Жүндүбаева Нинакан, Үкөк айылы, жыйнак, ырлар,

20.72 КБ -

Кочкор өрөөнүнөн чыккан акын - Нинакан Жүндүбаева


Жүндүбаева Нинакан (1917–2003) - акын.

Нинакан Жүндүбаева 1917-жылы Кочкор районунун Үкөк айылында туулган. Кыргыз Эл акыны. 1929-жылдан 1934-жылга чейин Нарын шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1936-жылы Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын борбордук комитетинин алдындагы, 1956-жылы Алматыдагы республикалык партиялык мектепти бүтүргөн. Райондогу Кара-Коо мектебинин   башталгыч класстарында мугалим болуп иштеген. Караколдогу мугалимдерди кайра даярдоочу алты айлык курсту бүтүп, жогорку класстарына тил жана адабияттан мугалим болуп, 1940-жылдын январынан Жумгал райондук Кайырма орто мектебинде сентябрь айына чейин мугалим болгон. 1941-жылга чейин комсомолдун Жумгал райондук комитетинин биринчи катчысы, ошондон үзгүлтүксүз 20 жыл партиялык, советтик жооптуу кызматтарда–райкомдун катчысы, райаткомдун төрагасы, обкомдун, облаткомдун бөлүм башчысы, 1959–1965-жж. Нарындагы «Тянь-Шань правдасы» гезитинде айыл чарба бөлүмүн жетектеп, Нарын облустук драма театрында директор, 1965–1971-жж. Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн начальниги, 1971–1976-жж. Кыргыз Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий нускоочу, 1976–1980 жж. ошол эле райондун «Эмгек-Туусу» гезитинин редакторунун орунбасары болгон.

Чыгармачылык ишмердиги 1950-жылдардын экинчи жарымынан башталган. «Алтын күз» аттуу алгачкы ыры 1957-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланып, коомчулука акын катары таанылган. Анын чыгармачылык дүйнөсүндө негизги орунду энелердин, балдардын турмушу ээлейт. Тунгуч ыр жыйнагы  «Алгачкы жанырык»  деген ат менен 1960-жылы жарыкка чыккан. «Мурас» аттуу лирика-эпикалык поэмасы поэтикалык табылгасы болуп саналат.  Акын бул поэмасында кыргыз элинин нукура турмушун,  чабандык кесипти атадан балага  мурас кылган  уй-бүлөнүн  тагдыр-таржымалын баяндайт.

 Ырлар жыйнактары китеп болуп жарыкка чыгып, пьесаларынын көпчүлүгү театрларда коюлду. 60тан ашуун ырларына обон жазылып, музыканын алтын фондусуна алынган. 1980-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсионер болгон. 1995-жылы «Кыз Сайкалдын арманы» пьесасы республикалык жаштар театрында коюлган, о.э. «Гүлнар», «Акыйкат алдатпайт», «Өмүр белеги», «Кыз Сайкал арманы», «Ажал менен акыйкат», «Бир үйдө», «Махабат кусуру», «Амал түгөнүп абийир кеткенде», «Талаа станында», «Чалкып жаткан мухит» аттуу пьесалардын автору.

Н.Жүндүбаева «Ардак белгиси ордени», «Эмгек каарманы» Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына «Каарман эмгеги үчүн», Жеңиштин 10, 20, 30, 40, 50 жылдык медалдары менен, Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен алты жолу сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны (1964), «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (1977), «СССР маданиятынын отличниги» (1967) наамдарына татыктуу болгон.

Маданият министрлигинин көп жолку Ардак грамоталары менен сыйланган.
Кыргызстан ЛКЖС БКнын мүчөсү (1940-1944), Кыргызстан КП Кочкор райкомунун

мүчөсү (1946–1950), Нарын обкомунун мүчөсү (1945–1948), Нарын облустук советинин элдик депутаты болуп (1956–1963) шайланган.
Акындын ырлары түркмөн, тажик, эстон, белорус, хакас, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган. Нинакан Жүндүбаева 2003-жылы дүйнөдөн кайткан.
Акындын аты Кочкор районундагы мурдагы Кара-Коо орто мектебине ыйгарылган.

 

Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектеп


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.