Келечекке кадам адеп ыймандан башталат
" "Ыйман" - адам баласынын жан дүйнөсүнүн күзгүсү" - деп айткандай бала тарбиялоо барган сайын улам татаалдап бара жатат. Анткени мезгилдин өтүшү, замандын өзгөрүшү жаңыча мамилелерди, айырмаланган аракеттерди талап кылууда.
Кетмендүү дыйкандын деле, галстуктуу интелегенттин да канчалык өз кесибинин чебери болбосун бала тарбиясы жаатына келгенде алсыздыгы, арманы, милдети кобойуп баратат. Алардын баарын ирээттүү ишке ашыруу көп кездерде жакшы жолго коюлбай калып, коомчулукка пайдасынан зыяны көп муун чыгарып алуу коркунучубуз тээ алыстан көзгө көрүнө баштаганы чочутат. Колуна, жонуна көтөрүп алпештеп багып өстүрүп балдары терс жолдорго басканын көрүп оңго бура албай, насаат айтып угуза албай, таасир этип өзгөртө албай арман-асиретин айтарга адам таппай алдастап калган канчалаган ата-энелерди угуп, коруп жатабыз. Уул-кызынын айрым жакшы иш аракеттерине мактангандар да коп.
Жыйынтыгы келип эле дүйнөнү өзгөртө алган кыргыз мууну чыкпай жатканы өкүнүчтүү. Ата-энелер үй-бүлөөдө балдардын тарбиясына көңүл буруп, убакыт бөлүп, киришсе ошондо балдары жаш кезинен ар тараптан төп келишкен адам болуп чоңоюшат. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн баалуулуктары болот. Ошол баалуулуктарга дагы эрежелерди балдар менен биргеликте киргизип, ошол эрежелердин негизинде да дастаркон четинде баарлашып, талкуулап турсаныздар үй-бүлөңүздөр бекем жана ынтымыктуу болот.
Мисалы: Адамгерчилик, марттык, ынтымак, адилеттүүлүк жөнүндө баарлашып ата-эне жана чон ата-эне бирге болгон кезде баланын өңүгүшүнө өзгөчө таасир этет экен. Бакытты талаадан эмес, баладан изде, демекчи урматтуу ата-энелер балдарды тушунуп, сырдашы болунуздар!
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман