"Мугалим учканга канат, укканга санат" аттуу онлайн баяндама

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим – кылымдардан бери ардакталып, даңкталып, бийик аброю, кадыр-баркы менен билимдин кенчи, тарбиянын булагы болуп келет. Ал педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген билгичтиги, изденгичтиги, жаш баладай жумшак баёо көңүлү, чыгармачыл кудурети менен келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшаган талбас эмгеги менен кадырлоого, сыйлоого ээ болгон инсан.

Мугалим – жаш муундун канатын күүлөп, келечегин жаркын кылган, турмуш жолуна таптаган, билимдүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн, ага шыктандырган, жүрөгү кенен, мээримдүү, ата-энедей камкор, баланын жан дүйнөсүн терең тааныган, ага кеңешчи, курбу, биргелешип кыйынчылыкты жеңе билген шериктеш, окуучу өмүр бою сый-урматта жүрөгүндө сактай турган асыл инсан.

Мугалим – билим кенчи, тарбиянын булагы . деп бекеринен айтылбаса керек.

Ооба, Мугалим - өнөр ээси үлгү берээр,

Мугалим – эрктүү адам баарын жеңээр.

Шакиртин кыйын таптап өзүнөн да ,

Адамдык сапаты артык, жоомарт, чебер . – деп ырда айтылгандай окуучуларга берген акыл-насааты, кеп кеңеши, таалим тарбиясы, уюткулуу сөздөрү, терең көрөңгөлүү билими менен турмуш деп аталган улуу ааламга даярдаган эмгегин айтсак болот. Өмүрдөн кийинки эле баалуу байлык - акыл менен билим байлыгы. Мына ошол байлыкты жаратуучулар мугалимдер, Сиздер! Бала окутуп, билим берүү ар заманда сыймыктуу кесип болуп келген. Мугалим – коомдун жана мамлекеттин түркүгү деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени , мамлекеттин курамын түзгөн ар бир адамдын дүйнө таанымына алгачкы чыйыр жол салган – мугалим.

Окутуп көптү үйрөткөн,

Ойлонтуп көркөм сүйлөткөн.

Адептүү бол деп ар убак,

Айтканы кетпейт жүрөктөн деп , эң сонун таалим тарбиясын берген инсан бул – мугалим..

Мугалим курган билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес, бүтүн өлкөнүн тагдыры байланыштуу. Кайсы доор болбосун, билимдин, адеп-ахлактын, тарбиянын, маданияттын очогун алып жүрүүчү катары мугалимге өзгөчө баа берилип келет.

Мугалим ким? – багыттоочу,

Мугалим- ким? – баштоочу.

Мээримин жана билимин,

Окуучуга арноочу – деп ырда айтылгандай мугалим - ар нерсенин баштоочусу, келечекти көрө билген, өз баласын унутуп, элдин баласына кам көргөн, эч кимге жаман болбосо экен деп тилеген, жамандын да жакшы болушу үчүн азап жеген адам экен...

Мугалим- уул баланы тарбиялап жатып, улутту тарбиялайт экен. Кыз баланы тарбиялап жатып – кылымдын жолун чабат экен! Улуттун уул-кызы – мугалимден тарбия алып адам болот экен! Мына , кандай гана салмактуу сөздөр. Демек, Адам уулун- адам кылган – МУГАЛИМ!

Мугалим- жашоонун бардык учурларында башкаларга үлгү көрсөткөн, өзгөчө адамдык сапаттарга ээ болгон инсан. Кылымдар бою келе жаткан, даанышмандуулукка негизделген билимди кийинки муунга өткөрүп берүүчү адам.”

Урматтуу мугалимдер! Сиздердин ушул барктуу, баалуу болгон кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Ишиңиздерде ар дайым ийгиликтер жаралып, аман-эсен, ден соолукта аман болуңуздар! Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен ! Сиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Бар болуңуздар! Урматтуу сыймыктуу кесип ээлери!.

 

Даярдаган: Жунусалиева Ж.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.