Кыргыз Республикасынын желеги туусу

Кыргыз элинин туусу желбирей берсин!“

Өлкөбүздүн Конституциясында белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору – желеги, герби, гимни бар.Эгемендүүлүк алгандан кийин эң бир тарыхый окуя – бул  Кыргыз Республикасынын желеги 1992-жылы 3-мартта Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен кабыл алынган .

Желектин авторлору –  илимпоз  Сабыр Иптаров, сүрөтчүлөр: Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, архитекторлор:  Маматбек Сыдыков жана Эдил Айдарбековдор болушкан.

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынтыгына чыгарылып депутаттар  басымдуу көпчүлүк добуш берүү менен колдоп беришти.

“Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик символдору жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына   2023-жылдын 22-декабрында 208- номерлүү Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен  өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзамда 1-берененин 3-статьяда : “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна күндүн кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат - деп айтылган.

Туунун өзгөрүшүн элибиз ушул Туу менен Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетсин, кыйынчылыгы азайып, сыймыгы көбөйсүн, максаты бийиктеп, мансабы жогоруласын деген тилектерин айтышууда.

Желек деген эмне?  Туу, Желек, Байрак, Асаба – мамлекеттин символу.

Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсү-кызыл. Бул эркиндиктин, кайратмандыктын символу катары эсептелет. Асабанын ортосундагы  күндүн  фонунда бейкутчулукту, байлыкты, кыргыз элинин дүйнө, чексиз аалам  менен байланышын элестеткен боз үйдүн түндүгү тартылган.

Боз үйдүн түндүгү- адам жашоосунун, үй-бүлөнүн, ынтымактын, элибиздин көчмөндүү тарыхынын символу. Ал чексиздикти, үзүлбөгөн өмүрдү билгизет. Ал эми түндүктүн кайчылашкан чамгарактары үч кылдуу комуздун элесин берип, дүйнөнүн төрт тарабын эриш-аркак туташтырып тургандай сезилет.

Кыргыздарда “Бир түндүктөн күн көр” деген макал бар. Ошентип, түндүк –көп улуттуу Кыргыз мамлекети үчүн өз очогубуздун символу, ал ар убак жарык, жылуу жана бейпил. Кыргыз оюмунун элесин берип, күндүн тегиз чачыраган кырк нур жөн эле кокусунан эле пайда боло калган сан эмес, ал өзүнчө символикалык мааниге ээ.

40 деген сан аркылуу элибиздин аты (кырк гуз) жана биздин эл курулган 40 уруунун символу туюндурулат.

Туудагы экинчи белги – алтын нурун чачыраткан Улуу Күн. Күн байыртадан бери эле жылуулуктун, бакыттын,жердеги жашоонун булагы болуп келген.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун көтөрүү салтанаты 1992-жылы 5-мартта болуп өткөн.

2010-жылдын 3-марттан бери Кыргызстандын мамлекеттик Туусунун күнү майрамдалып келүүдө. Бул – улуттук майрам 2009-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги жөнүндө” №270 номерлүү жарлыгы менен бекитилген.

Бишкек шаардык мэриясынын демилгеси менен борбордук Ала-Тоо аянтындагы мурдагы желектин ордуна Түркияда атайын буйуртма менен жасалган, туурасы 10 метр, узуну 15 метр, желек  сабы 45 метр болгон жаңы желек тагылды. Бул желекти көтөрүү салтанаттуу аземи 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка расмий адамдардын катышуусунда өткөрүлгөн.

Кең Ала - Тоо аянтына жабылып,                                                                                                    

Келет элдер туш тараптан агылып.                                                                                                   

Керемет туу көтөрүлө берээрде,                                                                                                            

Кетээр бекен көкүрөгүм жарылып.  

Кыргыз болсоң сыймыктангын, кубангын                                                                                      

Кыргыз болсоң келди кезек сыналгын. 

Кыйындыкты жеңе турган түрү бар,                                                                                     

Кылым бою эңсеп жүргөн туу алдың.

Касиеттүү Ала-Тоого илебиз, Кызыл тууну жандан артык сүйөбүз. Туура сөзүм калганынча кашык кан, Тууну сактап, Тууну коргоп жүрөбүз - деп Токтобек Мамытовдун ырында айтылгандай Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун көздүн карегиндей сактайлы, барктайлы,     сыймыктаналы!


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.