Канымгүл Досманбетова - кыргыз аял, алгачкы обончу, Нарын облусу, музыка, драма театры,

127.99 КБ -

Канымгүл Досманбетова - кыргыз аял затынан чыккан алгачкы обончу

Канымгүл Досманбетова - кыргыз аял затынан чыккан алгачкы обончулардын сап башында турган. 1958-жылдан 1976-жылга чейин Нарын облустук музыкалуу драма театрында эмгектенген.


Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби.
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги. (Омор Султанов)

Бул ырды билбегендер чанда эле болуш керек…азыркы убакка чейин жаңыча боек берилип ырдалып келе жаткан бул ырдын обону кимге таандык экенин, баары эле биле бербесе керек.
Анда эмесе бүгүнкү баянымдын ээси, айтылуу Ысык-Көлдүн таланттуу кызы, обончу, аткаруучу Канымгүл Досманбетова жөнүндө болмокчу.
Канымгүл Досманбетова 1935-жылы Ысык-Көл облусунун Түргөн айылында төрөлгөн. Бала чагынан эле музыкага шыктуу экени байкалгандыгын айрым булактардан окууга болот. Бирок анын бала чагы жөнүндө эч бир жерден так маалымат табылбай келет. Балдарынан да сурамжылоо жүргүздүк, бирок алар деле маалыматты толук бере албагандай. Айылдаштарынын укканына караганда, Канымгүл Досманбетованын атасы Досманбет комузчу болгон экен.

Жердеши Ыбырай Туманов менен, жаш өзгөчөлүктөрүндө айырма болсо дагы, курбалдаш болуп, катташып тургандыгы, ары-бери чыккан кезде кызы Канымгүлдү ээрчитип алчу эле, деген дагы маалыматтар табылды.Негизи, Канымгүл эже үч кыз бир тууган эле болгон экен. Жакшы эне-атанын тарбиясын алган. Бүгүнкү күндө бир тууган сиңдиси бар экен, бирок таяэжеси жөнүндө кабардар эмес экен балдары. Бир эжеси көп жылдар мурун өтүп кетиптир. Өмүрлүк жолдошу Исмаилов Амантур экөө касиеттүү Ысык-Көлдөн баш кошуп, сегиз перзенттүү болгон. Бүгүнкү күндө төртөө өтүп кетип, төртөө бар. Жолдошу Амантур Исмаилов Ташкенттеги театралдык окуу жайын бүтүрүп, көп жылдар Нарын театрында артист, гример болуп иштеген. Театрдагы ролдорго керектелүүчү сакалдарды жасоо үчүн Аксай, Арпа га чейин барып, керектүү материалдарды издеп келген күндөрү болуптур. Андан соң, Фрунзеде Кыргыз драма театрында гример болуп эмгектенип, 63 жашында инсульт болуп өтүп кеткен экен. Уулу Туйгун Исмаилов мени менен классташ болуп, бир мектепте Нарын шаарында окуганбыз. Өз аты Калмат экенин жакында эле билдим. Учурда Шамурат, Замирбек, Жийдегүл, Туйгун төртөө бар. Эки баласы Канымгүл эженин төркүндөрүндө чоңоюп, берки экөө менен деле иштери жок, ар кимдин өз түйшүгү, өз тиричилиги менен алек экенин, Туйгундан уктум. Эми жашоо тиричилик баарыбызга эле белгилүү да. Анын үстүнө, ата-эненин көзү өткөндөн кийин ошондой да болушу мүмкүн тура.

Канымгүл Досманбетова 1951-жылы Караколдогу облустук драма театрына ишке кирип, андан кийин 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында азыраак иштеп, андан соң 1953-1958-жж. Кыргыз драма театрында, 1958-1976-жж. Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында иштеген. Ошол 60-жылдарда Канымгүл Досманбетованын чыгармачылыгы гүлдөп өсүп турган мезгили болгон экен. Өмүрдөн эрте өтүп кеткенине байланыштуу, эч кандай деле мамлекеттик сыйлыгы болгон эмес. Бирок артында уккан кулактын кужурун кандырып, эстетикалык рахат тартуулап турган керемет обондору калган. Канымгүл Досманбетованын аты Ак-Суу районунун борборунда балдар музыкалык окуу жайына берилген. Ошол Ак-Суу районунун Семёновка айылдык клубуна да аты ыйгарылган.
Нарын шаарында иштеп турганда ден соолугуна байланыштуу, Фрунзе шаарына которулуу боюнча министрликке кайрылган кезде,
шаардан 3 бөлмө үй берилип, ага көчүп кирген.

