None

40.12 КБ -

«Кытай кырылды» жайлоосу

Ак-Талаа районундагы тарыхый жерлердин бири «Кытай кырылды» аталыштагы жайлоо тууралуу кыскача маалымат

Баетов айылынан 15-20 чакырым аралыкта Кара-Суу өрөөнүнүн  күн чыгыш тарабындагы бөксө жайлоо «Кытай кырылды» деп аталат. 1822-жылы Кашкардын башкаруучусу Юнь Цинь өзүнүн жардамчысы Баян –атуну 200 дөн ашык аскери менен Тайлактын айылын чаап кел деп жиберет.

         Баян-Бату коргоосуз тынч   жай баракат жаткан элди чаап, олжолоп кеткендиги тууралуу кабарды Соң-Көлдөгү Тайлакка чабарман келип билдирет. Тайлак 16 жаштан жогорку эр азаматтарды, жигиттерин чогултуп душмандын артынан кууп жөнөшөт.

Тайлак баатыр мына мындай согуш амалына барат. Ал минилбеген азоо жылкылардын куйруктарына чычырканак-талдын бутактарын байлап өзүлөрүнүн

Алдына салып айдап жиберүүнү буйрук кылат. Баян-Батунун аскерлеринин жүрөгү түшүп,  Атантай, Тайлактын ушунчалык чоң колу бар деп ойлошкон эмес. Баян-Батунун аскерлери коркконунан анчалык каршылык көрсөтпөстөн качып отуруп, Кара-Суунун  төрүндөгү  жарга такалат. Курчоого алынган аскерлер Тайлактын кыргын чабуулунан баары өлөт.  Ошондон бери бул жер «Кытай кырылды» деп аталып калган.  Бул кырылышта ак боз ат минген бир гана киши жардан түшө качып жөнөйт.Муну байкап калган Тайлак ашуудан кууп жетип кармашып калат. Тайлак баатыр чоюн чокмору менен башка уруп өткөндө ал аттан кулап түшөт.

Көмкөрөсүнөн жаткан качкынды чалкасынан салып, жүрөк тушка саят.Көрсө, бул Баян-Батунун өзү болуп чыгат. Ушул окуядан кийин Цинь бийлиги кыргыз чек арасына өтпөй калган.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.