Кыргыз АССРинин биринчи конституциясы
Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1926-жылы 1-февралда Кыргыз областынын территориясынын кеңдигин, чет мамлекет менен чектешкенин, экономикасынын, маданиятынын жана тилинин маанисин эске алып Кыргыз автономия областын Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикага айлантуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошентип Кыргызстан РСФСРдин курамында өзүнүн мамлекеттүүлүгүнүн жаңы этабын баштаган. Бул окуя 1927-жылы 7-12 мартта өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин 1-съездинде мыйзамдаштырылган.
Кыргыз АССРи түзулгөндөн кийин республикада анын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча чоң иш чаралар жүргүзүлгөн. Жергиликтүү Советтерге кезектеги шайлоолор өткөндөн кийин 1929-жылы 25-30-апрелде Кыргыз АССРинин Советтеринин 11-съезди болуп өткөн. Ага 220 делегат катышып, республиканын өкмөтүнүн отчетун уккандан кийин Кыргыз АССРинин Конституциясын кеңири талкуулаган жана кабыл алган. Биринчи Конституция 7 бөлүмдөн, 16 главадан жана 97 статьядан турган.
Анда кайсы улутта экенине карабастан эмгекчилердин тең укуктуулугу белгиленип, республикадагы жарандардын милдеттери жана укуктарынын негиздери белгиленип, конституцияда башка бийлик органдарынын структуралык функциялары бекемделип, республикалык жана облустук федеративдүү органдарынын өз ара мамилелери аныкталган.
Конституция республиканын жаңы мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүн бекиткен. Ошентип, Кыргыз АССРи мамлекеттик бардык саясий укуктарына ээ болгон. Кыргызстанда жашаган бардык элдердин тең укуктуулугу жарыяланып, алар өз тилинде билим алуу укугуна ээ болушкан.
Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери эсептелген. Мамлекеттик кызматкерлер бул эки тилди тең билүүлөрү милдеттүү болгон. Натыйжада кыргыз тилинин ролу жогорулап, анын өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттар түзулгөн.
Конституцияга ылайык Советтерди Бүткүл Кыргыздык съездинин укуктары такталган. Ага Конституцияны бекитүү жана өзгөртүү, республиканын чек араларын тактоо, бюджетти бекитүү, жогорку жана жергиликтүү бийлик органдарын шайлоо, Советтердин жогорку съезддерине делегаттарды шайлоо, мамлекеттик маанидеги маселелерди талкуулоо ж.б. укуктары берилген. Советтердин Бүткүл кыргыздык съезди республикадагы жогорку бийдиктин ээси болгон. Съезддер аралыгында бийликти Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитети жана Президиуму жүргүзгөн. Кыргызстандагы мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз АССРиндеги бийликтин жогорку органдарына, ошондой эле федералдык тартипке ылайык РСФСРдин жана СССРдин жогорку органдарына баш ийген.
Кыргыз АССРинин Конституциясы мамлекеттик улуттук символдор- желекти жана гербди бекиткен. Республиканын борбору Фрунзе шаары аныкталган.
Кыргыз АССРинин алгачкы Конституциясынын кабыл алынышы менен Кыргыз мамлекетинин түзүлүшү жана маңызы толук бекитилген. Республиканын мамлекеттик бийлик органдарынын, Кыргызстанда жашаган жарандарды укуктары жана милдеттери такталган.
Акысыз билим берүү боюнча 9-беренеде жазылган.
Автономдук республиканын аймагында жашаган ар бир жарандын акысыз билим алууга укугу болгон. Жашоочуларга шарт түзүү вазипасы мамлекетке жүктөлгөн.
Сөз эркиндиги 5-беренеде жазылган.
Бардык басылмалар мамлекет тарабынан каржыланат жана жеке тараптарга китеп, гезит чыгарууга жол берилбейт
Качкындарга баш паанек 15 беренеде жазылган.
Башка өлкөдө саясий куугунтукка кабылып же диний ишениминен улам Кыргыз АССРине качып келген чет элдиктер бул жакта эркин жашоо мүмкүнчүлүк берилген.
Оор кылмыш жасагандар мунапыска туш келбейт деген шартты 92-беренеден окусаңыз болот.
Соттун чечими менен атууга кетсин делгендер, катуу жазалансын деп өкүм чыгарылгандар, революцияга каршы чыккандарга мунапыс берилчү эмес. Амнистияны өкмөт гана жарыялай алган.
Шайлоо укуктары 95-беренеде жазылган.
Мында жеке ишкерлик кылгандар, диний ишмердүүлүк менен алектенгендер, жеке кызыкчылыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле падышалык бийлик маалында күч түзүмдөрүндө иштегендер шайлоодо талапкер болуу жана добуш берүү укугунан ажыратылган.
Мамлекеттик түзүлүш эки жерде — 22, 37-беренелерде айтылган.
Автономдук республикада Советтердин съезди эң жогорку бийлик бутагы катары эсептелген. Ал эми аткаруу бийлигинин милдеттери Элдик Комиссарлар Кеңешинин мойнунда болгон. Алардын түрдүү тармакты көзөмөлгө алуусу үчүн Ички иштер, Юстиция, Агартуу, Саламаттык сактоо, Социалдык камсыздоо, Жер бөлүштүрүү, Финансы, Элдик чарба жогорку совети, Жумушчу-дыйкан инспекциясы, Эмгек, Соода болуп 11 комиссириат түзүлгөн. Азыркы мезгилге салыштырып айтканда, 11 министрлик болгон. Андан сырткары, ага Статистика башкармалыгы, Саясий башкармалык, План комиссиясы да кирген.
Укуктук-экономикалык окуу залынын башкы китепканачысы: Жунусалиева Ж.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман