Нарын шаары (Нарын шаарына 155 жыл)
Нарын шаары боюнча маалымат
(Нарын шаарына 155 жыл)
"Нарын шаары" - Кыргызстандагы шаар, Нарын районунун жана Нарын областынын административдик борбору. Калкы – 41135 адам бар. Шаардын территориясынын аянты - 40,5чарчы/метр.
Тоо кыркасынын этегиндеги, дениз денгээлинен 2000 м бийиктиктеги Нарын дарыясынын жээгинде, Бишкек-Торугарт автомобилдик трассасынын кесилишинде жайгашкан. Шаардан 180 км түндүгүрөөктө Ысык-Көл көлүнүн жээгинде Балыкчы темир жол станциясы жайгашып, Нарындан түштүгүрөөктө чек арада жайгашкан Торугарт чек ара пунктунан Кытайга чейин 186 чакырым аралыкты түзөт.
Климаты кескин муздак континенталдуу, дээрлик кышы карсыз жана жайы салыштырмалуу салкын. Июлдагы орточо температура 015ден 030 градус цельсия, январда -15ден -18 градус цельсияга чейин. Жылына 200 дөн 300 мм ге чейин жаан-чачын жаайт.
Нарын тарыхый маалыматтар боюнча Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга (Кытай) кетуучу соода жолундагы Кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген, 1863-ж. чепти орус аскерлери басып алган. Кийин ал кайрадан Кокондуктарга откон. Чеп 1867-ж. гана биротоло бошотулуп, ал жерге 100 казак-орус аскерлеринин кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Гарнизон Бишкек-Нарын-Торугарт соода жолундагы Нарын дарыясына салынган (1868-ж.) копурону, Нарын-тоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, озбек, дунгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода-сатык жургузушкон. Ал айыл жай өскөн. 1903-ж. анда 875 адам (а.и. 395 орус, 230 озбек, 64 кыргыз ж.б.) жашаган. Айыл Кашкар тарапка товар жөнөтүүгө ынгайлуу пункт катары милдетти аткарган. Мисалы 1899-ж. ал жерден Кашкар тарапка 2614 төөгө, 44 атка, 15 эшекке арткан 30871 пуд жук (288,7 сомдук) жөнөтүлгөн. Мындан тышкары Нарын айылы аркылуу 10,0 минге жакын кой, 100 уй өтөрүлгөн. Нарын бажыканасы аркылуу жылына 5000 жакын жүргүнчү өтүп турган.
Калкынын бир бөлүгү мал багып, мал чарба продуктыларын жун, тери, кийиз жана башка ушул өндүүлөрдү Фергана өрөөнүнө кол-өнөрчүлүк аспаптарга алмашып турушкан. Нан менен жашылчаны Верный менен Караколдон, жузум м-н мөмө жемишти (өрүк, шабдаалы ж.б.) Кашкардан алып турушкан. Нарын соода пункту катары гана өскөн. 1913-ж. мында 1500 киши жашаган, 139 соода пункту 300 000 сомдук соода-сатык иштерин жүргүзүшкөн. Соодагерлерди тейлөөчү 3 кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигуучу, шайман ондоочу, 5 кустардык жөнөкөй мастерской иштеген. Чиркөө, мечит, почта, лазарет болгон. Башталгыч окуу жайында12 бала окуган.
Революцияга чейин Нарында Орусиянын башка жерлеринен саясий сүргүнгө айдалып келгендер (Викторов А., Кузнецов Д.. Неживов И., Ловрентий, Доценко В.Д., ж.б.) да жашаган. А. Викторов менен Д.Кузнецов ишенимсиз адамдар катары 1905-ж. айдалып келип, үгүт-насаат иштерин жүргүзүшкөн. Бажыкана чиновниги
В. Доценко менен доктор Ловрентий тарыхый материал чогултуп, айрыкча жапайы куштардын өтө кылдат даярдалган терилерин Орусия м-н Европанын орнитолготоруна, музейлерине берип турган. Коммерсант И. Неживов тируу айбанаттар м-н курт-кумурскаларды кармап, Европанын ажайыпканаларын (зоопарктарын) жабдып турган.
