Кочкор районундагы Ара-Көл айылы жөнүндө кыскача маалымат
Кыргызстанда кышында тоңбогон атактуу Ысык-Көлү бар. Бирок республиканын тоңгон суу сактагычтарынын кооздугу туристтерди да, жергиликтүү тургундарды да кубандырат. Анын айтымында, Ара-Көлдөгү муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетип, көл жээгинде басууга коопсуз болот. Жергиликтүү тургундар чана тээп, музда балык уулаганды жакшы көрүшөт. Кызыгы, Кочкордо кар дайыма аз жаайт, бирок бир топ суук. Андыктан кардын аздыгынан кооз таза муздарды көрүүгө болот.
Кыргызстан өзүнүн жаратылышынын кооздугу менен суктанууну эч качан токтотпойт, бул байлыктын аркасында биз көптөгөн туристтерди тартабыз. Ара-Көл көлү Кочкор районунда, райондун борборунан 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Орто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын чек арасында жайгашкан. Аны Кочкорго кеткен жолдон көрүүгө болот. Суу сактагычтын узундугу 18 километрге созулуп, эң чоң туурасы 5 километр. Тереңдиги 47 метрге жетет.
Тоңуп калган Ара-Көл көлүнүн укмуштуудай сүрөтүн көрсөнүздөр болот. Кадрда тунук муз жана сырдуу, ошол эле учурда коркунучтуу жарака бар.
Ара-Көл Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чоң-Туз айылына жакын жайгашкан. Кышында көл жай мезгилиндегидей актуалдуулукту ээлейт. Көл толугу менен тоңуп, анын үстүндө кооз оймо-чиймелер пайда болот. Миңдеген эс алуучулар кышкысын көлгө келип, таза абадан ырахат алып, космоско сүрөткө түшүшөт.
АРА-КӨЛ - КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ ЧОҢ МУЗ ТЕБҮҮЧҮ АЯНТЧА
Сизге да бул жерге келүүнү кеңеш кылабыз, бул унутулгус окуя болот.
АРА-КӨЛ АЙЫЛЫНЫН ТАРЫХЫ
Ара-Көл айылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагына кирет. 1930-жылы негизделген. Тескей Ала-Тоо‚ борбордук Тянь-Шань тоолору менен курчалган. Кочкор Чаек авто жолунан 3 км түштүк жагында жайгашкан. Кочкордон 32 км батыш тарапта Балыкчы темир жол бекетинен 92 км аралыкта. 2023-жылдагы Ара-Көл айылынын калкынын саны 1023. Айыл тургундары көпчүлү дыйканчылык жана мал чарбачылык менен эмгектенишет. Айылыбызда клуб, ФАП, китепкана‚ жалпы орто билим берүүчү мектеби бар. Ара-Көл орто мектеби согуштан кийин Чолпон колхозунан бөлүнүп чыккан‚ Ара-Көл колхозунун кеңсеси болуп курулган эски типтеги имаратта төрт жылдык мектеп болуп ачылган (1949-1952-жылдары).
1998-жылы 8-августа Молдобек Ирсалиевдин мектеп куруу демилгесин жалпы эл колдоп ашар ыкмасы менен ал өзү жетектеп 60 күндө бүтүргөн. Мектеп ашар жолу менен курулгандыгына байланыштуу авариялык абалда табылып‚ 2018-жылы “Шер” курулуш компаниясы курулуш иштерин баштаган. 2023-жылы август айында курулуш иштери аяктап, эки кабаттуу заманбап мектеп ишке берилди. Мектепте 28 мугалим билим тарбия берип эмгектенет‚ ал эми 160 окуучу билим алып келет. Ара-Көл айылында таза суу түтүгү (резервуар) суу сактагычы бар. Ара-Көл айылындагы таза суу дагы эле Ирсалиев Молдобек аксакалдын жана айыл тургундарынын демилгеси менен 2004-жылы таза суу ишке бериле баштаган. Буга чейин айыл тургундары Ара-Көл суу сактагычынан чыккан арыктан аккан суудан ичип келишкен.
Кереметтүү Ара-Көл айылыбызда 2022-жылдан тарта суу сактагычы туристтик жай катары бүткүл Кыргызстанга таанымал болуп келет. Деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте жайгашкан. Кышында ноябрь, декабрь айларынан баштап муз тоңо баштайт. Муздун калыңдыгы 50, 60 см чейин барат. Бул Ара-Көл көлүбүзгө Кыргызстандын баардык аймактарынан эс алууга келишет. Эс алууга келген чет элдик туристтер, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген коноктор көк жылгаяк катары муз тебүүгө келишет. Кыргызстандагы эң чоң муз аянтчасы болуп эсептелинет. Эс алууга келген жарандар муз аянтчасынан коньки‚ чана тебүүгө болот.
Бул муз аянчага ишенби, жекшемби эс алуу күндөрү адамдардын саны 1000, 1200 чейин чыгып кетет. Бишкектен “Бишкек Ара-Көл Күйгөн суу” деген туристтик маршруткалар ишемби, жекшемби күндөрү тынымсыз каттап турат. Ошондой эле бул Ара-Көл көлүбүздөн балык уулого болот. Балык уулого кызыккан жарандар дагы алыскы айылдардан жана дагы шаарлардан келип балык кармашат. Ара-Көл суу сактагычындагы сууну Ара-Көл айылынын тургундары талаадагы эгин сугаттарына пайдаланышат. Мындайча атканда касиеттүү көлүбүз бир айылды багат десек да болот. Айылыбызда айтылып жүргөн аңыз кептер дагы бар, Ара-Көлүнүн колдоочусу “Ак тайлак” деп айтылып жүрөт. Бул Ак тайлак кээ бир чыгармаларда айтылып келет. Чолпонбек Абыке уулунун “Бриллиант жылан” чыгармасынан кездештирсе болот.
Жергиликтүү маалыматы боюнча СССРдин убагында (1980-жылдары) таза суу үчүн казылып жаткан жерден 80 метр тереңдиктен күйө турган суу чыккан. Курамында болжолдуу түрдө күкүрт, туз бар экени гана айтылат. Толук изилденбеген. Бургулоодон чыккан скважинанын үстүнө чай кайнатып, тамак бышырууга болот. Сууну аллергиялык оорулар үчүн колдонуп келишет. Сууда газ да бар экенин божомолдошот. Даамы туздуу. Туристтер үчүн эң кызыктуу жайлардын бири катары. Өзгөчө жайкы убактарда эл, туристтер көп келишет.
Ара-Көл айылындагы күйгөн суу
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман