КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери Бурул Жумагулова

 Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын укуктук-экономикалык окуу залына   КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, “Даңк”медалынын ээси, КРнын Президентинин Ардак Грамотасынын, ондогон төш белгилердин жана Ардак Грамоталардын ээси, Ардактуу эс алуудагы китепкана кызматкери Бурул Жумагулованын ысымын берүү боюнча, китепканага атын түбөлүккө калтыруу максатында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын директорунун №5 12-май 2021-жылы чыккан буйругунун негизинде  аты берилди.

                  Бурул Жумагулова 1946-жылы 14-октябрда Кемин районундагы Тегирменти айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Орто билим алгандан кийин Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кыргыз тили, адабияты мугалими жана китепканачы адистигине ээ болуп, 1968-1970—жылдары Нарын шаардык китепканасында Жумагүл Коңурбаева эженин кол алдында эмгек жолун баштайт.1972-жылы Нарын облустук китепканасында бөлүм башчы, 1976-жылы Нарын шаардык китепканасынын директору болуп дайындалат.

                  “Жетекчинин жакшысы – жамааттын бактысы” дегендей китепканалык ишти жлдго коюуда, окурмандарды китеп менен тейлөөдө, түрдүү багыттагы маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдө, кызыгуучулардын клубдарын уюштурууда дегеле шаар калкынын маданиятын көтөрүүдө билгичтик , уюштуруучулук жөндөмү менен Нарын шаарындагы маданият тармагын, “Тоо  гүлү”ыр-бий ансамблин уюштуруп, Монголияга барып концерт коюп келүүгө талбаган эмгегин жумшап, “Гүлдесте” ансамблин кошо жетектеп, аппаратураларды алып, ансамблдин мүчөлөрүнө кийим кечек менен камсыздап иш алып барууда 1977-жылы СССР Маданият Министирлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

                Бурул Жумагулова ар кандай коомдук тапшырмаларды: комсомолдук, партиялык, профсоюздук уюмдарда секретарлык иштерди иштеп такшалды. Талыкпаган эмгеги бааланып 1979-жылы 33 жашында 3 жолу Эл депутаттарынын Нарын шаардык Кеңешине депутаттыкка шайланган.

Өмүрдө көп жылдарды артка таштап, Өрнөктүү өмүр менен өттү жаш чак.                 Барандуу Теңир Тоонун байбичеси, Барасың дале болсо көчтү баштап. –деп ырда айтылгандай уюштуруучулук жөндөмү менен, чыгаан жетекчи катары көч башында болду.1980-жылы КПССтин, ВЦСПСтин, ЦК ВЛКСМдин “Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү” деген төш белгилердин , СССР Маданият Министрлигинин, Кыргыз ССР Маданият Министирлигинин Ардак грамоталарынын ээси болду.1990-1991-жылдары Нарын өрөөндүк китепканасынын генералдык директору,1991-1999-жылдар аралыгында Нарын шаардык мэриясында орун басар, Нарын райондук мамлекеттик администрациясында орун басар, аппарат жетекчи, Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башчысы,Нарын облустук маданият башкармасынын орун басары,1999-жылдан баштап Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын директору болгон.

              2002-жылы “Сорос Кыргызстан”, “Евразия” фондуларына долбоор жазып  Бурул Жумагулованын өздүк демилгеси менен китепканада “Нарын укуктук-экономикалык маалымат борбору” ачылган. Бул долбоордун негизинде информациялык технологиялар, дүйнөлүк интернет булактары жана укуктук-экономикалык адабияттар, “Токтом” маалымат базасы, мебелдер менен камсыз болгон. Бул долбоордун артынан “Региондорго экономикалык маалымат”,”Китепкананын алдындагы укуктук-экономикалык маалымат борборун түзүү жана ишин жайылтуу”, “Укуктук-экономикалык адабияттар менен облустук, райондук, шаардык китепканаларды камсыздоо”, “Нарын облусунун укуктук-экономикалык борборлорун жаңы технологиялар менен камсыз кылуу” жана башка көптөгөн проектилердин алкагында иш алып барып облустук китепкана эле эмес, райондук китепканалардын базасында да укуктук-экономикалык маалымат борборлору уюштурулуп, калктын сүйүктүү жайына айланды.

               Бүгүнкү күндөгү мезгилдин талабы болгон санариптештирүү багытындагы иштерди мындан 20 жыл мурун изденүүнүн, талыкпаган эмгектин негизинде китепканага биринчилерден болуп мобилдик тейлөөнү киргизген. Китепканага 100 миң доллардан ашык инвистиция тарткандыгы үчүн Нарын облустук мамлекеттик администрциясынын жана Эл депутаттардын облустук Кеңешинин “Намыс” программасынын алкагында  “Табышкер жетекчи” аттуу наамга ээ болуп, ал эми облустук китепкана “Алдыңкы китепкана” деген наамга татыктуу болгон. Китепканалардын ишин өнүктүрүүдө, көп жылдык жана жемиштүү иштеген иши, өлкөбүздүн улдөп өсүшүнө кошкон  ак ниет эмгеги бааланып, мамлекет тарабынан 2004-жылы Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен, “Маданияттын мыкты кызматкери”. “Китепкана жылдызы” аттуу төш белгиси менен сыйланып, ага удаа эле  2009-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамга татыктуу болгон.

               Бурул Жумагулованын жеке демилгеси менен облустук китепкананын 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлүп, “Китепкана музейи” ачылып, анда китепкананын тарыхын, жетишкендиктерин,  алдыңкы маданият тармагынын жетекчилеринин, алдыңкы китепкана кызматкерлеринин сүрөттөрү, экспонаттар, адабияттар коюлган көргөзмөлөр чыгарылган. “Нарын 125” китебинин кош автору, “Нарын облусундагы тарыхый эстеликтер” аттуу китебинин жана бир нече макалалардын автору. Азыркы учурда неберелердин кучагында ардактуу эс алууда.


Макаланы жүктөгөн: - Uzer Админ





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.