Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодогу негизги багыттар

Үй-бүлөдө  ата – үйдүн ээси, башчысы, туусу, аскар тоосу , пири, баарын  тартып бараткан улуу күч  катары баркталат.

Эне - үйдүн куту, балдарды төрөп тарбиялаган, күйөөсүн туу туткан аял заты, эне- соолбос булак, атанын жардамчысы, акылчысы, кеңешчиси болот.

Ата-энелер  үй-бүлөдө балдарынын тарбиясына астейдил көңүл буруп, убакыт бөлүп киришсе, ошондо балдары жаш кезинен ар тараптан төп келишкен адам болуп чоңоёт.

Ал үчүн эрте жаштан бала тарбиялоодо эң зарыл болгон төмөнкү багыттарга көңүл буруусу зарыл.

Дене тарбиясы – чындыгында баланын акыл-эси, адеби, жөндөмдүүлүгү, жалпы эле адамдык сапаттары алгач анын ден-соолугуна көз каранды болот.

Дайыма өз убагында калориялуу, витаминдүү  тамактанып, гимнастикалык көнүгүүлөрдү системалуу жасоо өнөкөткө айланса, спортту сүйүп, өз убагында машыгып турса баланын ден соолугу чың болуп өсөт.

Ата-эне мүмкүн болсо, бул иште да үлгү көрсөтүп, гимнастика, спорт үчүн зарыл буюмдарды (гантель, топ , скакалка, ж.б.) сатып берүүсү керек, бирок спортко артыкча берилип кетип, билим алуу, кругозорду өстүрүү, адабий  китеп окуу үчүн зарыл убактысы ушуга кетип калуусунан сак болуу зарыл.

Акыл-эс тарбиясы-  бул сезимин өстүрүп, акыл-эс тарбиясына маани берүү. Акыл-эс тарбиясынын негизги максаты баланын ой чабытын өстүрүү, сезимталдык, зиректик, тапкычтык, анализдеп, салыштырып айырмалап, окшоштуруп корутунду чыгара билүүгө үйрөтүү. Ал үчүн кичинесинен жаш өзгөчөлүгүнө карап, жомокторду, аңгемелерди окуп берүү, талкуулоо, кызыктуу кылып айтып берүү менен геометриялык фигураларды тааныштыруу, кыймылдуу, ойлондуруучу оюндарды ойноо, баланы өзү аракеттенүүсүнө, ойлонуусуна, тапкычтыгына түрткү берүү.

Баланы эрте жаштан баштап өзүн айлана-чөйрөнү, табигатты байкоо, баалоо, таң калуу, эстеп калуу ж.б. сапаттарды өстүрүүгө маани берүү, бул багытта атайын машыгуу жүргүзүү максатка ылайыктуу. Балдардын мектепте ийгиликтүү окуусу, келечекте ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүндө акыл-эс чечүүчү мааниге ээ болгондугун эске алып аларды  китепке, билимге кызыктыруубуз керек.

Адептик тарбия- балдарды саламдашуудан баштап, бардык адамдык  жакшы  сапаттарга,  сезимталдыкка,  ыймандуулукка, кайрымдуулукка, мээримдүүлүккө, берешен-марттыкка , адептүүлүккө  тарбиялообуз керек.

Балдарды уялуу, ийменүү, ыраазы болуу,кечирим суроо, өзүн  жана башкаларды сыйлоо, түшүнүү сыяктуу асыл сапаттарга эрте жаштан тарбиялообуз керек. Адеп тарбиясынын негизги өзөгү – баланы адамкерчиликке, ар-намыска, мээримдүүлүккө, чынчыл-адилеттүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет.

Эмгек тарбиясы – бул турмуш-тиричиликке машыктырып тарбиялоо. Эмгек балдардын ден соолугун бекемдеп, чыгармачылык сезимдерин козгоп, адамды калыптандыруучу чоң ролду ойнойт.

Мектепке чейинки жаштан баштап балдарды үй тиричилигинде эң жөнөкөй  жумуштарды  зордоп кыйнабай аткарууга үйрөтүүнүн мааниси чоң. Туура уюштурулган эмгек процессинде  жогорудагылардан тышкары балдардын эрки, чыдамкайлыгы тарбияланып, тапкычтыгы өсөт.

Ушинский эмгектин эки касиетин белгилеп кеткен:

1.Эмгектин натыйжасы – байлык.

2.Эмгектин адамды өстүрүүчү кудурети.  Бизде  үй-бүлөдө өзүн-өзү тейлөө, бөлмө, короону, бакты жыйнаштыруу, иретке келтирүү, жууп тазалоо жана башка жумуштарды системалуу жасап үйрөнүү, ошол жасаган ишинен ырахат алууга тарбиялоого бардык эле ата-эне маани бербей келет. Бизде балдардын үй-бүлөдөгү эмгегинде эки начар касиет бар:

1.Балдарды өтө көп жумушка тартып, адабий китеп окуусу,ойноп көңүл ачуусуна дээрлик убакыт калтырбагандыктан, баланын жүдөп, басынып,бир тараптуу өсүп калуусуна чоң себеп болот.

2.Балдарга түк жумуш аткартпай,аларды бош коюп,эркелетип, ак кол кылып өстүрүү. Булар сабакты жакшы окуганы менен, кийинчерээк эмгекке жийиркенип мамиле жасап,төрөпейил,кекирейген бала болуп чоңоюшат да эмгектин,эмгекчил адамдын, турмуштун кадыр баркын билишпейт. Мына ушундан сак болуубуз керек.

Эстетикалык тарбия- бул баланын туюу,кабыл алуу, сулуулукка, жаратылышка суктануу,сулуулукту жаратуу, коргоо маданиятын өркүндөтүүдөн баштоо керек. Бул жумуш- оюн, эс алуу, саякат, үй тиричилик мезгилинде эң сонун ишке ашат. Оюнчуктарын, эмгек куралдарын, китебин аздектеп сактай баштаса, бул демек балада туура түшүнүк тарбиялана баштаганы. Жарашыктуу, таза кийинип, дене-боюн сымбаттуу алып жүрүүгө үйрөтүүнүн да мааниси чоң. Балдар үйдө ар дайым таза, иреттүү жайланыштырылган бөлмөдө өссө, таза кийим-кече, идиш аяктарды көрүп, ошого үйрөнүшсө, кийин мектепте, турмушта да ошондой болот.

Эстетикалык тарбия туура багытталса балдардын жан дүйнөсүн байытып,дилгирлентип,өсүп өнүгүүгө шыктандырат. Бул багытта ыр-музыка угуу, музыкалык аспаптарда ойноого үйрөнүү, кооз бийлөө, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүккө багыт алуу да ролу чоң. Үй-бүлөдө башталган адеп-ахлак, адамкерчилик , чынчылдык, жоопкерчиликтүүлүк, билимдүүлүк, кайрымдуулук, мекенчилдик  тарбиясы кийин мектепте толукталып тереңдетилип улантылат.

Демек, ата-эне балдарды тарбиялоодо ар кимиси өз ордун сезе билсе, балдары ата-энеге урмат менен мамиле кылса, мындай үй-бүлө бекем болот, ынтымак ырыскы аралап, жашоолору өздөрү ойлогондой нукка бурулат.

 

 

Баяндаманы даярдаган:                               Жунусалиева Ж.О.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.