Кыргыз автономиялуу областы түзүүдө кыргыз интелигенциясынын унутулгус эмгектери

Түркстан АССРинин курамында турган кыргыздар бул республиканын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана жана Самарканд областтарынын курамында болуп, дагы деле бытыранды бойдон кала берген. Бул областтарда кыргыздар башка улуттарга караганда азчылыкты түзүп, көпчүлүк убакта алардын кызыкчылыктары этибарга алынбай келген.

1921-жылы Алматыда болгон кеңешмеде биринчи жолу Түркстан   АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок  Тоолуу Кыргыз областын түзүү үчүн аракеттердин башында эле уруулук, улуттук мүнөздөгү эки топтун ортосунда талаш тартыш башталган. Абдыкерим Сыдыков башында турган топ Тоолуу Кыргыз областын түзүү үчүн активдүү күрөшкөн. Ал эми Худайкулов жетектеген топ буга каршы иш жүргүзгөн.

Кыргыз элинин алдыңкы көз караштагы И.Арабаев, К.Тыныстанов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков сыяктуу атуулдары өз элинин эркиндиги үчүн күрөштүн башында турушкан. Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов башында турган кыргыздын алдыңкы интеллигенттери Кыргыз мамлекетин калыбына келтирүү үчүн Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү жөнүндөгү демилгени көтөрүп чыгышкан. 1922-жылы 1-июнда башталып, 3-июнунда Тоолуу Кыргыз областы мыйзамдуу түрдө түзүлөт. Бул күн Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келтирген күнү катары тарыхтан орун алган. Бирок , Р.Худайкулов тарабынан И Сталинге кат даярдалып, анда Тоолуу Кыргыз областы буржуазиячыл-улутчул түзүлүш катары көрсөтүлөт. Ушул каттын негизинде   И.Сталин тарабынан өз алдынчалыгы калыбына келтирилген алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү - Тоолуу Кыргыз областы жоюлган. Анын жетекчилери А.Сыдыков, К.Тыныстанов, И.Арабаев, И.Айдарбеков ж.б. адамдарга “улутчулдук менен исламчылыкка берилген” деген күнөө коюлган.

1923-жылдын аягында советтик жетекчилик Орто Азияда улут маселесиндеги чачкындуулукту жана так эместикти биротоло жоюу зарылдыгын моюнга алды. Бул кыргыз саясый чөйрөсү үчүн чөлкөмдү улуттук-аймактык белгилер боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде мамлекеттүүлүктү түзүүгө жасалган аракеттерге жаңыча түрткү болду.

1924-жылы 14-октябры тарыхыбыздагы унутулгус күн болуп калды. Ушул күнү СССР Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 11-сессиясы  улуттук бөлүштүрүү жана РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автономиялык областын түзүү жөнүндө Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомун бекитти. Жаңы түзүлгөн Кара-Кыргыз Автономиялык  Областынын партиялык жетекчиси И.Каменский, Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп жергиликтүү улуттун өкүлү И.Айдарбеков бекитилген.

1925-жылы 25-майынан РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому менен Кара-Кыргыз автономдуу областы, Кыргыз автономдуу областына, андан кийин Кыргыз Автономдуу Республикасы болуп өзгөртүлгөн.

 Жаңыдан калыбына келтирилген Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий, экономикалык, маданий турмушундагы маанилүү маселелер Москванын көрсөтмөсү менен башкарылган. Кыргызстандын тарыхый шарты менен тааныштыгы жок адамдар Москва тарабынан жөнөтүлүп, эң жогорку бийлик орундарын ээлешкен. 1925-жылдан 1932-жылга чейин Москвадан Кыргызстанга 500дөн ашык адам жогорку кызматтарга жөнөтүлгөн. Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жетекчилери сталиндик административдик-командалык саясатка нааразычылыгын   билдиришкен. 1925-жылы   12-июнда А.Сыдыков, А.Орозбеков, И.Айдарбеков сыяктуу жетекчилер башында турушкан 30 адам административдик-буйрукчул системаны айыптаган билдирүүсүн Москвага жиберишкен. Бирок Сталин тарабынан бул катты даярдаган кыргыздын көрүнүктүү атуулдары жазаланып, бийликтен четтетилген. 1927-1932-жж Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Жусуп Абдракманов тоталитардык режимдин күч алышына каршы көптөгөн аракеттерди жүргүзгөн. Бирок ал 1933-жылы жалган жалаа менен кызматтан алынып, 9-майында камакка алынып, 10 жылга сүргүнгө айдалган.

Биздин көз карандысыздык көздөгөн жолубузда 1920-30-жылдарда саясый турмуш сахнасына тубаса таланттуу, келечекти кеңири ойлошкон, өздөрүнүн эмгектери, иш түйшүктөрү жана акыл эси менен тарыхый кадамдарды жасашкан кыргыз элинин мыкты уулдары, ошол учурдагы жаш мамлекеттик ишмерлер, өз элине жаштык жалын жана шыктануу менен кызмат кылышкан:  Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдракманов,Төрөкул Айтматов,Иманалы Айдарбеков,Баялы Исакеев,Эркинбек Эсенаманов,Касым Тыныстанов  жана башкалар эле.

1937-жылы сентябрда Кыргыз Республикасынын НКВДсынын башына полковник Лоцманов дайындалат. Анын келиши менен массалык репрессиялар башталган.”Алаш-Ордо” контрреволюциячыл уюмунун өкүлү, “Социал-туран партиясынын мүчөсү”,”чет элдин шпиондору”, улутчулдар,исламчылыкка берилгендер деген жалган жалаалар менен   партиялык, советтик кызматкерлер, интелигенция өкүлдөрү жана башкалар сотсуз, жашыруун түрдө өлүм жазасына тартылышкан. Алардын арасында Кыргызстандын эң алгачкы мамлекеттик жетекчилери А.Сыдыков,Ж.Абдыракманов,А.Орозбеков,Т.Айтматов,И.Айдарбеков,К.Тыныстанов, Б.Исакеев,Ж.Саадаев, Т.Жолдошев,А.Жээнбаев, А.Жумагулов,О.Тынаев жана башка чыгаан уулдары болгон . Жалпысынан алганда 30 миңдей Кыргызстандык атуулдар сталиндик репрессиясын курманы болушкан. 

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 1991-жылы июнь айында Бишкек шаарына жакын Чоң Таш деген жерден эски кирпич заводунун шахтасына көмүлгөн 138 адамдын сөөгү табылды. Алар 1938-жылы 5-8-ноябрда атылган адамдарды тобу эле. Арасында кыргыздын эң атактуу уулдарынын сөөктөрү бар. Баардыгы күнөөсүз өмүрү кыйылган сталиндик террордун курмандыктары. Ал жерден табылган адам сөөктөрү ардакталып көмүлүп, “Ата-Бейит”  көрүстөнү аталды.

 Тоталитардык учурдун кандуу майданында курман болгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнө борбор калаабыздын ортосунда  “эскерүү аллеясы” курулду. Азыр биз алардын улуу ысымдарына урмат көрсөтүп,өлбөс-өчпөс элестерине тизе бүгүп, таазим эте алабыз жана таазим этүүгө милдеттүүбүз. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өз жанын аябай кызмат кылган улуу аталарыбыздын эмгеги муундан муунга аңыз болуп айтылып, эскере бермекчибиз.             

Нарын облустук укуктук-экономикалык окуу залынын башкы китепканачысы :-  Жунусалиева Ж.О.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!