Мекеним барда мен бармын
Ар бир элдин насаат сөзү, каада-салты, эрдиги, бай тарыхы болот эмеспи. Кыргызстандын эң баалуу мурасы - бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо мекени Ата Журтубуз ыйык сөздөр менен даңазаланууга татыктуу
Биздин ата-бабаларыбыз урпактарына аскасы булут жамынган кооз тоолорду, дүйнөдө теңдеши жок табияттын бермети - Ысык-Көлдү, түшүм берекеси мол төгүлгөн кулпурган өрөөндөрдү, мөлтүр тоо булактары менен дарыяларды асырап, нукура кооздукта мурас калтырышкан
Ата - журт тарыхында кылым карыткан кыргыз эли оз кезегинде тарыхын урпактарга калтырган.
Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мекенибизди көздүн карегиндей сакташыбыз абзел. Ошол мекен жугун аркалап ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип/, кан жанын аябаган чыгаан уулдар суурулуп чыккан кыргыздын соңку тарыхында өз алдынча мамлекет түптөгөн кыргыз интеллегенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн өмүр жолу алардын ысымы кыргыз тарыхында түбөлүк жазылып калды. өтө кыска жашашты, көбү улутчул, деген жалаа менен 1937-1938-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болушту. алар өз улутунун чегинен алысты көрө албаган улутчул эмес, өз элинин келечек тагдыры үчүн күрөшкөн улутман инсан болушкан.
ХХ кылым да кыргыз журтчулугу үчүн кыйла трагедиялуу окуялар менен башталып, Үркүндөн кийин ар кандай каршылыктар менен кырчылдашкан кармаштарды башынан өткөрүп, кыйла такшалып, интеллектуалдык деңгээли, илим-билими жетилип калган мамлекет түптөөчүлөрүбүздүн мекенинин бейкуттугу ,эл журтунун амандыгы учун көшөргөн аракети менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жаш муун жакындан жакшы билиши абзел.
1917-жыл Совет бийлиги орноду деген менен, анын алгачкы жылдарында кыргыз жери да, эли да бытыранды болуп калган. Анын түндүгү Түркстандын Жети-Суу облусуна, түштүгү Кара-Дарыя облусуна, кайсы бир аймактары Кытайга караган. Ошондон улам, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сындуу эр-азаматтар башында турган демилгечил топ кыргыз кыйырын бириктирүү жана өз алдынча мамлекет түптөө демилгесин колго алып, демилгечил топтун аракети менен 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлөт.
Жаңы мамлекеттик тузүмдүн жетекчилигине Иманалы Айдарбеков бекитилген. Ревкомдун башчысы, И.Айдарбековдун демилгеси менен Пишпек шаары Кыргызстандын борбору катары жарыяланып, кыргыз жетекчилигинин өтүнүчү боюнча Кара-Кыргыз автономдуу облусу 1925-жылдын 25-мартынан тарта мурдагы аты өзгөртүлүп, Кыргыз автономдуу облусу аталат.
1926-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз автоном облусу РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРине айланганда 26 жаштагы Жусуп Абдрахманов Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына шайланып, адегенде эле буга чейин чачкын болуп келген кыргыз аймагын бүтүн өлкөгө бириктирүү ишине билек түрүнө киришет. Каршыккан катуу кармаштын жыйынтыгында, кыргыз жери 1927-жылы 195740 чарчы чакырымга, 1929-жылы 197261 чарчы чакырымга чейин кеңейтилген. Мында Ж.Абдрахмановдун кошкон салымы зор. Ал өкмөт башчы катары кыргыз жерлерин кайтарып алуу демилгесинин көч башында турган.
Өкмөт башчы Ж.Абдрахманов совет бийлигин чыңдоо, жергиликтүү калкты отурукташтыруу, эл чарбасын уюштуруу, өнөр жайды калыптандыруу сындуу мамлекеттик деңгээлдеги маселелер менен алпурушса, эл агартуу башчысы Касым Тыныстанов тунгуч профессор, акын, окумуштуу, агартуучу катары, карапайым калктын сабатсыздыгын жоюу, окуу куралдарын иштеп чыгуу, улуттук маданиятты көтөрүү, анын ичинде улуттук кесипкөй адабиятты түптөө, “Манас” баш болгон элдик чыгармаларды жыйноо, иргөө, жаздыруу, бастыруу иштери менен көбүрөөк алектенген.
Кыргыз элинин тарыхында оз мекени эли жери нин эркиндиги учун жанын берген чыгаан уулдары алардын эрдиктери кыргыз элинин коз карандысыздыгы бейпилдиги учун курошуудогу каармандыкын патриоттуулуктун эн жогорку улгусу болуп кала бермекчи. Мына ушундай чыгаан уулдардын мекен учун жараткан эрдиктери кыргыз элинин тарыхындагы жаркын барактарды тузуп, алардын ата журтка болгон суйуусу, эрдиги жана жан аябастыгы ар бирибизге улгу жана мурас. Кыргыз элинин эркиндиги учун жанын берген баатырларыбыздын ысымы эч качан унутулбайт алардын тарыхый салымы урпактардын эсинде туболук жашайт.
Даярдаган: Алымкулова Жазгул
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман