Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо
1962-жылы 15-мартта АКШ Президенти Джон Кеннеди Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө биринчи жолу “Керектөөчү” деген сөзгө мүнөздөмө берип, керектөөчүлөрдүн маалыматка болгон, коопсуздукка, шайлоого, ой пикирин билдирүүгө, чыгымды калыбына келтирүүгө, керектөөчүлүк билимге болгон укуктарын белгилеген.
Ал эми Керектөөчүлөр биримдигинин бүткүл дүйнөлүк уюму кошумча укуктарды белгилеген. Бул – базалык керектөөнү канааттандыруу укугу жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына болгон укук болуп эсептелет.
1983-жылдын 15-мартынан бери жыл сайын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнү катары белгиленип, жер шаарынын бардык планеталарында керектөөчүнүн укугун коргоого байланыштуу суроолорду чечүүчү күн катары белгиленүүдө..
Сиздин керектөөчүлүк укугуңуз бузулса, кайда кайрылуу керек?
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги – Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органы.
Бүгүнкү күндө монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги жана Мамлекеттик стандарт, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу, айлана чөйрөнү коргоо боюнча агенттиги биргелешип керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо багытында иш алып барат. Мындан сырткары керектөөчүлөрдүн маселелерин чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук уюмдары, соттук инстанциялар да көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” 1997-жылдын 10-декабры № 90 мыйзамдын негизинде кабыл алынып, мыйзамга ылайык товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө сала тургандыгы, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилей тургандыгы, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктай тургандыгы айтылат. Бул мыйзам коомду соодадагы монополиянын түзүлүшүнөн жана өнүгүшүнөн сактайт, ошондой эле кесепетинен адилет жана ак ниет атаандаштык нөлгө теңелип же тоскоолдукка учурай турган мыйзамсыз жана кемсинтүүчү практикага тыюу салган шарттарда атаандаштыкты сүрөйт жана колдой тургандыгы тууралуу маалыматтар жазылган.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу агенттиктер керектөөчүлөрдү жырткыч ишкердик практикасынан коргоп, акыйкат сооданы жайылтууда. Алар мамлекеттик органдар же коммерциялык эмес уюмдар болушу мүмкүн жана аларды федералдык, штаттык жана жергиликтүү деңгээлде табууга болот. Мамлекеттик органдар мыйзам бузуучуларга карата жазалоочу чараларды көрүүгө мыйзам менен ыйгарым укуктуу. Коммерциялык эмес агенттиктер аккредитациядан жана жаман адамдардан баш тартуу үчүн колдонушат.
Федералдык соода комиссиясы (FTC)
ФСКнын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бюросу арыздарды чогултуу жана тергөө иштерин жүргүзүү менен адилетсиз, алдамчылык жана алдамчылык ишкердик практикасын токтотот - ал тургай мыйзамды бузган ишканаларды сотко берет. Арыздар көбүнчө жергиликтүү укук коргоо органдарына берилет, андан кийин кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн. Мындан тышкары, ал керектөөчүлөргө жана ишкерлерге мыйзамдардагы укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат берет .
1-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынуучу башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Урматтуу керектөөчү сиз өз укугуңузду билиңиз, анын бузулушуна жол бербеңиз, кызмат көрсөтүүдөбү же соодалашуудабы ар дайым кызмат көрсөтүүнүн же товардын сапатына көңүл бөлүңүз. Ар дайым чек талап кылыңыз жана ал чек боюнча сапатсыз товар болсо сиз ал товарды кайтарып бере аласыз.
Баяндаманы даярдаган : Жунусалиева Ж.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман