8март, 8-март, аялдардын, кыргыз, кыргызстанда, эл, аралык, майрам, күнү, тарых, кыргыз, автономия, облус, аялдар, курултайы,  дыйкан, батрак, аялдар

62.21 КБ -

Кыргызстанда аялдардын биринчи курултайы же 8-март майрамынын пайда болуу тарыхы

АЯЛЗАТЫ - БУЛ ЖАШООНУН БУЛАГЫ!

Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март - дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. 

 

                                               


Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын II Эл аралык конференциясында кабыл алынган. Айымдардын майрамы айрым Eвропалык өлкөлөрдө 1911-жылы, Орусияда 1913-жылдан бери белгиленген. Азыркы күндө 8-март - Аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынган.
 

Кыргызстанда аялдар кыймылы мындан 100 жыл илгери башталган. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусундагы аялдардын биринчи курултайы болуп, анда аялдар кеңештери түзүлгөн. Курултай коллективдүү жаңы турмушка аялдарды тартып, алардын сабатсыздыгын жоюу милдетин да алдыга койгон. СССРдеги жумушчу-дыйкан аялдардын коомдогу активдүүлүгүн арттыруу багытын көздөгөн саясат Кыргызстанда да күч алып, жүздөгөн аялдар атайын ченемдин негизинде мамлекеттик башкаруунун ар кандай тармактарына тартылган.
 

Кыргыз Автономиялык облусунун дыйкан-батрак аялдардын I облустук курултайы 1925-жылдын 8-мартында ишин аяктаган. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн. Күн тартибине аялдар арасында жүргүзүлчү иш-аракет жана андагы партиянын орду талкууланып, кыргыз кыз-келиндерди пионер менен комсомолдун катарына тартуу, «Совет» жана «Кошчу» бирикмелерине активдүү катыштыруу маселеси козголгон.

Мындан сырткары эл аралык маселелер тегерегинде пикир алмашылып, айыл-кыштакта жана аялдар арасында саясий үгүттөө ишин активдештирүү, эскинин калдыктарын жоюу, сабатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүү маселеси негизги талаптар катары көрсөтүлгөн.
Кыргызстандагы биринчи аялдар клубу 1925-жылдын 8-март күнү Каракол округундагы Талды-Суу айылында уюшулган. Клубда мектеп, медициналык кеңеш иштеп, делегат аялдар менен кызматташып, аларды клуб ишмердигине тартуу аракети башталган. Жергиликтүү кыргыз кыз-келиндери драмалык ийрим ачышып, элдик кол өнөрчүлүктү аркалап жүргөн уздар үчүн атайын артель уюштурулган. Талды-Суудагы клуб аялдардын башын коштуруп эле тим болбостон, жергиликтүү дыйкандарга практикалык жардам көрсөтүп да турган.

Кыздардын профессионалдык-техникалык мектеби 1924-жылдын 8-март күнү Пишпек шаарында салтанат менен ачылган. Профессионалдык-техникалык мектепке Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган кыздар окутулуп, алар Р
еспубликадагы биринчи адистешкен билим алып, аны практика менен айкалыштырууга жетишишкен.

Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образдары да биздин аң сезимибизге терең ширелип калыптанган.

Жоокер заманда ач бел, куу жондо от таап, ташка нан жаап, бүт журтту сактаган да, чабышкан тараптарды жараштырган да, керек кезде эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эл баштаган да асыл аялдар болгон.

Кыргызстандын соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыккан. Азыр кайсы тармакта болбосун, айым лидерлер четинен табылат. Кыз-келиндерибиз жеңил өнөр жайын жандантып, азыр “Кыргызстанда жасалган” деген кийим-кече өлкөбүздүн брендине айланууда.

Маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калың катары өсүп чыкты.

Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүсүнө да кылган эмгектери баа жеткис.

Тунгуч президент Аскар Акаев 2002-жылы гендердик саясатты өнүктүрүү тууралуу жардыгын чыгарган жана Кыргызстандагы аялдардын көбүнүн мамлекеттик жогорку бийиктикти багындырууга дарамети жетиштүү экенин баса белгилеген. 

Бирок, ал бийиктикке   8-март күнү аялдардын коомдогу, турмуштагы орду тууралуу айтылган кооз каалоо-тилектер менен гана иш жүзүнө толук ашып, аялдардын мамлекеттик жана коомдук турмуштун тизгинин колуна алуусу үчүн олуттуу психологиялык бөгөттөр кедергисин тийгизип келген. Ал эми 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо  болуп өттү. Бул шайлоо 2010 - жылдагы Конституция менен жана 2019-жылы кабыл алынган квота жөнүндөгү мыйзамы менен ишке ашырылды. Аялдарга деген 30% квота 2858 орунду түздү. Мамлекет тарабынан мыйзамдуу колдоо болгондуктан, бул 2858 квота орунга 5300 аял-талапкер ат салышты. Бул абдан жакшы көрүнүш.

 КР Президенти Садыр Жапаров – бардык жарандардын саясий турмушка катышууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ экенин бекемдеп, аялдардын саясатка келүүсүнө шарт түзүлөөрүн айткан. Президенттин бул колдоо сөзү аялдарга келечекке ишеним арттырып, үмүттөрүн жандантты дегим келет.

8-март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуу менен бүгүн жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрам катары белгиленип, 8-март иш күн эмес эс алуу күнү деп жарыяланган.

 Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзатын урмат-сыйга бөлөгөн коом гана өсүп-өнөт.

Ооба, айымдардын жашоодогу оорду айтып бүткүс чоң дастан. Ал кандай гана кесипти аркалабасын ал мыкты кожойке, сүйүктүү жар жана мээримдүү эне. Аял үйдүн эле куту эмес, билим, тарбиянын да башаты, жакшылыктын жарчысы, ынтымактын данакери, 8-март майрамы биздин өлкөдө көп жылдан бери белгиленип келет жатат. Дал ушул мезгилден тарта аялдар эркектер менен тен тайлаша иштеп, мамлекеттик кызматтарда маанилүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Бул күнү баардык мырзалар сүйүктүү энелерге, эже-карындаштарга жана жубайларына белек тартуулап, жакшы сөздөрүн арнап, майрамдык маанай тартуулоого аракет кылып, кубантып келишет. Атүгүл акын жазуучуларыбыз да энелерге арнап эң сонун ырларды жаратып келген.

 

ЭНЕ

Эне сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат,

Эне менен тендеше албайт эч бир жан,

Баардык мактоо сага гана жарашат.

Аалы Токомбаев.

КИМ ?

Ак шейшепке ороп сени,

Кичинеңден баккан ким?

Уйку көрбөй узун түндө,

Таптап сени жаткан ким?

Сүтүн берип, сүйүп, ийип,

Эркелетип күлгөн ким?

Кечке колдон түшүрбөстөн,

 

КЕШИГИМ-деп жүргөн ким?

Бутун шилтеп талпынганда,

Колдон кармап баскан ким?

Тилиң чыгып сүйлөгөндө,

Мээримдүү сөз айткан ким?

МУСА ЖАНГАЗИЕВ

Маалыматты даярдаган:  А.Акматова


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.