Бирок көп узабай эле, оорусу күчөп кайтыш болуп калган тура. Кезинде Нарын театрынын залкарлары Жумамүдүн Шералиев, Капар Медетбеков, Дүйшө Сариев,Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Койсун Карасартова, Алиман Жангорозова жана башкалар менен катарлаш, Нарын театрында иштеген. Атайын музыкалык билими болбосо да, же нота билбей нечендеген обондорду жаратканына таң калам. Анча-мынча «обончу» деп өзүн эсептеп жүргөндөр, бир эки ыры менен белгилүү болуп, өзүн көрсөткүсү келгендер деле бар да. Же өзүнүн жаштыгынанбы, же ошол кезде Жумамүдүн Шералиевдей алп композитордун жанында өзүн баалай албаганыбы, айтор не деген залкар обондорду жаратып атканын, ал обондор кыргыз искусствосунун тарыхында алтын тамгалар менен бир кезекте жазылып калаарын билбептир да… кайран гана Канымгүл эжеке! Сизди мектепте окуп жүргөндө көрүп билип эле, «Биздин Туйгундун апасы» деп бери жактан эле сыймыктанып жүрөөр элек. Олбурлуу, өңдүү-түстүү, абыдан жылдыздуу аял заты элеңиз. Мен мектепте окуп жүргөндө ыр жандуу элем. Ырдаган кишилерди, артисттерди көргөндө «Кандай бактылуу жандар» деп ойлочу элем. Биз мектепти бүткөндөн кийин «өтүп кетти», деп угуп катуу кейигенбиз. Ырдап жатканда мукам үнү, айжаркын элеси, комузда кол ойноткону тим эле керемет эле. Азыр техника өнүгүп, баары жеткиликтүү болуп калбадыбы.

Азыркы учур болгондо, жок дегенде телефонго түшүрө коймок да обондорун. Уулунун айтуусуна караганда, көп кайрыктарын эске тута албай калып, унутуп таппай калган учурлары көп болчу экен. Апам аябай эле үйдө токтоо болчу дейт. Эжени билгендердин айтуусунда, көпчүлүк артисттердей эле, чиедей балдарын көтөрүп гастролдоп жүрүп иштеген экен. Бирок он алты жашынан театрга кирген экен, андан кийин театр дүйнөсү менен жуурулушуп, 25 жыл иштептир. Ырларынын көпчүлүгүн өзү комуз менен ырдаган. Жок дегенде «Эмгек сиңирген артист» наамын баалап берип коюшканда сонун болмок экен да.
Канымгүл Досманбетова жөнүндө деле, өтө так маалыматтарды табуу кыйындыкка турду. Интернет дегенден деле маалыматтарды эл алып жазат экен. Ошого жараша туура маалымат бергенге аракет кылсак жакшы болмок. Канымгүл эже жөнүндө көпчүлүк жерде эле, «1978-жылы 43 жашында каза болгон» деген маалымат бар экен. Дагы бир жерде курбусу элем, "39 жашында өтүп кеткен» деген маалыматка күбө болдум. Ал эми өзүнүн балдарынын жана бирге иштегендердин айтуусуна караганда, 41 жаш курагында 1976-жылы 16-декабрда каза болуптур. Сөөгү Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жерге берилген.Кандай кылган күндө да, үй-бүлөсүнүкү туура да.
Обондуу ырлары:
«Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит». «Кызыл өрүк», "Кош дебечи", «Кыйылып турам», «Анда сен», «Унутпадым». «Узатаарда». «Аёо», «Көлүмдөй сүйдүм өзүдү», «Табаар элем бир паста», «Түш көрүүдөн тажадым» жана башка көптөгөн ырлардын автору. Айрыкча «Анда сен», «Кыйылып турам», «Кызыл өрүк», «Унутпадым» , " Кош дебечи" аттуу ырлары бүгүнкү күндө да, өзүнүн ордун жоготпой, жаңыча кийим кийип шөкөттөлүп ырдалууда. Сиздин түбөлүктүү, кайталангыс кайрыктарыңыз эл ичинде унутулбай келе жатат. Жана дагы канча бир жылдар бою ырдала берээрине күмөнүбүз жок. Анткени сиздин ырлар керемет экенин, ар бир музыка сүйүүчү кыргыз билет эмеспи. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

 

Макаланын автору: Гүлбүбү Байбугуева
Нарын шаары.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.