None

127.76 КБ -

КРнын Гербинин автору, Тенир-Тоонун сыймыгы Асейин Абдраев жөнүндө кыскача маалымат

Асейин Абдраев 27- март 1948-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Кара-Үнкүр айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдырай ата карапайым адам болуп, өмүр бою колхоздо эмгектенип келген. Асейин байке өз энесинен эрте ажырап, экинчи энеси Ажар апанын колунда чоноюп өскөн. Ажар апа өзү төрөбөгөндүктөн балага өтө мээрман, боорукер болуп, Асейин байкени эч нерседен кем кылбай чонойтуп, окуткан. Бала кезинен сүрөт тартып, сүрөткө шыктуу болгондуктан балалык шыгы, дилгирлиги, өз аракети менен окуп билим алган. Ажар апа төрөбөгөндүктөн Абдырай ата кайрадан  Бегимбүбү апага баш кошуп андан Ибрагимжан, Рахатбек, Гүлмира, Үсөн, Токтосун аттуу балалуу болушкан. Ибрагимжан С.А.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын окуп бүтүргөн.

Абдрай атанын көзү өткөндөн кийин Асейин байке инилерине тээк болуп ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, акыл насаатын айтып, колдоо көрсөтүп келген. Асейин Абдраевдин жубайы Роза Абдраева азыркы учурда мугалимдик кесипти аркалап, балдарга музыкалык билим берип келет. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин жана Билим берүүнүн отличниги сыйлыктарынын ээси.

Эгемен мамлекеттин эн тамгасын жараткан инсан

Эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн эн тамгасы болуп саналган мамлекеттик гербди жараткан, жергебизден чыккан карапайым сүрөтчү, маданиятка эмгек синирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, Нарын шаарынын ардактуу атуулу Абдраев Асейин бир көргөн адамга өзүн бийик сезген, мүнөзү корс адамдай сезилчү. Бирок мүнөзү жумшак, жаратылышында боорукер, өтө жөнөкөй, шайыр, тамаша сөзгө чебер, жан дүйнөсүндө оргуган эргүүлөрү жаткан таланттуу инсан эле.  Мен муну биринчиден жакын тууганы, экинчиден өнөр жолунда сапарлаш катары байланышта болгондуктан жакшы билем. Асейин агам 1968-жылдары ал кезде Орто Азияда бирден бир сүрөтчүлөрдү даярдап чыгарган атактуу окуу жайы болгон С.А.Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайынын «Сүрөтчү жасалгалоочу» бөлүмүн бүтүрүп, Нарын шаарындагы музыкалык драма театрына сүрөтчү-жасалгалоочу, кийин башкы сүрөтчү болуп өз кесиби менен кыйла жыл үзүрлүү эмгектенди. Ошол кезде Нарын музыкалык театры Фрунзе шаарында искусство декадасына катышып чон ийгиликтерге жетишкен.  Мыктыларды сыйлоо учурунда ал кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы  Төрөбай Кулатов Асейин агабызга Республиканын Ардак грамотасын тапшырып жатып «Спектаклдердин декорациясын көрүп отуруп сени дасыккан чон сүрөтчү экен десе, бала эле турбайсынбы деп тамаша салганын угуп айылдагы кары жаш дебей  сыймыктанганыбыз эсимде деп эскерет айылдашы Казыбек Мамырканов.

Асейин агабыздын талантынын өсүшүнө өзүнүн туулуп өскөн жеринин кооздугу да таасир эткен. Ал Долондон түшө беришиндеги Кара-Үнкур капчыгайында төрөлүп, балалыгы жаратылыштын кооздугунда, Бөрүлүү, Тешик кыштоолорунда, Кум-Бел, Тар-Суу, Кен-Суу жайлоолорунда, абасы таза карагай чердин арасында, көк кашка тунук суунун боюнда өткөн.

            Асейин Абдраев Нарын облустук искусство мектебинин директору болуп иштеген учурларында карындашым деп көп сүйлөшүп калаар элек. Ошол кездеги сүйлөшүүлөрдү эстеп, депутаттык милдетим деп эсептеп, жердешим, агам катары кыскача болсо да уккандарымды кагаз бетине түшүрүп маалымат бергим келди. А.Абдраев тарыхта калчу инсан.

            Мындан отуз жыл мурун 1994-жылы 14-январда эгемендүү өлкөбүздүн мамлекеттик символу Гербди кабыл алынышы жөнүндөгү Токтомго Президент Аскар Акаев кол койгон эле. Белгилей кетүүчү нерсе мындан отуз жыл мурун Мамлекетибиздин ыйык символу Герб боюнча сынак жарыяланганда Республикабызда кыл калем ээлери  эки минден ашык эмгектерин катыштырышкан. КРнын Жогорку Кенешинде кызуу талкуулар, талаш-тартыштар менен жүздөгөн эмгектер тандалган. Ошолордун ичинен Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев биргелешип тарткан  Герб депутаттардын 248 добушу менен тандоосуна төп келген. Асейин Абдраев жогорку билимдүү, тажрыйбалуу профессионал плакатист-сүрөтчү, декоратор -жасалгалоочу, туубаса таланттуу сүрөтчү болгондуктан ушул ийгиликтерге жетишкен десек жанылышпайбыз.

            Гербди жаратуу онойго турган жок деп эскерчү Асейин Абдраев. Гербдин үстүнөн эки жылдан ашуун иштедим. 24 герб тартып, алгач конкурска он жетинчи гербди алып чыгып өтпөй калганда он тогузунчу гербди алып чыктым. Ошол тарткан герб конкурстан женип чыгып КРнын Герби болуп кабыл алынып калды деп сыймыктануу менен айтаар эле. Гербдин бетиндеги ар бир сүрөттүн өзүнчө чон мааниси бар. Мисалы гербдин түзүлүшүнө көнүл бөлсөк, түзүлүшү тегерек. Бул ракетанын терезесинен жерди караганды элестетет. Мындай форманы тандап алышыма Ч.Айтматовдун сөздөрү таасир этти. Ч.Айтматов ракетанын иллюминатору тегерек формада болуп, алкактан жердин көрүнүшү, кооз жаратылышы- тоолор, суулар чексиздикте жайгашып жергебиздин кереметин, кымбаттыгын байкоого болот деген экен.

 Ракетанын терезеси тегерек формада болуп, жерди караганда жердин бир гана бөлүгү көрүнөт, ал эми ак шумкардын мааниси – Манас атабыздын шумкары, канаты менен эли- журтубузду калкалап, келечекке талпынып турат жана кыргыздын жигиттери күчтүү, намыскөй, кыраакы болсун деген маанини билдирет.  Шумкардын артындагы көл- биздин Ысык-Көл. Ысык-Көлдүн нары жагындагы бөксө тоо – кен тоо. Кыргыз жери кенге бай болуп, элдер жыргал жашоодо болсун деген маанини түшүндүрөт. Кен тоонун артындагы бийик аска тоо – Ала Тообуз турат, бул ак калпактын элесин берет жана кыргыз эли тоолу жерде жашаганын туюндурат. Алтын өндүү текши чачып турган күндүн нуру – асманыбыз ачык болуп, элибиздин кабагы кундой жарык болуп, күн нуру баарына бирдей нурун чачып бүркөлбөй турсун дегени, ал эми гербдин капталындагы буудай менен пахтанын сүрөтүнүн мааниси кыргыз эли ток болсун дегенди билдирет деп чечмелеп да айтып берчү. Гербдин фону көгүлтүр түстө болушу ааламдын кендигин, тынчтыктын, бейпилдиктин белгиси катары сезилет деп калчу. Асейин агабыздын  эмгеги бааланып 1994-жылдын 27-январында Республиканын маданиятына эмгек синирген ишмери төш белгиси наамын алган, авторлордун бири Садырбек Дубанаев милициянын генерал-майору деген наам берилген.

Бугунку куну ыйык символубуздун отуз жылдыгы белгиленип жатат. Автордун көзү тирүү болгондо быйыл 76 жашка чыкмак экен. Герб – кыргыз элинин жүзү, эгемен мамлекетибиздин символу. Кыргыз Республикасынын Гербинин авторунун бири, шаарыбызда бүгүнкү күнгө чейин биз байкабаган, көрүп-билип жүргөн өнөрлүү жердешибиз, Тенир-Тоонун кулуну, сүрөтчү, декоратор, плакатист Асейин Абдраев экендиги биз үчүн зор сыймык.

 

2014-жылы 14-январда Гербдин кабыл алынганына 20 жылдыгын белгиленип жаткан учурда Асейин Абдраевдин көзүнүн тирүүсүндө, журналист Назгүл Мүсүралиевага берген интервьюсунда айткан сөздөрүн да эске салгым келди.

            1992-жылдын апрель, май айлары болуш керек эле мен жумуштан келсем кире бериште бир гезит жатыптыр. Ошол гезитте гербдин 8 варианттагы долбоору чыгыптыр. Ары карап бери карап  атып бир кезде мен деле долбоор түзүп көрсөмбү деген ой келди. Ал кезде сүрөтчүлүк стажыма 30 жыл болуп калган. Анын үстүнө Бишкектеги көркөм окуу жайында окуп жүргөнүмдө Октябрь революциясынын 50 жылдыгына карата саясий плакаттарга жарыяланган  сынакка катышып, көптөгөн студенттердин ичинен эки бала женүүчү деп табылып, мамлекеттик практиканы Польшадан өткөрүп келгенбиз.  Ошондо Польша дүйнө жүзүндөгү саясий плакаттар күчтүү өнүккөн өлкө эле.ал жактан плакаттар, символикалар боюнча бизде жок тажрыйбаларга каныгып, көп нерсеге таасирленип келгенбиз. Мага өзгөчө таасир калтырганы Пользан шаарынын герби болгон. Ал гербде жөн гана эчки жетелеген бала тартылган болучу. Көрсө кайсы бир жылдарда  ошол шаарда чон өрт болуп, түн ортосунда эчки жетелеп келаткан бала өзү да, эчкиси да бакырып, элди ойготуп, шаарды сактап калышкан экен. Мына ушундай тажрыйбаларга, буга чейин көргөн билгендериме, билимиме, чыгармачылыгыма таянуу менен гербдин долбоорун иштеп чыгууну чечип, издене баштадым.

            Акыркы эки күн олтуруп төрт эскиз түзүп чыктым. Анан облустук администрациянын алдында келе жатсам ошол кездеги облустук керектөөчүлөр коомунун төрагасы, классташ досум Мукаш Эсеналиев жолугуп калды. Ал депутат болчу. «Ушундай эскиз түздүм эле, төрт эскиз менен кантип борборго барып келем, берип койчу» - деп өтүндүм.  «Жарайт, эртен он экилерде кенсеге кел деди. Жаман киши так болот дегендей туура он экиде барсам  жарым саат мурун Кочкордо шашылыш иш болуп чыгып кетиптир. Анан эмне кылсам деп ошол кездеги облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы садырбек  Дубанаевге айттым. Ал да депутат болчу. Ал ошол эле жерден конвертти ачып жиберип, эскизди көрүп, сынакка алып барып берээрин убада кылды. Бир күнү чакыртып ийиптир.    Барсам  тигил жакта ушул автор менен иштешебиз деп жактыргандар бар экенин айтып дарегимди толук алды. Көп өтпөй Карап Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сынакка катышкан гербдердин долбоорлору элдин сынына коюлду. Авторлордун аты жөнү жазылбай, номерлер жана гербдердин аттары менен гана чыгат экен. Ой пикирлерди калтырган журналда менин долбоорума 70тен ашык каалоо-тилектер жазылыптыр.

Ошолордун ичинен бир казакстандык кыргыз жигит «мүмкүн болсо ушул гербге көнүл бурсанар Кыргызстан жакшы гербге ээ болот эле» - деп кол тамгасын калтырыптыр. Мындай пикирлерден кийин ого бетер дилгирленип калдым.

            Жарым жылга жакын мезгил аралыгында 2234 гербдин ичинен 43 гербди, кийин 43 долбоордон 25ти, андан кийин 25 долбоордон учту тандап алышты. Үч гербдин бири меники болду. Ошентип эки жыл аралыгында  улам бир вариантын жасап атып 100 дөн ашык эскиз түздүм. Акыркысы он тогучунчу варианттагы «Нур» герби болчу. Ушул гербди 1994-жылдын 3-январында баштап 9-январда түнкү саат үч жарымда бүттүм.  Коюп алып карасам өзүмө жакты, ошондо эле аябай толкунданып турдум. Эртеси эртен менен Садырбек Дубанаевге ала кет деп барсам аялын салып алыптыр, менден жийиркенгенсип бурулуп алып кетип калды. Бишкеке чейин төрт машине которуп бардым. Акыркы сынакта долбоорлорду  Жогорку Кенештин кичи залына койдурду. Мурунку тандалып алынган үч гербге альтернатива кылып дагы үч герб коюлду. Менин жаны түзгөн он тогузунчу варианттагы гербимди койдурбай мурункусун коюшту. Бирок үстү жагына жанысын коюп койдум. Бир кезде Казат Акматов чакырып «эки гербиндин бирөөнү танда, кийин өкүнүп калбагыдай бол» - деди. Ошондо башым катып кетти. Он жетинчи герб да жакшы герб болчу, бирок татаалыраак эле. Анан «ээ Кудай, арбак колдо» дедим да он тогузунчу гербди койдум. Жогорку Кенештин  залында эки күн турду. Анан 350 депутат бар болчу. Депутаттар келип алтоону тен карап кетип атышат. Мен болсо гербдин жанынан кетпейм. Бир кружка чай ичип алып чуркап келатсам эле менин гербимдин жанында элдер топтолуп калыптыр. Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Бекмамат Осмонов сыяктуу залкарлар экен. Ортосунда Турдакун Усубалиев туруп алып «мен түндө саат экиге чейин бүт дүйнө жүзүнүн гербдерин карап чыктым. Мынабу биздин мамлекет үчүн эн туура герб болот.  Мен бүгүн чыгып ушул гербге добушумду берем» деп бакылдап атыптыр. Андагы толкунданганды айтпа, жер ала чакмактап кетти.

            Ошентип баякы алты герб сынакка кирди. Турдакун Усубалиев алдынкы орунга отуруп алып чапкан аттай обдулуп биринчи эле чыгып өзүнүн пикирин айтты. Тим эле мени менен сүйлөшүп алгандай болуп гербдин символикаларын ташка тамга баскандай айтып берди. «Ортодо көл турат. Кен тоодон пайда алабыз. Андан байлык түшөт. Ала Тоо менен күндүн нурун ким тана алат.  Буудайыбыз болсо курсагыбыз ачка болбойт, ак пахтабыз болсо кийимибиз бүтүн болот.  Манас атанын ак шумкарын кантип танасынар» деди. Андан кийин Төлөгөн Касымбеков чыгып ош жактын гербине добуш берди.. Көп талаш тартыш болду. Жогорку Кенештин спикери Медеткан Шеримкулов кыйын киши да, танапис жарыялап, ошондон кийин кабыл алабыз  деди.  Андан кийин мени автор деп айтып коюшкан экен,  киргизген жок.Сыртта телевидениенин машинасы туруптур, тү тартып аткан экен.  Ошондон карап турдум. Меники 206 добуш алып, экуологиянын герби 208 добуш болуп калды. Экинчи кароодо депутаттар дээрлик 90 пайыз колдоп 248 добуш менен менин гербим өтүп кетти. Кирип барсам менин гербимди коюп алып гимн менен кабыл алып атыптыр. Чолпон Баекова «гербдин автору сизби?» деп жанына отургузуп алды. Шеримкулов конвертти ачып, фамилиямды атагыча жүрөгүмдүн дүкүлдөп атат. Эми андагы толкунданганды сураба.

Гербдин символикалык маанисине кененирээк токтолуп өтсөнүз?

            -Биздин герб анча мынча Польшанын гербине окшошуп кетет. Бирок алардыкы европалыктардын, биздики чыгыш стилинде. Атрибуттарынын баары  биздин менталитетибизге туура келет.

            Борбордук композитция катары Ысык-Көлдү алдым. Чынгыз Айтматовдун «Ысык-Көл биздин багыбызга ааламдан берилген белек. Биздин Көлдү космостон караганда да ушунчалык кооз көрүнөт экен» деп айтканы бар. Анын үстү жагына кен тоону тартканым биздин байлыгыбыз жерде деген мааниде. Ал эми Манас атабыздын ак шумкары эркиндиктин, алгырлыктын, намыскөйлүктүн, аруулуктун символу. Илгери кыргыз элин монгол, татарлар чаап келатканда кантип аларды өзүбүзгө көшүлтөбүз деп аксакалдарыбыз ак шумкарды тартуу кылыптыр. Алар кызыл көз ак шумкарды карап отуруп бул элдин бизге ниети ак экен деген бүтүмгө келип тийбей өтүп кеткен экен. Эн кымбат символикабыз  Ала-Тообуз. Күндүн нуру

Тирүүлүктүн, буудай токчулуктун, пахта тиричиликтин белгиси. Негедир Ала-Тоонун чокулары да, ак шумкардын канаты да санагандай жети, буудай болсо тогуз болуп тартылыптыр.Гербдин көк түстө болгону ачык асманды түшүндүрөт.Ачыки асман тынччылыктын белгиси.Анын үстүнө бул жөн эле көк эмес адамдын көнүлүн ача турган көк түстө тартылган. Эн негизгиси театралдык сүрөтчү, плакатист катары колоритин аябай ойлондум. Бир эле бөлөк өн аралашып кетсе анда сапаты бузулмак.+ндөштүргөндө боек да бири-бирине үндөшүп, тууган болуп турушу керек.

            -Гербди сиз гана жараткан экенсиз, а эмне себептен генерал Садырбек Дубанаев да автор аталып кетет?

-Ал автор эмес.Гербди жаратмак тургай жакшылап көнүл буруп караган да жок. Ал тургай машинесине салбай кеткен. Жанагы конвертти алып барып бергенде эле өзүнүн фамилиясын кошо жазып киргизе бериптир. Анан конвертти ачканда автор деп анын фамилиясы кошо чыгып калып жатпайбы. Соавтор болсо мени менен макулдашып, келишим түзүп, өтүнүч кылып, «сен тартып бер, мен транспорттук, финансылык чыгымдарын төлөшөйүн» деш керек эле да. Андай келишим болсо мен минтип сүйлөй да алмак эмесмин.

- Буга чейин эмне себептен автордук укугунузду талашып, мыйзамдуу түрдө бул маселеге чекит койбой келдиниз?

- Мен өтө жоош адаммын да. Ал болсо элдин эмгеги менен жашаган киши экен. Ушунча жыл унчуккан жокмун. Гербдин авторумун деп канча пайда көрдү. Азыр деле унчукпай коймокмун, бирок кийинки күндөрү уялбай эле массалык маалымат каражаттарынан сүйлөп, гербди мен жараткам деп ыйманына камчы чаба баштады. Анысы аз келгенсип баннер, паспорт, иш кагаздарына руксат берип каражат табат экен. Бир жолу телевизорду карап отурсам Кыялда иштеген бир жигит Гербди куюп сатат экен. Анан «генерал Дубанаев руксат берген, руксатым бар»  деп атат. Кыялга барып ошол жигитке жолугуп, куюлган гербди көрсөм элементтери такыр окшошпойт.Дубанаев мен жараткан гербди шалтактатып көрүнгөнгө тарттырып атып беделин да түшүрүп бүттү. Мен буга абдан капамын.

Мен азыр Дубанаев менен таанышып калганыма гана өкүнөм. Ал эми герб боюнча менден башка киши ушул гербдин автору болсо да сыймыктанат элем.Чынында айрым элементтеринде иштечү жерлери бар. Мен өмүр бою көзүм өткөнчө анын үстүндө иштей берем.

- Кызыктуу маек куруп бергенинизге рахмат. Дагы бир ирет кыргыз Гербинин туулган күнү менен куттуктап, ден соолукта болуп, чыгармачылыгыныз арта беришине тилектешпиз.

2014-жыл.9-октябрь Назгүл Мүсүралиева

Тенир Тоо

 

Асейин Абдраев 70 жаш курагында узака созулган оорудан 13-август 2018-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү Нарын шаарындагы көрүстөндөргө коюлду. 2 кыз 2 уулдун атасы. Дастан улуу баласы азыр Республикалык өзгөчө кырдаалдар кызматында эмгектенет, Кичүү уулу Нурген  атасынын жолун жолдоп Бишкектеги Т.Садыков атындагы жогорку сүрөт академиясын аяктап, сүрөтчүлүк өнөр менен биргеликте азыркы учурда жеке ишкердик менен алектенет. «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет» демекчи Асейин Абдраевдин элеси дайыма элинин жүрөгүндө бекем сакталат демекчимин.

Акматова Айгул Мукановна


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.