ООГАН СОГУШУ - Өмүрдүн баркын кут кечкен билбейт, от кечкен билет (Афган согушунун 35 жылдыгына карата) онлайн-баяндама
Патриоттуулук – ар бир адамдын жеке жан дүйнөсүндөгү ыйык ишеним жана Ата Мекен алдындагы жоопкерчилик – деп айтылгандай 1979-жылдын 25-декабрынан 1989- жылдын 15-февралына чейин дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушунда патриоттук, атуулдук парзын аткарып Советтер Союзу боюнча 120 миң адам башкача айтканда 12 двизия катышкан.
Согуштун негизги максаты СССРдин чек арасын коргоо жана интернационалдык милдетин аткаруу менен Афганистан өлкөсүнө жардам берүү эле. Ошентип 1979-жылдын 25-декабрында “Афган өкмөтүнүн ар тараптан жардам суроосуна жооп кылуу максатында” Советтик армиянын бир бөлүгү Афганистанга киргизилген.
Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен 300 дөн ашууну курман болуп, 1500 жоокер оор жаракаттарды алышкан. 600гө жакын жоокер майып болуп кайтышкан. 2 Кыргызстандык жоокерге Юрий Исламовго жана Сергей Гуңинге “Советтер Союзунун Баатыры” деген наам берилген.
Ооган согушуна Нарын облусу боюнча 260 жоокер аттанып, анын ичинен 7 жоокер согуш талаасында курман болуп, 253 жоокер элине кайтып келген. Ал эми Нарын шаарынан бул согушка 90 жоокер катышып, 3 жоокер курман болуп, 87 жоокер ар түрдүү жараат алышып, мекенине кайтышкан.
1988-жылдын 15-майында бул согушка чекит коюлуп, Женева келишимине ылайык, Афганистандан советтик аскерлер чыгарыла баштаган. 1989-жылдын 15-февралында акыркы жоокерлер Аму дарыясынын көпүрөсү аркылуу Советтик Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүшүп, Ооган согушуна чекит коюлган.
Ооган согушунда интернационалдык, атуулдук милдетин өтөп, элибиздин тынчтыгы үчүн жалындаган жаш курактарын элин, жерин коргоого багыштап, согуш талаасында эрдик көрсөтүп курман болгон мекенчил жердештерибизди, офицерлерибизди-жоокерлерибизди эскерүү менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө сактала берет. Ооган согушунун бейпил Совет өлкөсүнө, анын ичинде кыргыз элине да тийгизген азаптуу илебин эч качан унутууга болбойт. Бул согуштун артында бей күнөө өлүм, жоготуу, өмүр көтөргүс кайгы калды.
Эстеликке койгон гүлгө жаш тамат,
Көздөрүнөн аккан жашы бет чайып.
Эстеликте жоокер турат муңайып,
Эске түшүп тээ Оогандагы кан согуш,
“Шуравинин” окко учканы суналып.
Ким күнөөлүү мына ушунун баарына?
Калган беле жараткандын каарына?
Канчалаган күлгүн курак жоокерлер
Жетпей калды максатына, жарына...
Түн бир оокум, түштөн чочуп ойгонот,
Өрт арасы качат, кыргын башталат.
Согуш деген болбосо дейт эч убак,
Эстеликке койгон гүлгө жаш тамат - деп акын Зайырбек Ажыматовдун ырында айтылгандай канчалаган бей күнөө жаш өмүрлөр кыйылды.
Согуштун каарын баштан кечирип, коңшу турган ниеттеш мамлекеттин коопсуздугун сакташ үчүн жан аябай кармашып, интернационалисттик милдетин так аткарып, айтылуу Теңир Тоону мекендеп, чыйрак өскөн эр-азаматтарыбыз бул согушта чоң эрдиктерди көрсөтүшүп, чыныгы атуулдук, жигиттик парзын аткарып келишти.
Кыргыз эли соңку жылдары башынан кечирган оор күндөрдө да Баткендеги, 2010- жылдагы коогалаңдарда сап алдында болушуп Ооган согушунун ардагерлеринен “А” батальону түзүлүп, согушкерлерди жок кылууга өз салымдарын кошушкан. Кийинки коогалаңдарда, болуп өткөн 2 ыңкылап учурундагы баш аламандыкта да ардагерлер укук коргоочуларга чоң жардам көрсөтүшкөн.
Афган жергесинде согуш талаасында болуп келген жоокерлер, бири-бирине жардамдашууну, солдаттык бир туугандыкты, тынч, бейпил жашоону, турмушту, адам өмүрүн баалоону үйрөндүк – деп эскеришет.
Бул күндү атайын белгилеп келе жатканыбыздын негизги маңызы – бул жаш муундарды өз Ата Мекенин сүйүүгө, эли-жерин сактоого түздөн-түз тарбия берүү болуп эсептелет.
Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо, Канатыңды сун мага, дарылайын.- деп ырда айтылгандай эли-жерин сүйгөн, коргогон баатыр эр-азаматтарыбыз бар болсун! Ооба, Мекенибиздин бүтүндүгү, элибиздин тынчтыгы үчүн күрөшүп келген ардактуу ардагерлерибиз аман болуңуздар! Ден соолугуңуздар бекем болсун, өмүрүңүздөргө береке берсин, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга патриоттук духта тарбияңыздарды берип, ар дайым жашоонун алдыңкы сабында болуп, үй-бүлөңүздөр менен бар болуңуздар! Сиздерге урмат жана даңк! Ардактуу Мекен сакчылары!
Баяндаманы даярдаган: Жунусалиева Ж.О.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман