Коомдук жана мамлекеттик ишмер - Медеткан Шеримкулов

Тарыхый инсан, Легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук  белгилүү ишмер Медеткан Шеримкулович Шеримкулов 1939-жылы 17-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

1967-жылы Кыргыз Мамилекеттик Универитетин бүтүргөн. 1971-1990-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик жана партиялык жетекчиси, Ысык-Көл обком партиясынын секретары, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин идеология боюнча бөлүм башчысы, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин партиялык көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин секретары болуп иштеген, 1980-1995-жылдары бир нече ирет Жогорку кеңешке депутат болуп шайланган.

1990-1993-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы. 1998-2002-жылдары Кыргызстандын Туркиядагы элчиси, 2007-жылдан, 2012-жылдарга чейин Кыргызстандын Иран -Ислам Республикасындагы элчиси болуп иштеп келген. Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулович Шеримкуловдун Кыргыз Республикасына кошкон салымы чоң.

Даярдаган:  Тагаева Бейшегүл


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.