Өлбөстүктү жараткан акын Эсенгул Ибраевге 90 жыл

"Баам салып байкап көрсөң сен эгер,

Адамдар бар,өлбөстүкө эгедер.

Акын өлбөйт,өлбөйт акын чынында,

Жүрөт тирүү ырларынын сабында"

- деп маркум Эсенгул ага өзү таасын жазып кеткендей өнөрү бар адамдын экинчи өлбөс өмүрү улана берет тура.

Кыргыздын чыгаан акын жана сатириктеринин бири, Кыргыз Республикасынын эл акыны  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын , Эл аралык Руханият сыйлыгынын ээси мамлекеттик жана коомдук ишмер төгөрөгү төп, нарк нусканын, накыл кептин кашкөй акыны Эсенгул Ибраев  Нарын облусуна караштуу Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган. 1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

1952–1956-жж. Кочкор, Нарын районунун мектептеринде жана райондук комсомол комитеттеринде иштеген.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган .

Акындын "Бөбөгүмө" деп аталган туңгуч ырлар жыйнагы 1964-жылы басмадан жарык көрүп, ага удаалаш "Таң шоокуму " (1970), "Закымдар " (1979), "Эңсөө " (1981), "Белес" (1984), "Мөмөлүү дарак " (1985), "Дабан", "Эсенгулдун ырлары " (1998), "Насыят" (2003), "Жан дүйнө жаңырыгы " (2006), "Тандалмалар " (2008) жана башка 25тен ашык китеби чыгып, адабиятты байыткан. "Насыят" аттуу ырлар жыйнагы үчүн ага 2006-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Эсенгул Ибраевдин Кыргыз улуттук  адабиятынын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы чоң.

Акын 72 жыл өмүрүндө ата журтуна ак кызматын аткарып, улуттун улуулугун даңазалап,кемчилигин сындап, акындык чоң ойлорун ортого салып жүрүп өттү.  Акындын караңгыда көз тапкан акылмандык да, капилеттен сөз тапкан чечендик да жайы бар эле. Кандай жыйында сүйлөбөсүн ар бир сөзү кыт куйгандай даана,так,орундуу жана даамдуу эле. Омоктуу ойлорду кучагына батырган, азил чыны аралаш чыктуу сөздөрүн ийнине келтирип айтып, уксаң тажагыс таасирдүү ырларын ташка тамга баскандай окуур эле. Чыгармачылык менен бирге коомдук ишмер деген да атка татыктуу кызмат кылган. 

Ал отуз жылдан ашуун айтылуу "Чалкан" журналында эмгектенип, адабий кызматкерден башкы редакторлукка чейинки жолду басып өтүп кыргыз журналистикасынын да калыптанышынын ири алдында жүрдү. Элдин арасында терс көрүнүштөрдү жоюда  калыстык менен кармашып, Чалканга чагылдырып, коомду тазалыкка үндөөгө үлүш кошкон .

 Сатирик катары кыргыз сатирасынын кышын кынашкан сатириктеринин бири эле.

Ал эми акындын лирикалары сезимиңе канат байлагыдай кыялдарга алып келет.Бекеринен кыргыз композиторлору жана обончулары Эсенгул Ираевдин жүздөн ашуун ырына обон жаратпаган чыгаар.

"Сени менен айыктырдым дартымды,

Сени менен түздүм турмуш шартымды,

Кандан бүткөн балдарымдай аялуу,

Жандан бүткөн ырларымдын тагдыры", - деп акын таамай жазгандай кыргыз поэзиясынын кенчине айланып, акындын рухий мурасы болуп калды.

Алыска чуркаар күлүктөй болуп Эсенгул Ибраев чыгармачылык жолунда чарчап калбай улам алдыга чоң дем менен жүрүп олтурган. Айрыкча акыркы он жылында ал өз поэзиясын таанылгыс кылып жаңылап, чыгармачылыгынын туу чокусуна чыга алды . Кыргыз деп күйүп жанып, даанышмандык ойлорун айтып, "Ойлон кыргыз", "Жан дүйнө жаңырыгы". "Улут болсом тилим менен улутмун" аттуу публицистикалык поэмаларын ар кыргыз туу тутуп,күн сайын окуп, сабак алгыдай деңгээлде жаратып,элине калтырган мурасындай таштап кетти.

"Бир сабактын даны болуп,

Бир дененин жаны болуп,

Бир камчынын сабы болуп,

Бир тамырдын каны болуп,

Нарк насили бийик кыргыз,

Бөлүнгөндү бөрү жээрин билип кыргыз,

Ынтымакка бирик, кыргыз".

Бул саптар бүгүнкү күндө да улуттук идеологиябыздын башатында айтылчу даанышман кептер.Залкар акындын ырлары элди ажырагыс биримдикке чакырган.Айтылып жүргөндөй анын ыр өмүрү –экинчи өмүрүн улантат деп ишенсек болот.

Анын кайсы темада болбосун кайсы мезгилде болбосун жазган саптары бутага дал тийип актуалдуулугун жоготпогондугу менен башкалардан айырмаланып турат. Жүздөгөн ырларына белгилүү композиторлор обондорду жазышып эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Эл өзүнүн чыгаан акынын эч качан унутпайт. Эсенгул Ибраевдин ысымы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине, Нарын шаарындагы орто мектепке, Чет-нура айылындагы мечитке ыйгарылган. Өзү иштеп кеткен Кыргыз-Кувейт  университетинде журналистика кафедрасынын аты акындын ысымында аталган. Эң негизгиси акын өзүнө ыр менен эстелик куруп кетти.

Эсенгул Ибраевдин акындык таланты Философиялык ой жүгүртүүсү башкалардан өзгөчөлөнүп айырмаланып турчу Табигаттын сүрөтүн кооз сөз менен жеткиликтүү кылып сонун сүрөттөгөн. Ошол касиетин ыр менен куралданган сүрөтчү десек жаңылышпайбыз. КРНын Баатыры эл акыны Сүйүнбай Эралиев Эсенгулга «Акындын генералы деп баа берген ал эми КРнын Баатыры эл акыны Сооронбай Жусуев Эсенгулдун ырлары эч нерсеге салыштыргыс белек. Адамдарга нур болуп жанып турат деген баа берген.

 Бүткүл дүйнөлүк интелектуалдык менчик коомунун алтын медалынын ээси, Түркия мамлекетинин "Ата Түрк" Улуу Кеңешинин академиги, Кыргыз эл акыны, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, профессор Эсенгул Ибраев кыргыз тарыхында улуттун улуу инсандарынын катарында жазылып калат.Акындын ыр саптарындагыдай:

"Бул жашоодо,чындык бар да төгүн бар,

Жанган от бар,жана өчкөн көмүр бар,

Өлдү бүттү дегендерге кошулбайм,

Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар"  - демечи, залкар акындын экинчи өмүрү кылымдарды карытып улана берсин.

Көңул бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

 

Макаланы даярдаган: Жакыпова Саламат


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.