүдөн, базарга, командировкага, алыс жактарга мейманчылап барганда балдарыңыздарга башка белектер менен кошо китеп берип, аны реклама кылып, аны окууга кызыктырып анан тапшырсаңыз эң жакшы болот.
Төртүнчүдөн, мектепке чейинки (5-7 жаштагы) куракта түстүү- сүрөттүү китептерди, жомокторду бирге көрүп, окуп берип, кийин мектеп жашында да окуган китептерди чогуу, талкуулап, ой бөлүшүп турсаңыз китептин таалим-тарбиялык мааниси артат.
Бешинчиден, үй-бүлөдө китепканасы бай, балдары көп окуган, ошонун натыйжасында жакшы билим алган, адамкерчиликтүү, эл арасында чоң абройго жетишкен үй-бүлө, ата-эне, балдарды мисал кылып айтып берүү пайдалуу.
Алтынчыдан, телевизордон кинотеатрлардан көргөн көркөм тасмалардын, мультфилмдердин бардыгы китептен алынып тартылганын, эгер китебин окуса андан да кызыктуу, толук болооорун айтып берүү да эң жакшы.
Жетинчиден, мезгил-мезгили менен балдарды ээрчитип айылдык, райондук, шаардык китепканаларына, китеп дүкөнүнө алып барып китеп тандап келүү.
Сегизинчиден, айылдагы китеби көп үй-бүлөлөр менен китеп алмашып окуп туруу.
Элибиз байыркы замандардан бери эле көркөм адабият аркылуу балдарды рухий жактан байытып, ар тараптуу тарбиялоого маани берген. Ошол үчүн “Манас” эпосу, “Курманбек”, “Эр төштүк” жана башка жомок,уламыш, легендаларды пайдаланган.Балдар кыштын узун түнүндө чоң эне, чоң аталарынан жомокторду угушкан. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө кемпир чал, ата-эне балдарына жомок , уламыштарды, элдик ырларды айтып келишкен, бул ошол кезде китептин ордун баскан. Ошондуктан урматтуу ата-энелер балдарыбызга жашынан адеп, таалим тарбия,илим-өнөр берип,жакшылыкка , ийгиликке багыттап, китепке жакын кылып өстүрөлү.
Урматтуу ата-энелер! Эң башкысы эгер сиздер алар үчүн бактылуу келечек, өзүңүз үчүн үзүрлүү карылыкка аракет кылып, тилек кылсаңыз анда алардын мектептен жакшы билим тарбия алуусуна, асыл сапаттуу адам болушуна кам көрүнүз. “Эң кымбат, соолгус байлык, мурас – бул жакшы тарбиялагандык” –деп айтат акылман карыяларыбыз.
Пайдаланылган адабият: Гапыр Мадаминов. Ата-энелер, сиздер үчүн!.Бишкек 2022.-176 б.
Б.Жумагулова атындагы укуктук-экономикалык окуу залынын башкы китепканачысы:- Жунусалиева Ж.О.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман