Кылым жашына келген – кыргыз милициясы
Милиция - коомдук тартипти сактоону, коомдун жана жеке адамдын коопсуздугун камсыз кылууну жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдетин ишке ашыруучу мамлекеттик укук коргоочу орган. Тарыхта “милиция” - деген сөз латын тилинен келип,”аскер кызмат”,аскер күчү” – дегенди билдирет.
Милиция органдарына кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү жана коомдук тартипти сактоо милдети жүктөлгөн. Ар бир мамлекетте адамдын укугун, эркиндигин жана коомдук коопсуздукту коргоо органдары бар.
Биздин мамлекетте ошол милдеттерди милиция кызматкери алып барат. “Менин милициям – мени коргойт”- деп элибизде сыймык менен айтып жүргөн Кыргыз милициясына быйыл 100 жыл толду. Кыргыз милициясынын түптөлүшү бир кылымдык тарыхты басып өттү. Тарыхый татаал мезгилде түзүлгөн, өлкө оор сыноолорду баштан кечирген кыргыз милициясы коомдун ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Ал өзүнүн жылдарында көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, жогорку профессионалдуулукту көрсөтөт. Кыргыз милициясынын тарыхы – коомдун өнүгүүсүнүн ар бир баскычында, элге кызмат кылуу, эр жүрөктүүлүктүн жана берилгендиктин кылымдык тарыхы – бул биздин өлкөдө адилеттүүлүк жана тартип үчүн чексиз күрөштүн, кониституциялык принциптерди турмушка ашыруунун жаркын күбөсү.
1924- жылы 1-ноябрда Кыргыз милициясы негизделген. Кара –Кыргыз автономиялуу облусунун ревкому, аткаруу комитети менен админстративдик бөлүмдөрдү ачуу туурасындагы чечим чыгарып, анын натыйжасында областа материалдык бөлүм иштей баштаган. Матералдык бөлүмдө жалпы милиция, кылмышты тергөө жана түрмө бөлүктөрү орун алып, милициянын укук коргоо багыттындагы иши 1924-жылдын 1-ноябрынан баштагандыктан, бул дата кыргыз милициясынын күнү катары кабыл алынган.
Бул кылымга тете убакыттын ичинде милиция эки доордун оош-кыйыштарын башынан өткөрүп, күрөш жолунда такшалды, коом үчүн зарылчылыгын айгинеледи. Кыргызстандын укук коргоо тармагынын сыймыктуу таржымалы Советтик доор менен тыгыз байланыштуу. 1924-жылы 1-нобрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусттук милиция башкармалыгы түзүлүп, анын биринчи начальниги болуп Арумов Аркадий Петрович дайындалган.
Ошол убактан бери 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын милициясынын күнү жана Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен бул дата 1994-жылдан бери Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы катары белгиленип келет. 1920-жылдын ноябрь айынан баштап курамы 62 адамдан турган жумушчу-дыйкан милициясы,”Нарын уезддик –шаардык милициясы”-деп түзүлгөн.
Бул уезддик-шаардык милициясына бир шаардык, үч райондук участка баш ийген. Акырындык менен милициянын уюмдаштыруу структурасы өркүндөтүлгөн. Нарын уезддик-шаардык милициясына С.Байгазинов, Д.Урозбаев, Мураталин Искедер Садыкович, Ю.Койчуманов, Эргеш Алиев алгачкы начальниктик кызматтарда иштешкен. Кыргыз эмгекчилеринен чыккан тунгуч ревоюционер Таабалды Жукеев Пудовкин 1924- жылдары Россиядан Нарынга келип 1926-жылдын июль айынан баштап Нарында кылмышкерлерди издеп табуу боюнча округдук бөлүмүнө начальник болуп үзүрлүү эмгектенген.
Нарын шаарына эстелиги тургузулган. Нарын облусу уюшулгандан кийин бүт милиция кызматы облустук Эл депутаттар кеңешинин аткомунун ички иштер башкармасынын аткомуна караган. 1991-жылдан Нарын облустук ички иштер башкармасы аталат. Башкармалык кылмыштуулукту алдын алуу жана токтотуу боюнча иш жүргүзүлөт, кылмыштуулукту ыкчам жана толук ачуу үчүн чараларды көрөт, кылмыш иштери боюнча тергөө жана кылмышкерлерди табуу иштерин, жол жүрүү коопсуздугун жана автотранспортту иштетүүнү, паспорт режимин сактоону ж.б.лар камсыз кылат.
Облустук ички иштер башкармалыгынын курамына кылмышкерлерди издөө, мамлекеттик автомобиль инспекциясы, коомдук тартипти сактоо, өрттөн сактоо бөлүмдөрү ж.б.лар кирет. Облусттук ички иштер башкармалыгы облус жоюлганда Ысык –Көл ички иштер башкармалыгына баш ийип, кайрадан түзүлгөндө кайра уюштурулуп турган. Бул мезгилде жетечиси болуп, милициянын подполковниги Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич дайындалган. 1998-жылыдан милициянын полковниги Ж.Жакыпов, Ө.Суваналиев, Т.Дегембаев, С.Курманалиев, Н.Темирбаев,С. Исмаилов, С.Жусупов, Н.Молдоисаев, Т.Нуралиев облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп ,облустагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп келишкен.
Азыркы обулустук ички иштер башкармасына зор эмгек кылышкан ардагер аталарыбыз Б.Султанкеримов, М.Мускеев, К.Бокоев, М.Жумаев ж.б. ардагерлер менен сыймыктансак болот. Учурда Нарын обулустук башкамасын Асаналиев Сапар Тилекович жетектейт.
Тоолуу Нарындын милициясы да коомдук тартипти сактоо, кылмышкерди теске салуу, контрабандачылар, чек араны бузуучулар менен күрөшүүдө албан иштерди жасашты. Эл кызматындагы милициянын жумушу түйшүктүү жана жооптуу. Бүт өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган Мекен үчүн жасаган көп кырдуу эмектери, алардын эрдиги элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып, өсүп келе жатакан муундарга үлгү катары кызмат өтөй бермекчи.
Милиция ар намыстуу, эр жүрөк, Түйшүгү көп, бирок аны эл күтөт. Мекенине кызмат кылат аянбай, Жери үчүн,эли үчүн тер төгөт. Милиция узак жаша, көп жаша. Мекениндин бөпөлөгөн колунда. Күнөстүү Кыргызстаныбызда тынтык өкүм сүрсүн! Майрамыңыздар менен милиция кызматкерлери!
Даярдаган: Аманат кызы Гулзада
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман