Менин укугум жана жоопкерчилигим
Менин укугум жана жоопкерчилигим
Мамлекеттин күчү мыйзамында эмес, укугун билген жана милдетин аткарган жарандарынын аң-сезиминде.”
Адам укугу -бул ар бир адамга төрөлгөндөн тартып берилген эң жогорку баалуулук. Укуктар адамдын эркин жашоосун, коопсуздугун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылат. Коомдо ар бир жаран өз укуктарын билгенде гана өзүн коргой алат жана башкалардын да укугун урматтоого үйрөнөт. Укуктарды сактоо — адилеттүү жана туруктуу коомдун негизги шарты. Ошондуктан Кыргыз Республикасы ар бир жаранынын укугун коргоону башкы принцип катары кабыл алып, аны мамлекеттин негизги мыйзамы — Кыргыз Республикасынын Конституциясы аркылуу бекемдеген.
Адам укугу -бул жөн гана мыйзамда жазылган сөз эмес, ал ар бир адамдын татыктуу жашоосунун негизи. Укуктар сакталган жерде адилеттүүлүк өкүм сүрүп, коом өнүгөт.
Мамлекет менен жаран бири-бирин толуктап турганда гана туруктуу коом түзүлөт.
Жарандардын негизги укуктары Жашоо укугу – ар бир адам жашоого укуктуу.
* Эркиндик жана коопсуздук – жеке кадыр-барк жана кол тийбестик корголот.
*Сөз эркиндиги – өз оюн эркин айтууга жана маалымат алууга укуктуу.
*Жыйын өткөрүү укугу* – тынч жыйындарды уюштурууга мүмкүн
Бул укуктар адамды коргойт, анын коомдогу ордун бекемдейт жана келечекке ишеним берет. Ар бир жаран өз укуктарын билүүгө жана аларды туура пайдаланууга тийиш. Анткени укуктарды билүү - бул өзүн коргой билүүнүн алгачкы кадамы
Жарандардын негизги милдеттери
Адам коомдо жашагандыктан, анын укуктары гана эмес, милдеттери да бар. Укук менен милдет — бири-бири менен тыгыз байланышкан түшүнүктөр. Эгер ар бир жаран өз укугун билүү менен катар милдеттерин так аткарса, коомдо тартип, адилеттүүлүк жана өнүгүү камсыз болот. Ар бир мамлекет жарандарынан мыйзамды урматтоону, коомдук баалуулуктарды сактоону жана өлкөнүн келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылат. Бул талаптар укуктук мамлекеттердин башкы документи болгон Конституциясы аркылуу бекитилет.
Ар бир жаран төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
* Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого.
* Башка адамдардын укуктарын жана ар-намысын урматтоого.
* Айлана-чөйрөнү коргоо.
* Салык төлөө.
* Ата Мекенди коргоо.
Укук менен милдет бирге жүрөт
Мамлекет жарандардын өмүрүн, ар-намысын жана мүлкүн коргоого тийиш, ал эми жарандар коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшү керек.
✔ Укугуңду бил - өзүңдү коргой аласың.
✔ Милдетиңди аткар - коомго пайдаң тийет.
✔ Жоопкерчиликтүү жаран - күчтүү мамлекеттин негизи!
Даярдаган: Жакыпова Саламат
Макаланы жүктөгөн: - Омурова Зуура





