Келин таш. Ак-Талаа районундагы капчыгай ичиндеги "Келин таш" тарыхый уламышы.
"Келин таш" - Баетов айылынан 18 чакырым аралыкта Кара-Суу кыштоосунун жогору жагындагы капчыгай ичинде Мазар-Таш деген жер бар. Ата-Бабалардын айтканына караганда, бул окуя тээ калмактар бизге кол салып турган убакта болгон экен. Арпа жайлоосунда жаткан кыргыздарга калмактын көп колу келип капысынан кол салып, тынч жаткан элди ызы-чууга салат, жигиттер эрдик менен кармашса да, аздык кылып, далай эр азаматтар курман болушат. Алар айласыздан артка чегинишкет, калмактар бир далай кыз келиндерди туткунга алып кетишет. Ошол туткунга кеткен адамдардын арасында уламыш кепке айланган келин да болот. Ал айдай сулуу, акыл-эстүү бул келиндин аты-жөнү эл оозунда айтылбайт. Келиндин сулуулугуна көзү түшкөн калмактын кол башчысы аны күн кылбай эле өзү аялдыкка алат. Калмактар менен кармашууда күйөөсү курман болгонун билсе да келин эл-жерине болгон кусалыгы, сагынычы артып эки-үч жолу качат, бирок ал аракети аткарылбай колго түшүп калат. Ушундан кийин келин качып кетпесин деп калмактын кол башчысы эки үч жигиттерине кайтартып коет.
Арадан бир жыл өткөндөн кийин, келин дагы качууну ойлоп, кол башчы жортуулга кеткенде, «Ак-Кодол» деген чөптүн тамырына кымызды ачытып, өзүн кайтарып жүргөн жигиттерге кымызды бергенде, ачытылган кымызга тойгон сакчылар мас болуп уктап калышат. Келин байланып турган аттардын бирин минип, «туулга жер кайдасын» деп жерине качып жөнөйт. Эртеси кол башчы жортуулдан келсе айыл дүрбөп ары бери чапкылап, келинди издеп калышкан экен. Келиндин качып кеткенин уккан кол башчы кайтарган сакчыларга келинди жердин түбүнөн болсо да таап келсенер, тирүү болсо тирүү, өлгөн болсо өлүгүн таап келесинер, эгер таппасаңар башыңар алынат деп буйрук кылат. Жигиттер өзү туулуп өскөн жерине кетсе керек деп Арпаны көздөй чаап жөнөшөт.
Күнү-түнү жүргөн келиндин аты чарчап эл жерине баруучу капчыгайды өрдөп киргенде, арт жактан куугунчулардын кыйкырыгы, аттардын дүбүртү угулат. Келин атын канчалык теминин, камчыланбасын, чарчаган ат баспай калат. Куугунчулар жакындап калганда келин атын таштап, аскага тырмышып чыга баштайт. Куугунчуларда аттарын таштап артынан кууп келип калганда, келин асканын кырына чыгып, өзү туулуп өскөн, ойноп күлүп чоңойгон жайлоосун тегерете бир карап алып көксөөсү сууп, «душмандын колунда жүргөндөн көрө өз жеримдин топурагын кучактап өлөйүн» деп аскадан боюн таштайт. Артынан кууп келген куугунчулар селдейип туруп калышат. «Өлсө өлүгүн алып келгиле» деген кол башчысынан корккон куугунчулар ойго түшүп келип карашса, келиндин тулку бою ташка айланып калган.
Бул окуяны өз көздөрү менен көргөн куугунчулар аң-таң болушуп, жакаларын кармап айласыздан артка кетишет. Эли-жерин улуу тутуп, аны сагынган келиндин арманын уктубу же келиндин сөөгүн калмак баскынчыларына ыраа көрбөдүбү, айтор теңирим келиндин денесин ташка айлантып койгон деп айтылат. Ошол жер «Келин таш» деп аталып калган. Капчыгай ичиндеги карагай чер кооздуктагы булактын жанындагы таштагы аза күткөн келиндин келбети кол менен жасап койгондой көрүнүп турат. Өз эл жери үчүн салгылашып курман болгондор тарыхта миңдеп саналат. Келин-Таш уламышы бул өз элин жерин сүйгөндүктүн эч нерсеге алмашкыс бир көрүнүшү. (уламыш)
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман