Качкынбай Осмоналиев - белгилүү кыргыз эл жазуучусу
Белгилүү кыргыз эл жазуучусу Качкынбай Осмоналиевдин туулган күнүнө - 95 жыл
Жазуучу Качкынбай Осмоналиев Жумгал районундагы Ак-Татыр айылында 1929-жылы 5-мартта туулган. 1941-1945-жж. Чаек колхозунун фермасында эсепчи, ошол эле колхоздо бригадир болуп иштеген. 1953–1954-жж. КМУда окуп, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес.
1954-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде Жалал-Абад облусу боюнча атайын кабарчы, “Жаш Ленинчи” жана “Чалкан” журналдарында иштеген. 1962-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун алдындагы Жогорку курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1957–1959-жж. Эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин адабий катчысы болгон.
Качкынбай Осмоналиевдин биринчи аңгемелери 1956-жылы «Ала-Too” журналына басылып чыккан, ал эми биринчи китеби 1958-жылы «Азаптын тагы» деген ат менен жарык көргөн. К.Осмоналиев «Эзелки кек», «Түн жамынган акын», «Турмуш сабагы» жана башка мыкты чыгармалардын автору.
Жазуучунун чыгармачылыгында “Көчмөндөр кагылышы” романы өзгөчө орунду ээлейт. Бул романында ал өзүн тарыхый жазуучу катары сындан өткөрүп, өткөн доордун сүрөтүн реалдуу тартып берүүгө аракеттенген. Роман 1982-жылы жарыкка чыккан. Китеп баштан аяк 19-кылым жана 20-кылымдын башындагы кыргыз тарыхында болуп өткөн окуялар баяндалат. Ормондун жалпы кыргызга хан көтөрүлүшү, Ормон хан менен Кененсарынын урушу, уруулардын ич-ара чатагы, Ормон хандын киши колдуу болуп өлүшү жана уруулардын бир-бирден орус империясына кошулушу баяндалат. Калыгул Бай уулунун олуялыгы, Байтик, Балбай, Жантай, Шабдан баатырлардын окуялары кеңири чагылдырылат.
Качкынбай Осмоналиев 1959-жылдары СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу.
Тарыхый чыгарманы жазууда изденип иштеген чон талант адабият казынасына баа жеткис мурас калтырып кеткен.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
Азаптын тагы: Повесть жана аңгемелер.Ф.: Кыргызмамбас, 1958.166 б.
Канат: Аңгемелер. Ф.: Кыргыз окуу педмамбас, 1960. 95 б.
Турмуш сабагы: Повесть. Ф.: Кыргызмамбас, 1961. 144 б.
Бетке айтаар: Аңгемелер. Ф.: Кыргыз окуу пед мамбас, 1962. 72 б.
Самар: Аңгемелер жана повесттер. Ф.: Кыргызмамбас, 1963. 208 б.
Уйкусуз түн: Повесть, аңгемелер жана очерктер. Ф.: Кыргызстан, 1966. 213 б.
Эзелки кек: Повесть жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1969. 200 б.
Сөз ээлери: Очерк, аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1970. 80 б.
Күлүк: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1973. 92 б.
Повесттер жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1976. 298 б.
Эзелки кек: Повесттер жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1979. 464 б.
Көчмөндөр кагылышы: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1982. 328 б.
Ыйык жер: Роман, повесть, аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1985. 428 б.
Түн жамынган акын – Ф.: Кыргызстан, 1989.
Орус тилинде
Пережитое: Повесть и рассказы. Ф.: Киргизгосиздат, 1959.
Рассвет: Сборник стихов. Ф.: Кыргызстан, 1978. - с. 68 -130.
Мой отец: Повести и рассказы. Ф.: Кыргызстан, 1975. - 266 с.
Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасында Кыргыз эл жазуучусунун бардык чыгармалары бар. Алып окусаңыздар болот. Сиздер үчүн китепкананын эшиги дайыма ачык.
Облустук китепкананын дареги: Нарын шаары, Ленин көчөсү 33
Байланыш телефондору: 0708792100, 0704970065
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман