Кадыракун Базарбаев - Кыргыз элинин чыгааны, улут үчүн күйгөн инсан

“Кыргыз”- деп төрөлүптүр Кадыракун,

 “Кыргыз”-деп көгөрүптүр Кадыракун.

  Мээримдүү, айкөл, чынчыл  инсан болуп,

  Алкышка бөлөнүптүр Кадыракун.                                   Ө. Дөлөев.

 

           Өмүр өтөлгөсү кымбат, адамдык озуйпасы бийик болгон мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Кадыракун Базарбаев көзү тирүү болгондо 90 жашка толмок. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей залкар инсан Кадыракун ата айкөлдүгү, эр жүрөктүүлүгү, кайрымдуулугу, бийик адамкерчилик сапаты менен аттын кашкасындай алдыга суурулуп көрүнчү. Ал эми жетекчи катары уюштургуч жөндөмү, талапкөйлүгү, ишти майына чыгара иштей билгендиги менен көсөмдүгү айкалышып турчу.

Нарын өрөөнүнө аты атпай журтка тараган, эмгеги менен элине таанылган белгилүү инсан- партиялык жана мамлекеттик ишмер Кадыракун Базарбаев 1933-жылы Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылында төрөлгөн. 1949-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин, Кыргызстан айыл чарба институтуна өтүп, 1954-жылы ветеринардык врач адистигине ээ болот. Эмгек жолун Тянь-Шань районундагы ветеринардык пункттун ветврачы болуп иштөө менен баштаган. Көп өтпөй облустук ветеринардык бөлүмдүн нчальниги. 1959-1961-жылдары Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы болуп эмгектенген. 1961-жылы Кыргызстан Компартиясынын Тянь-Шань обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчылыгына көтөрүлгөн.

              Талыкпаган эмгеги жана ишти алдын ала көрө билгичтиги менен Кадыракун Базарбаев 27 жашында 1962-1963-жылдары Нарын райкомунун биринчи катчысы болуп эмгектенген. 1963-1965-жылдары Москвада КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепте окуган. Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун  айыл чарба бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

   1967-1972-жылдары Кочкор районунда райкомдун биринчи катчысы болуп иштеп турган мезгилде, иштин нугун кескин өзгөртүп, агрардык тармакка көңүл буруп, өңгүл-дөңгүл жерлердин бардыгын түздөтүп, таш баскан айдоолордогу таштарды калтырбастан тердиртип, ирригация  сугат тармагын жаңылап, ар бири колхоз-совхоздорго каналдарды каздырып, суу курулмаларын курдуртуп айдоо жерлерин кеңейткен. Сугат суу кенен болуп, ошол кездеги дыйканчылыктын өндүрүмдүүлүгүн арттырып, түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түзүлгөн.

Андан сырткары, саан уйлардын асылдуулугуна, сапатына көңүл буруп, уй фермаларды түзүп, чыктуу тоют менен камсыздап , уйдун сүттүүлүгүн арттырууга салым кошкон. Райондун элине камкордук көрүп, Прибалтикадан түнкү чырактардын  электр мамыларын алдыртып райондун борборунан баштап, Теңдик, Жданов атындагы колхоздорго чейин толугу менен электрлештирүүгө жетишкен. Ар бир колхозго эки кабаттуу типтүү жаңы мектептерди салдырып, билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлгөн. Жалпы райондун элин ошол учурдагы партиянын саясатын, талабын туура түшүндүрө билгендиктен, эл да жапырт колдоп мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, маданиятыбы, айтор бардыгынан озуп алдыга чыккан.

1972-жылы Ош облусунун Совет райкомунун (Кара-Кулжа) биринчи катчысы болуп которулган. Ал кезде малчылардын турмушу абдан начарлап, малдын өлүмү да көп болуп, элдин маданияты, тиричилик жагдайлары төмөн болчу. Иштеп баштаган күндөн баштап малчыларга жаңы үйлөрдү курдуртуп, кашарларды салдырткан. Райондун борборуна түнкү чырактарды орноттуруп, көчөлөрдү толук  асфальттаткан. К.Базарбаевдин демилгеси менен малчылардын бардыгына кышкысын жылуу, жайкысын салкын боз үйлөрдү жасаттырган. “Мал күткүлө, үй-тиричилигиңерди оңдогула” деп автолавкаларды жөнөттүрүп, жашоо маданиятын көтөрүүгө көп аракеттерди кылган. 1973-жылы малчылардын тоюнда “Кыргыздар сыймыктуу ак калпагы менен башкаларга таанылып турушу керек” деп партиянын бюро мүчөлөрүнө, активдердин бардыгына ак калпак кийгиздирген жана малчыларга сыйлык иретинде ак калпакты тараткан. Ошондон кийин Совет жана Алай элинин жигиттери ак калпактарын баштарынан түшүрүшпөйт.

   Кесиби ветеринар болгондуктан койдун асылдуулугун, сапаттуулугун арттыруу үчүн илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, ак меринос койдун төлүнүн башын 110 го чейин жеткирген.Алдыга максатты коюп, көздөгөнүн аткара билчү чыгаан жетекчи Кадыракун Базарбаев айыл чарба өндүрүшүн эле эмес маданият, ден-соолук, билим берүү тармагын да кошо көтөрдү.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Кайнарбек Бийлибаев Кадыракун Базарбаев тууралуу: “К.Базарбаевдин мыктылыгы-улутка күйгөн инсан катары коммунисттик партиянын күчтүү идеологиясынын тушунда улуттук оюндарга тыюу салынып келгенине карабай, жандантып, элдин урмат сыйына ээ болгону жадымда сакталуу. Ал убакта канча деген райондук, шаардык партиялык комитеттердин 1-катчылары иштеп жүргөндөрү менен, бирөөсүнүн да жүрөгү даап бара албаган кезде жалгыз гана К.Базарбаевдин аткарган иштери, элдин эсинде биротоло орун алып кала берди” деп эскерет.

К.Базарбаевдин урматына, анын улуттук баалуудуктарга, айрыкча, кыргыз улуттук оюндарын жандандырууга кошкон салымы үчүн  Кайнарбек Бийлибаев “Жоргонун салышы” деген күүсүн чыгарган. Аталган күү Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып турат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, Кадыракун Базарбаевдин мамлекеттик кызматкерлик сапатынан сырткары, канында “кыргыз” деп соккон намыскөйлүгү, балбандыгы, эр жүрөктүүлүгү, кайраттуулугу туурасында төмөндөгүчө баяндайт. 1962-жылы Солтон-Сарыда малчылардын чогулушун Кадыракун Базарбаев өткөрүп, жанында райисполкомдун төрагасы Аруун Ажиев ж.б. тиешелүү жетекчилер катышып, чогулуш жыйынтыкталды. Малчыларга сыйлыктар тапшырылып, чоң концерт тартууланып, аягында бүйүрдү кызыткан улуттук оюндар башталды. Оюндун аяк ченинде балбандар ортого чыгышып күч сынашат. Балбандар иргелип отуруп акырында Солтон-Сары алтын кенинде иштеген жумушчулардын атынан  геолог болуп иштеген ,бою эки метрге чукул, спорттун күрөш түрү менен машыккан, дене түзүлүшү келишкен осетин жигит чыкканда, буга эч ким  даап чыга албай, айлана  дымый түшөт.  “Коёнду камыш,  жигитти  намыс өлтүрөт” дегендей, намыстан эрдин кесе тиштеп, көзү оттой күйгөн Кадыракун Базарбаев “мен чыгам”-деп алдыга умтулат. Жетекчилердин кой дегенине болбой бирөөнүн жаргак шымын кийип ортого чыгат. Толкуган эл бир чети таңданышып,бир чети сыймыктанышып, бардыгы дүркүрөтө алакан жайып батасын беришет. Кошой менен Жолойдун кармашындай бирин-бири сүрүшкөндө кара  жер камырдай жуурулуп, арстандардын кармашындай болуп бири-бирин чаап жыгалбай, бир убакта оңтою келгенде жамбашка салып, оң буту менен чалып туруп, осетин жигитти тап- так көтөрүп туруп, жерге урат да, ата-бабанын салты боюнча башынан аттап кетет.

Намыс колго тийгендеги элдин күчтүү деми, кыйкырык сүрөөн, сүйүнүчтөн аккан көздүн жашы, зор кубаныч айлананы каптайт. Кадыракун байкебиз эч кимден коркпогон, тайманбаган эр жүрөк, суурулган канжардай, мылтыктын огундай, беттегенинен кайтпаган баатыр адам экендигин кийинки урпактарга айтып келебиз.

Кадыракун Базарбаев 1983-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин агро-өнөр жай комплекси боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министринин орун басары кызматтарын аркалаган. 1990-1994-жылдары республикалык ветеринардык ассоциациясынын президенти жана 1994-жылдан ардактуу эс алууга чыкканга чейин Нарындагы “Каратал-Жапырык” мамлекеттик коругунун жетекчиси болуп эмгектенген.

К.Базарбаев эс алууга чыккандан кийин да, Нарын облусунун коомдук турмушуна активдүү катышып, бир катар жылдар облустук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы болуу менен ардагерлердин коомчулук менен  байланышын чыңдаган. 2013-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Кадыракун Базарбаев өтөлгөлүү  өмүрүн , бийик адамкерчилик сапатын эмгек менен жуурулуштуруп жашап, бийик даңктын, урмат-сыйдын ээси болуп, мамлекетке, эли-журтуна татыктуу кызмат өтөдү. Жаркын жашоосунда, жаратмандык жакшылыктарга умтулуу менен ага жетүүгө жан үрөп иштеп, баскан изинен жакшылык төгүлүп, нускалуу акыл кеби менен элге жүрөгүнөн чыккан жылуу кебин, көп сандаган кайрымдуулук иштерин арнады. Бардык ишти билгичтик менен чечип, өзүнө да , өзгөгө да катуу талап коюп, кандан-бектен кайра тартпаган өткүр мүнөзү менен кемчиликтерди жоюп, калыстыктан тайбады.

Нарын районундагы Миң-Булак айылындагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы жана директору болуп кырк жыл эмгектенген КРнын Эл агартуусунун отличниги, Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси, эмгек ардагери Мамбеткулов Сатыбалды агай Кадыракун Базарбаевди мындайча эскерет:

“Айылыбыздан чыккан Кадыракун агам каруусун казык кыла даңазалуу эмгеги, көргөндүн көөнүн кубанткан адамкерчилик бийик сапаттары менен элге алынган. Көзү өтсө да эл ичинде эмгеги, эрдиги аңыз болуп айтылып калган Кадыракун агам чындыгында биздин аскар тоодой тирегибиз, кол жеткис бийик сыймыгыбыз болчу. Аттиң, “өңгө жалган,өлүм ак” дегендей, төрт тарабы төп келген мыкты жетекчи, эл билги,сөз билги кайраттуу акылман Кадыракун агамдай адам эми табылбас...

“Сыйлык жалкы, сыймык элдики” дегендей, Кадыракун Базарбаев СССРдин Ленин ордени менен үч жолу, Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери, бир катар медалдары жана Кыргыз ССРинин Ардак Грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 4 жолку депутаты болгон .    СССРдин  Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин 24-съездинин  делегаты  болуп шайланган.

  Өмүрлүк жолдошу Калый кызы Бурмаш экөө “Ынтымактуу үй-бүлөнү ырыс уялайт” дегендей жети баланы эл керегине жараган жогорку билимдүү, ыймандуу уул-кыздарды тарбиялап өстүрүшкөн. Балдарынын бардыгы ар кыл тармакта үзүрлүү, үлгүлүү эмгектенип жатышат.

 Теңир-Тоонун  инсаны өмүрдүн ар бир учурун текке кетирбей, кадырына жете татыктуу жашоо кечирип, артына өчпөс из калтырып, урпактары  дайыма сыймыктанып, унутпай жүргүдөй эс-тутум калтырды.  Кыргыз элине жасаган эмгегиңиз ар дайым  элдин эсинде болсун!

 

 

Из калтырды  түндүк, түштүк жергеге.

         (Кадыракун Базарбаевдин 90 жылдыгына)

 

Баш байлап, күрөштөргө майдан таштай,

Улуттун улуулугун кайрап таштай

Эң жетик жетекчиден аталды ал,

 Хандан да, бектен дагы кайра тартпай.

 

Намыс деп жаш кезинен өсүп-өнгөн,

Намысты бүт баарынан бийик көргөн

Бир өзү, эл-журтунун жүгүн тартып,

 Бөлүнүп турчу эле өзгөлөрдөн.

 

Тулпардай алып учкан өмүрүндө,

 Каруузун казык кылып ар өрөөндө.

 Элимдин салт санаасы тайбасын деп,

 Тилеги согуп келген жүрөгүндө.

 

Туюкка жол салыптыр Кадыракун

Жалганды торго алыптыр Кадыракун

Коргоону табиятты кан-жанынан,

Жашынан колго алыптыр Кадыракун.

 

Кыргыздын байыртадан наркын аңдап,

Кыргыздын кыя өткөрбөй салтын кармап.

Муундан-муундарга сабак болгон,

Агабыз бул жашоодо алтын салмак.

 

Оң, солго уламышка айланып бүт,

 Чанда бир жанда болоор өмүр сүрүш.

 Түндүккө, түштүккө да из калтырып,

 Тагдырга буюруп койгон ушул үлүш.

                       Өмүрбек Дөлөев, Кыргыз Республикасынын эл акыны.

 

 

 Пайдаланган адабияттар:

     Бугубаев К. . “Улут үчүн күйгөн инсан” : ( Мамлекеттик ишмер Кадыракун Базарбаевдин 90 жылдыгына карата) .- // Теңир-Тоо .­-  2023.-       № 69-71  25-май.- 12б.  

       Бугубаев К. “Атадан артык туулган элдин намыскөй уулу”                         ( Мамлекеттик ишмер Кадыракун Базарбаевдин 90 жылдыгына карат ).- Теңир-Тоо  2023.- №84-86.29-июнь.-12б.

 Өмүрбек Дөлөев.   Из калтырды түндүк , түштүк жергеге :                 [ыр].-// Теңир – Тоо.- 2023 .-№ 138-140  16-ноябрь .-3б

    Кадыракун Базарбаевдин =мър баяны .- / Нарын энциклопедиясы.-Б.:2009.-169б.

 

 

Обзор-баяндаманы даярдаган:  Б.Жумагулова атындагы укуктук-экономикалык окуу залынын башкы китепканачысы   Жунусалиева Ж.О.

 


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.