Орто Азиянын көпчүлүк шаарлары сыяктуу эле, Нарын да Чыгыш Туркөнстандан (Кашгар) Орто Азияга жүргүзүлгөн сооданын жолдорун бекемдөөдө пайда болгон. 19-кылымдын ортосуна чейин бул жерде мындай шаар болгон эмес. 1868 жылы Орто Азиянын Орус империасына кошулушу менен бул жерге орус гарнизону жайгашкан жана ушул учурдан шаардын курулушу башталат. 1917 жылдагы Октябрь революциясынан кийин Нарын Кызыл армиянын көзөмөлдүгүнө туш болгон, бирок 1920-жылы бул жерде советтик аскерлер менен ак гвардиячылардын кагылышуусу болуп өтөт. Кан төгүлгөн согуштан кийин гана шаарда совет бийлиги орногон. Граждандык согуш маалында шаарда баш калкалашкан ак гвардиячылар 1920-ж. ноябрда революцияга каршы козголон чыгарышкан. Козголонду Бишкек, Токмок, Караколдон келген отряд м-н Туркстан полкунун аскерлери баскан. Шаар 1918-жылдан уезддин, 1926-ж-дан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору болгон. 1997-ж. 15-апрелде шаардын герби (эмблемасы) бекитилген. 1997-жылдын 5-сентябрындагы Нарын шаардык Кенешинин XII сессиясында Нарын шаарынын салтанаттуу ыры (Гимни) кабыл алынган.
1939-жылга чейин шаар негизги планы жок курулуп келген. Негизги пландын 1-схемасы 1939-1940-ж. тузулгон. Ал 1950-ж толук иштелип чыгып, анда шаар аймагынын зоналарга болунушу, турак уйлордун кабаттуулугу, шаардын борбордук болугун реконструкциялоо каралган. Акыркы негизги план 1979-ж. түзүлгөн. Анда шаар курулушун Нарын дарыясынын табигый ландшафтын бойлой онуктуруу долбоорлонгон. Шаардын композициялык чордонун В.И.Ленин атындагы борбордук аянт тузгон. Борбордук аянтка улай музыкалык драма театры жана маданият уйу жайгашкан.
Бүгүнкү күндө "Нарын шаары" Нарын эркин Экономикалык зонасында жайгашып, Нарын областынын маданий-административдик борбору болуп саналат.
Дал ушул жерде мамлекеттик, жеке жана коомдук уюмдардын шаардык жана аймактык баш ийүүсүнө башкы кенселери, Кыргызстандын тышкы иштер министринин консулдук бөлүмү, Торугарт бажы башкаруусу жайгашкан.
Маданий-билим берүү обьекттеринен, көбүрөөк кызыктуусу: Нарын мамлекеттик университет, Нарын мамлекеттик облустук музейи, М.Рыскулов атындагы музыкалык-академиялык драма театры, Эл аралык Азия университети, Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасы жана Нарын медициналык колледжи болуп эсептелет.
Негизги туристтик кызыгуулар албетте жергиликтүү кооздуктарды билүү эмеспи. Нарын жана ага чектеш аймактар тан калаарлык туристтик потенциалга ээ. Анткени бул аймактын 70 пайызын тоолор түзөт, ошондуктан кооз жана көркөм ашуулар, бороондуу тоонун дарыялары, терен үнкүрлөр, карлар жана түбөлүк мөңгүлөр, тан калыштуу көлдөр жана шаркыратмалар, жана жергиликтүү маданият - бул жердин кайталангыс кооздуктарына айланган. Нарын Тянь-Шань тоолору боюнча багытталган туристтик маршруттун так башталышы болот. Бул жерде чокуларга карай көп күндүк жөө жана атчан экспедициялар, Марко Поло аркарларына жана тоо эчкилерге мергенчилик турлар жүргүзүлөт(учурда белгисиз).
Нарындын айланасы экотуризмди сүйүүчүлөрдүн чыныгы бейиши.
Балким Нарын дарыясы - жээктин жомоктогудай сулуу пейзажынан да мурда шаардын негизги ажайып туристтик жайыдыр. Тегиздикте ал тынч жана шашбай агат, тоолордо ал ийри-буйру болуп ар кандай агат. Баардык жакка өзүн катуу угузуп, ак көбүктүү агымы тоонун булун-бурчу аркылуу өтө тез агызып турат. Дарыя дайыма адреналинди эңсеген организм үчүн өтө жагымдуу боло алат. Өлкөнүн булун-бурчтарынан жана жакынкы чет өлкөдөн экстремалдарды ушундай татаалдыктагы рафтингдин категориялары өзүнө тартып турат. Суунун көбөйүү мезгили апрелден ноябрга чейин, денгээлинин өзгөрүшү жыл мезгилине жараша. Рафтинг менен машыгуучуларга адистер эн туруктуу сууда август жана сентябрдын этегинде машыгуусун сунушташат.
Шаарыбыздын экономикалык багытын турукташтыруу учун инвестициялоо колго алынып, жаны жумушчу орундарды тузуу менен туристтерди тартуу максатында Нарын шаарында 300 орундук «Корона», «Хан Тенри», «Салтанат хол» ресторандары, «Ордо этно комплекси» жана коп тармактуу «Дордой-Плаза» соода комплекси, «Комфорт», «Чолпон», «Чойбек ата», «Он Арча» соода борборлору ж-а сурот галлереясы салынып, ишке киргизилген. Административдик ж-а коомдук мекеме имараттары негизинен Ленин кочосундо жайгаштырылган. Узундугу боюнча 20 км. ден ашуун, бул көчө дүйнөнүн кайсы шаары болсо да эн узун көчөсү м-н тентайлаша алат.
1994 жылы Нарында троллейбус кыймылы ачылган. "Нарын шаары" - дүйнөдө троллейбусу бар эн кичине шаарлардын бири. 2015 жылдын январынан баштап Нарын шаарынын автовокзалынан Балыкчыга, Бишкекке жана Караколго күнүгө маршруттук унаалар каттайт, ошондой эле рейстик автобустар да каттамда бар. Балыкчыга күнүнө 1-2 жолу (жүргүнчүлөрдүн санына жараша) катташат, жол кире бир адамга 300 сом.
Бишкекке күн боюу жүргүнчүнүн каалоосу боюнча маршрутка же такси болот. Маршрутканын баасы 400сом, такси же минивенде 500сом, женил авто унаада 600 сом. Караколго болсо маршрутка биринчи күндөрү гана болот.
Каалочулардын болушу менен Ат-Башы айылына чейин маршрутка уюштурса да болот, бирок адамдардын топтолушу 2-3 саатка созулушу мүмкүн. Ат-Башыга такси менен да барса болот, бир тарап баасы 100 сом, барып кайра келсен адам башына 200 сом.
Окуу жайлары
- С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
- Нарын медициналык окуу жайы
- Нарын педагогикалык окуу жайы
- Эл аралык Орто Азия Ага хан университети
- Нарын шаарында 8 атайын орто мектеп, 8 балдар бакчасы бар.
«Нарын шаарынын келечеги кең».
Тоолуу Нарын жергесинде мейманга сыйчыл, сөзгө чынчыл, эмгекти сүйгөн жана достукка күйгөн карапайым адамдар жашайт. Климаттын оор шарттарына карабастан, окуп, иштеп, жашап, мамлекетке салым кошуп келет. Нарын элинин каармандыгына – таазим этебиз!
Туулган жердин топурагы алтын демекчи 15-сентябрда Нарын шаарынын 155 жылдык мааракесин белгилөөнүн астында турат.
155 жылдык тарыхы бар, Нарын шаарым мааракен кут болсун!
Макаланы жүктөгөн: - Uzer Админ