None

61.87 КБ -

Керектөөчу укугуңду бил!

Керектөөчүлөрдүн күнүн белгилөө жөрөлгөсү АКШнын 35-президенти              Жон Фицжеральд Кеннединин 1961-жылдын 15-март күнкү тарыхый билдирүүсүнө        байланыштуу. Анда президент "Керектөөчүлөр - бизбиз. Керектөөчүлөр экономикалык  чечимдерге таасир тийгизе турган олуттуу экономикалык катмар"             деген баасын берип, алардын  4 негизги            укуктарын белгилеген.
Коопсуздук укугу
Маалымат алуу укугу
Тандоо укугу
Угула билүү (арыздануу) укугу

Кийинчерээк бул демилге дүйнөлүк дещгээлде колдоого алынып,                    1983-жылдан тартып 15-март -  Бүткүл  дүйнөлүк  керектөөчүлөрдүн укугун  коргоо  күнү катары,  ал эми  Кыргызстанда             1990-жылдардын ортосунан тартып             белгиленип  келет.

1997-жылы “Керектөөчүлөрдүн                укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, бул  күн  расмий  дещгээлде өткөрүлө баштаган.

 

Бул күн эмнеге кабыл алынган?

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү

Сапатсыз товарлардан жана   адилетсиз кызмат көрсөтүүлөрдүн сактоо

Элдин укуктук маданиятын жогорулатуу

өндүрүүчү мененкеректөөчүнүн   ортосунда    адилет мамиле түзүү

Керектөөчүнүн негизги укуктары

  Сапаттуу товар жана кызмат алуу укугу

Товар тууралуу толук жана так              

    маалымат алуу укугу

  Коопсуздукка кепилдик алуу укугу

  Зыян келтирилсе, ордун толтуртуп          

     алуу укугу

Керектөөчүнүн жоопкерчилиги

 Товарды туура пайдалануу

 Маалыматты так окуу

Чек, келишимдерди сактоо

Башкалардын укугун урматтоо           

Эгер керектөөчүнүн укугу бузулса, төмөнкү органдарга кайрылууга болот:

¨  Алгач сатуучуга же кызмат көрсөтүүчүгө

¨ Дүкөнгө,  компанияга же ишкерге жазуу түрүндө арыз берүү.

¨ Чек, келишим, кепилдик талону      сыяктуу документтерди тиркөө.

2. Монополияга каршы жөнгө салуу    кызматы (КРнын Экономика жана                 коммерция министрлигине караштуу)                                                      

¨ Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча негизги мамлекеттик орган.

¨ Арызды жазуу түрүндө же онлайн   берсе болот.

3. Сот органдарына

¨ Эгер талаш чечилбесе, сотко доо арыз   менен кайрылууга укуктуу.

4. Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу         

    органдарына

¨ Айрым аймактарда керектөөчүлөр  боюнча адистер бар.

5. Коомдук уюмдар

Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон бейөкмөт уюмдар кещеш берип, укуктук  жардам көрсөтүшөт.

   «Керектөөчү укугущ -сенин    коргонуң!»

«Укугущду бил -алданып     калба!»

«Сапат талап кылуу-   сенин мыйзамдуу укугуң!»

«Ар бир сатып алуучу-  укуктуу жаран!»

«Керектөөчү күчтүү болсо -коом адилет болот!»

«Чек талап кыл -укугущду    сакта!»

«Маалыматтуу керектөөчү -корголгон керектөөчү!»

«Сен төлөйсүщ -демек,      талап кыла аласыщ!»

«Керектөөчү укугу - адам      укугунун бир бөлүгү!»

«Өз укугущду пайдалан-    өзүщдү    корго!»

 

 

                                                                                                                      


Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.