None

29.45 КБ -

Кең ааламга тараган керемет майрам - Нооруз!

         “Кең ааламга тараган керемет майрам – Нооруз

Нооруз - жаратылыш майрамы! Адамдардын үмүтү жанып, жан-жаныбарлар жанданып турган чак.  Нооруз майрамы жанданып келе жаткан жаратылыш менен эмгекчил дыйкандын ажырагыс биримдиги.

Жаз майрамынын лирикасын образдуу туюнткан «Жер - Эненин тоң көөдөнү жибип, эмчеги ийиген күн», «Көк - кут көзүн ачкан күн», «Жер бетин жакшылык уялаган күн» сыяктуу  учкул сөздөр кыргыз элинин эсинде дагы эле элестүү сакталып келе жатат.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилип, ырымдап үрөн себишчү. Айдоого бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ айыл аксакалдары, кадырман апалар этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чачып сээп, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Ошондуктан Нооруз — токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.  Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган.

2009-жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

21-мартта  Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер менен катар эле Кыргызстанда да Нооруз майрамы  ар жыл сайын белгиленип келатат.

 «Нооруз» — байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Ал эски жыл эсеби боюнча 21-мартта белгиленет. Мүчөл эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кыргыз элинде эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат:

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты Теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп үйдү, там-ташты, мал-жанды аласташкан.

 Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ата-бабабыз эзелтен жаратылыш кубулуштарына, анын мезгилдерине абдан көңүл бөлүп келген. Ошонун бири 21- мартта күн менен түн теңелип , күн узара баштаган учурду так аныкташкан. Аны менен бирге жердин бети жылып, дыйкандар үрөн таштай турган учур келген. Муну менен “ өлбөгөн кулга жаз келди”- дегендей, жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыгып, кыштын оор күндөрү артта калып, жаратылышта жашоо ыргактары жаңы башталып, жаныбарлар чээнден чыгып, бак-дарак бүчүр байлап, жашоого болгон үмүт жанданып, күндөн күнгө кубат алып турган мезгил.

Жаркыраган жаз менен, эл күткөн Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы.

Нооруз-жаңы башаттардын башталышы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз.  Бар бол, жаз алып келген жаңы кун майрамы!

Даярдаган:           Кулжанова Жумагүл


Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.